Болмуш (философия)

Wikipedia дан

Болмуш - күнүмдүк жашоодо "болуу", "жашоо", "бар болуу" синонимдер катары кабыл алынат. Бирок философияда алар өзгөчө мааниге ээ жана күнүмдүк жашоодогу сөздөр менен эч кандай жалпылыгы жок. Философияда “болмуш” термини чыныгы, өзгөрүлбөс жана адамдын туруктуу жашоосу жөнүндө ой жүгүрткөн философиянын онтология бөлүмүнүн негизги категориясына айланат. Болмуш философиялык категория адамдын тажрыйбалык мүмкүнчүлүгүнүн чегинен сырткары жаткан, демек адамдын аң – сезимин, адамзатынан көз каранды эмес жашоо чындыгын түшүндүрөт. Болмуш дүйнөнүн философиялык картасынын система түзүүчү принциби катары. Болмуш- дүйнөнү жалпылоодон тартып болмуштун кайталангыстыгына чейин кеңири маани берген бирден – бир фундаменталдык түшүнүк. Ушул түшүнүк аркылуу адам баласы өзүнүн бул дүйнөдөгү ордун түшүнүүгө аракет кылат. Болмуштун биринчи көз караштык маселеси жаратылыштын болмушунун бирдигинин заттардын бүтүн болмушу катары түшүнүү менен байланышкан. Экинчи сө караштык маселе чексиз дүйнөнүн биримдигин түшүнүү. Үчүнчүсү өнүгүүсүнүн ички логикасы бар жана аң- сезимге чейинки бар болгондук маселеси менен байланышкан. Демек, болмуш адамдын аң- сезиминен, эркинен, сезимдеринен көз карандысыз чындыгында объективдүү бар болгондукту түшүндүргөн философиялык категория. Болмушту чечмелөө жана аны аң- сезим менен катнаштыруу маселеси философиялык дүйнө таануунун көңүл чордонунда турат. Болмуш чындыгында бар болгон бардык нерсени өзүнө камтыган, туруктуу, өз алдынча, объективдүү, түбөлүк, чексиз субстанция катары. Болмуштун негизги калыптары: заттык болмуш, идеалдык болмуш, адам болмушу, социалдык болмуш.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Сааданбекова Ч.И.. Философиянын тарыхы. Б.:2011, ISBN978-9967-02-680-3