Болонья процесси

Wikipedia дан

БОЛОНЬЯ ПРОЦЕССИ

Баш сөз

Бул макалада азыркы учурда актуалдуу тема болуп, билим берүүгө тиешеси болгон ар бир кишинин көңүлүн буруп келе жаткан Болонья процесси тууралуу сөз болмокчу. Болонья процесси деген эмне? Ага өтүүнү шарттаган эмне эле? Эмнеге европалыктар бирдиктүү билим стандарттарына көңүл буруп жатат? Бирдиктүү билим берүү системасында колдонулган критерийлер, баалоо системасы кандай болот? Европа Кредит ташуу системасы деген эмне? Эмне үчүн Болонья процесси бизди кызыктырат? Сократес жана Ерасмус программалары, ЕКТС эмнени түшүндүрөт? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп изделет жана билим берүүдөгү реформалардын маани маңызын кыскача түшүндүрүү көздөлөт. Изилдөөдө Европа Биримдигине мүчө болгон өлкөлөрдүн билим берүү тармагында бирдиктүү система алдында баш кошушу, анын мааниси тууралуу кыскача сөз болот. Биздин өлкөбүздөгү билим берүү системасынын жаңылануу жана билим берүүдө мектептерде, жогорку окуу жайларында билимдин мазмунун өзгөртүү талабы, окуу жайларында окутулуп үйрөтүлүп жаткан билимдин сапаты күнүбүздүн талаптарына ылайык болбой жаткандыгы тууралуу ар бир атуулдун кайгысынан улам ортого чыгып жатат. Өнүгүп келе жаткан өлкөбүздүн атуулдарын келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн атуулдары менен билим, технология, жашоо стандарттарын жакшыртуу, өндүрүштү чоңойтуу ж.б. маселелерде жарыша алуусу сыяктуу билимге, билгичтик жана көндүмдөргө ээ кылуу баарыбыздын милдетибиз. Бул маселелердин чечилүүсү үчүн эмнелерге көңүл буруу керек, Европа моделин алсак болобу? Болонья процессине кирүү үчүн эмнелер керек? Бирок биз материалдык- техникалык жактан буга даярбызбы? Мугалимдерибиз, окутуучу кадрларыбыз буга даярбы? Студентттерибиз буга даярбы? Сабактар кандай типте окутулушу керек? д.у.с. деген сыяктуу суроолор туулат. Бул суроолорго жооп издөө үчүн Болонья процессинин кандай түрдө иштей турганын жана биз үчүн ыңгайлуу болгон тараптары тууралуу азын оолак сөз кылдык. Орток баалуулуктары болгон жана бириккиси келген Европа Биримдиги ичинде атуулдардын «тил үйрөнүү, мүчө болгон өлкөлөрдүн күнүмдүк жашоо жана маданияттарынын бири биринен үйрөнүүсү, башка бир жерде, башка өлкөлөрдүн атуулдары менен бирге иштей алуу жөндөмүнүн, көндүмдөрүнүн калыптануусу» сыяктуу темалар өсүп келе жаткан жаштардын аймактын татыктуу атуулдары болуусу үчүн өтө маанилүү болуп саналат.
Европанын биригүү процессинде, билим жана маалымат информатика) дооруна ылайык коом жана иш тармактары, сапаттуу иш күчү, жогорку жашоо стандарттары жана демократия үчүн күрөшө алган, жарыша ала турган жаштарды тарбиялоо билим берүүгө түздөн- түз тиешелүү темалар болуп, ар дайым көңүл борборунда орун алып келген. Европа өлкөлөрү да дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөй эле чечилүүсү татаал болгон социалдык жана экономикалык проблемаларды башынан өткөрүп жатат. Бул маселелерди чечүүдө, дайыма өзгөрүп турган абалга ыңгайлаша алган, түрдүү көндүмдөргө ээ (ар тараптуу өнүккөн), интеллектуалдык негизи болгон, керектүү билим булактарына жетише алган, ар дайым үйрөнүүнү каалаган атуулдардын даярдалышы жана аларга билим берүү өзгөчө маанилүү орунда турат. Ушул себептерден улам, билим берүү иши - Европа Биримдигинин маани берген, көп көңүл бурган темаларынан болуп саналат. Албетте, мунун жыйынтыгы болуп, билим берүү 7- февраль 1992 -жылы Маастрик келишиминин 126- жана 127- статьяларында (бап) жазылган жана Европа Бирлигинин эң башкы, тез арада чечилүүсү керек болгон актуалдуу темасы абалына келген.

