Боз үйдү сактоо

Википедия дан

БОЗ ҮЙДҮ САКТОО Мурун босого-таякка таштан, дөңгөчтөн же кыштан бут кылып, үстүнө керегелерди жаткызат.
Анын үстүнө ууктарды кынаптайт. Үстүнөн канат чий, ашкана чий, эшик чий коюлат.
Эми туурдук менен үзүктүн арасына үйдүн жип-шуулары, ички жасалгалары орун алат да, үстүнө түндүк көмкөрүлөт.
Боз үйдүн жабууларын жана жабдууларын күбөдөн сактоодо кургак жайга кармап, кез-кез күнгө жаюу, желдетүү зарыл.
Азыр оролгон кийиздин араларына нафталин сээп коюп да жүрүшөт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)