Бойла

Википедия дан

Бойлаорто кылымдардагы Кыргыз мамлекетиндеги жогорку даражадагы мансаптык башкаруу титулу. Байыркы түрктөрдө да белгилүү болгон.

7-кылымдагы рун жазмаларында билингендей Тоң-Йокуктун демилгеси менен Кутлуг өзүн Илтериш каган деп жарыялап, Тоң-Йокук бойла бага таркан, ал эми Мочжо жана Дусифу аталган кенже инилери шад, ябгу (жабгу) наамдарына ээ болушкан. Демек, бойла бага таркан – кагандын башкы кеңешчиси, иш башкаруучу башкы министр, мамлекеттик аппараттын жетекчиси титулуна дал келген.

Моңголиянын Сужа жеринен табылган рун жазуу эстелиги баалуу тарых наамалык мааниге ээ. Анда мындай маалыматтар берилет:

«Мен келдим, Уйгур жергесинде Яглакар-ханды жаа менен атып өлтүрдүм.
Мен кыргыздын уулумун.
Мен Бойла Кутлуг Ярганмын.
Мен башкаруучу Кутлуг Бага Таркандын өкүмүн аткаруучумун.
Менин даңкым күн чыгыштан күн батышка чейин угулду...».

Демек, Бойла Кутлуг Ярган (Таркан) – кыргыз аскер башчысынын мамлекеттик башкаруу иерахиясындагы титулун чагылдырган. Кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы Бойла Кутлуг Таркан (Тархан) кыргыз тартиби Борбордук Азия аймактарына орношуна жетекчилик кылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. ISBN