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ

СОКРАТЕС Европа Биримдиги бул эң маанилүү актуалдуу теманы турмушка ашыруу үчүн көптөгөн программаларды иштеп чыккан. Алардын бири СОКРАТЕС программасы болуп эсептелет. Европанын билим берүү программасы катары практикаланып баштаган бул программанын негизги максаты: окуучуда жана атуулда бирдиктүү Европа түшүнүгүн өнүктүрүү. Атуулдарды жаңы кылымдын көп түрдүү кыйынчылыктарын туура кабыл алган, окуяны дагы жакшыраак анализдеп, өз мамилесин билдире ала тургандай, түрдүү маселелерге жооп берүүгө даярдоо жана алардын өмүр бою үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү. Билим алууга бардыгын тартуу жана бардык атуулдарда болушу керек болгон көндүм жана сапаттардын үйрөнүлүшүнө жардам берүү сыяктуу максаттар белгиленген. Билим берүүнүн бардык тармагында Европада биргелешип иштөөнү негиз кылып алган СОКРАТЕС программасында бул чогуу иштөө студенттерди жана мугалимдерди, курсанттарды алмашуу, биргелешип проектерди түзүү, пикирлерди бөлүшүү, ийгиликтүү жана жаңы практикаларды пайдалануу үчүн Европа билим торчосун/ интернет сайт куруп, чогуу иштөө жана салыштырып анализдөө сыяктуу формада турмушка ашыруу пландалган. СОКРАТЕС программасынын 1- баскычында (Сократес 1) (1995-2000) турмушка ашкандар төмөндөгүлөр:
- 316000 ЖОЖ студенти, (өндүрүштөн чыкпай туруп), (күндүзгү) билимдеринин белгилүү бир бөлүмүн башка СОКРАТЕСке катышкан өлкөдөгү университеттерде улантышкан.
- 26000 ЖОЖ мугалими жана ассистент бул системага кирип, башка өлкөгө барып иштеп келишкен.
- 80000 жаш Европада сүйлөнгөн башка бир тил аркылуу байланыш куруу үчүн атайын түзүлгөн проекттерге, программаларга катышып тил үйрөнүшкөн.
- 5000 мектеп, лицей арасында 1620 кызматташтык келишим түзүлгөн.
- 1800дөн ашуун ЖОЖдун катышуусу менен университеттер арасында 2673 кызматташтык программасы түзүлгөн.
СОКРАТЕС 1 программасынан алынган бул ийгиликтүү натыйжалардан улам, Европа Парламенти жана Европа Биримдиги Министрлер кабинетинин биргелешип чыгарган чечими менен 2000- жылы январь айында СОКРАТЕС программасынын 2000-2006 - жж. арасында 2. баскычы (Сократес 2) пландалган жана ушул учурда ишке ашырылууда. СОКРАТЕС 2нин чогулушунун токтомунда программанын биринчи баскычынан өзгөчөлүнүп, колдоого алына турган иш чараларга орун берилген. Бул программага катыша ала тургандар (ким экени белгиленген, комиссия менен буга мүчө болгон өлкөлөрдүн арасында милдет жана жоопкерчиликтер бөлүштүрүлгөн, иш чаралар менен башка программалар) арасында төп келүүчүлүк, толуктоочулук, улантуучулук, баалоочулук иштерине айрыкча маани берилген. Сократес 2 нин максаты төмөндөгүдөй:
- Билим берүүнүн ар бир баскычынын бүт Европа аймагында колдоого алынуусу;
- Европанын бардык жеринде тең укуктуулуктун колдоого алынуусу;
- Эл аралык Билим булактарын пайдаланууда же¾илдик берүү; - Е.Б. ичинде тил үйрөтүүнүн сапаттык жана сандык өнүгүүсүнүн колдоого алынуусу аркылуу билим берүүнүн маданияттар арасында, б.а. бүтүндөй Европа аймагында жашаган эл арасында түшүндүрүлүшү.
- Билим берүү тармагында окуу жайлары жана мекемелер арасында тажрыйба алмашууга шыктандыруу. Мындан башка да:
- Сыртан окуу мүмкүнчүлүгү;
- Дипломдордун жана иштөө убактыларынын кабыл алынуусу, таанылуусу;
- Билимдерин, тажрыйбаларын бөлүшүү ишин өнүктүрүү үчүн түрдүү тоскоолдорду жеңип, дагы күчтүү кызматташтык түзүлүүсү;
- Билим берүү, окутуу практикасын жана материялдарын даярдоодо; өнүктүрүүдө жаңыча жолдорду жана технологияны пайдалануунун колдоого алынуусу менен бирге, билим тармагында орток, бирдиктүү саясат жана кызыкчылыктардын такталып жазылышы СОКРАТЕС 2нин планында белгиленген.
Сократес програмасына:
- Орто мектеп жана Университетте окугандар;
- Мугалимдер жана билим берүүгө тиешеси бар персоналдар;
- Бардык билим берүү мекемелери, окуу жайлары;
- Билим берүү системалары жана политикаларына тиешелүү бардык жергиликтүү, борбордук жана улуттук мекемелер же жеке кишилер;
- Менчик) жана мамлекеттик мекемелер;
- Билим берүү тармагында тиешеси болгон окуучу, мугалим, ата-энелер;
- Жумушчу, иш ээси, фирма өкүлдөрү, соода өкүлдөрү;
- Билим берүү анализинде магистрлерди даярдаган илим изилдөө борборлору;
- Соода палаталары, профсоюздар жана фирмалар;
Бул программага киши же курулуштар проект берип, катыша алышат. СОКРАТЕС программасы 8 бөлүктөн турат.
1. Комениус башталгыч жана орто мектепте билим берүү;
мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарынын, ар тараптуу интернет сайттардын ачылышы, биргелешкен кадрларды активдештирүү маселелерин камтыйт.
2. Ерасмус ЖОЖ окуу программаларына байланыштуу;
3. Грандтвич жетилгендерге билим берүү жана башка билим берүү жолдору;
4. Лингуа Европа тилдерин үйрөтүү;
5. Миневра билим берүүдө маалымат жана байланыш технологиясы 6. Байкоо жана жаңылыктар билим берүү системаларына жана саясаттарына байкоо жүргүзүп изилдөө;
7. Өзара кызматташтык башка билим берүү программалары менен чогуу жүргүзүлгөн иш чаралары;
8. Көз салуу, көңүл буруу иш чаралары - СОКРАТЕС программасынын бөлүктөрү болуп саналат.

