Боз үйдү жүктөө

Википедия дан

БОЗ ҮЙДҮ ЖҮКТӨӨ Боз үйдүн туурдугу төрт бүктөлүп, үзүк үч бүктөлүп, унаанын белине коюлат. Эки бөлүк жүктөө мезгилинде унаанын бели талыбашы үчүн иреттүүлүк сакталат. Бир унааны адегенде эле сылай артып койбойт, үй эмеректери бир эле чакта кезеги менен бардык унааларга артылып кетет. Көчтү жүктөөдө аягында идиш-аяктарга кезек келет. Алардын үстүнөн казан көмкөрүлөт да, түндүк жабуу менен чүмкөлүп, унаанын бели тартылып, тулга бастырылып, аягында түндүк көмкөрүлөт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)