Боз үйдүн негизги жабдуулары

Википедия дан

БОЗ ҮЙДҮН НЕГИЗГИ ЖАБДУУЛАРЫ

Узанылуучу жана узданылуучу көркөм буюмдардын жалпы аталышы.

Мында үй жыгачка негизинен уук, кереге, түндүк, босого-таяк, каалга жана бакан кирет.
Үзүк, туурдук, түндүк жабуу биригип келип, боз үйдүн өрө кийизин түзөт.
Боз үйдүн эшик чийи, канат чийи, чыгдан чийи болот.
Үйдүн жип-шууларына эшме, сызма боолору кирет да, ансыз боз үйдүн жабдуулары бекитилбейт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)