Сократес программасын негизинен Европа Комиссиясы жетектейт. Программанын ишке ашуусу үчүн комиссия үч бөлүктөн турат. Алар:
- Сократ комитети;
- Улуттут Агенстволор;
- Техникалык жардам офиси.

ЕРАСМУС
СОКРАТЕС программасынын экинчи бөлүгү ЕРАСМУС болсо, СОКРАТЕС программасынын Жогорку билим берүү бөлүмүнө берилген ат. 2000- жылы 24- январда кабыл алынган жана ал 2006- жылынын аягына чейинки бир убакытты камтыйт. «Студенттерди Европага алып келүү, Европаны бүт студенттерге алып баруу» ЕРАСМУСтун негизги девизи. Ошондуктан программага катышкан студенттердеги кыймылдуулук өтө маанилүү. Бирок Европадагы студенттер арасында кыймылдуулуктун бара- бара артышынан улам, студенттердин өз өлкөсүнөн сырткары университеттерден алган билимдеринин өз өлкөсүндөгү ЖОЖ тарабынан кабыл алынуусу же алынбоосу орчундуу маселеге айланган. Ерасмуска 28 өлкө кирет. Булардан 15и Европа Бирлигине мүчө өлкөлөр, 3 ЕЭЗ (Европа Экономикалык Зонасына/ Аймагы) мүчө өлкөлөр (Исландия, Лейхтеншайин, Норвегия) жана Венгрия, Румыния, Чех Республикасы, Словак Республикасы, Польша, Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Словения. Мальта, Кипр жана Түркиянын Ерасмус программасына катышуусуна уруксат берилген.
Ерасмус төмөнкү иш чараларды колдойт:
- Жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатылышы жана Европа аймагында сапатын чындоо.
- Университеттер арасында эл аралык кызматташтыкка колдоо көрсөтүү.
- Студент, курсант жана мугалимдерди алмашуу . 3-12 айлык курстар студенттерге стипендия берүү;
- Билим берүү программаларын өнүгүүсү үчүн биргелешип иштөө жана проекттерди түзүү;
- Бул иштерден жана проектерден алынган жыйынтыктарды жайылтуу жана турмушка ашыруу;
- Европа өлчөмүндө (стандарт) факультеттер жана бөлүмдөргө тиешелүү маалымат-сайттарды уюштуруу;
- Тил курстары жана интенсивдуу курстар;
- Европа Кредит Ташуу Системасына колдоо көрсөтүү;
- Билим үчүн бир өлкөдөн экинчисине барып келүү;
- Магистр жана Докторантура программалары;
- Жайкы мектептер.
Ерасмус программасы бардык Жогорку Окуу Жайларына, ар баскычта билим алууга жана ар бир сабакка ачык бир программа болуп эсептелип, билим берүүнүн улантуучулук принцибинде иштейт.
Ерасмуста үч программа бар. Ал программалар төмөнкү иш чараларды карайт:
- Ерасмус 1.- Европа Университеттер арасында кызматташтык;
-Ерасмус 2.- Университеттердин студенттеринин жана мугалимдеринин алмашуусу;
- Ерасмус 3.- Тематикалык, тармактык байланыштар. Ерасмус программасындагы үч иш аракеттин ичинде болуш, ага катышыш үчүн Жогорку окуу жайынын Сократес программасын колдонгон өлкөлөрдөгү университеттер менен келишим түзүүсү керек. Сократес программасындагы иш чаралар борбордук инсан ресурстарына байланыштуу.


