Боз-Бешик

Боз-Бешик, Жети-Өгүз району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Боз-Бешик
Район Кыргызстан
Координаттар 42°26′07″ с. ш. 77°57′05″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1 079 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Боз-Бешик (Кыргызстан)

Боз-Бешик Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Оргочор айыл өкмөтүнө караштуу. Оргочор дөңсөөсүнүн батыш этегинде, деңиз деңгээлинен 1686 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 17 км түндүк тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 206 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 1101 (2005); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт, маданият үйү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 1 101 киши. [1]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.