Ерасмус программасына катышуу жана проект тандоо иштери кандай болот?
- Арыздардын белгилүү бир датага чейин жазылышы (М: 2003. ноябрь) жана Европанын 11 расмий тилинин биринде формалар толтурулушу керек.
- Программанын колдоо көрсөтүүсүн талап кылган проект жана иш чаралар алар үчүн белгиленген шарттарга ылайык болуш керек.
- Программага катышуу үчүн Европа Биримдиги же Европа Экономикалык Зонасы өлкөлөрүндөн болушу зарыл. Эгер ЕБ мүчөсү болбосо, ошол мүчө өлкөлөрдүн бирөө менен кызматташтык түзүү шарт.
- Программага катышуу үчүн арыз берген кишилер ошол өлкөлөрдүн атуулу болушу же ошол өлкөдө убактылуу жашоого укугу бар болгондор, качкындар же мекенсиздер болушу керек.
Программанын колдоого алынуусу үчүн, проектердин белгиленген максаттарга ылайыктуу болушу жана улуттук агенттиктердин белгилей турган кошумча критерийлери бар, алар программаларга жараша көбөйөт. Ерасмус 1. Ерасмус 3. – ЕБ комиссиясы аркылуу башкарылат. Ерасмус 2. Университеттердин өзара студентерди жана мугалимдерди алмаштыруусу, ошол өлкөлөрдүн инсан ресурстарына байланыштуу жүргүзүлөт.

Ерасмус 1 жана Европа университеттери арасында кызматташтык - Студент же университеттин окутуучу персоналын алмаштырууну уюштурууга арналган кеңири жана интенсивдуу курстар;
- Бирдиктүү окуу программасын даярдоо жана практикалануусуна багытталган программалар;
- Орто жана жогорку деңгээлде окуу программаларынын даярдалуусу үчүн бирдиктүү проектерди жазуу;
- Европа модулдарынын өнүгүүсү үчүн бирдиктүү проектер;
- Окуу программасын даярдоо проектердин практикалануусу жана жайылтуулусуна ылайыкталган проекттер;
- Европа Кредит Ташуу Системасына өтүү сыяктуу иш чаралар аткарылат.
Студенттерди жана университеттердеги окутуучу персоналдарды алмаштыруу ишин уюштурууда ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жазылган проектерге колдоо көрсөтүлөт.

Интенсивдуу программалар
Булар түрдүү ЕКТСке (Европа Кредит Ташуу Системасына) катышкан өлкөлөрдөн келген университеттердин студенттери жана мугалимдери чогулуп окуган кыска мөөнөттүү программалар болуп саналат. Бул программада:
- Чектүү санда университеттерде окутулган, үйрөтүлгөн же эч үйрөтүлбөгөн бир теманын таасирдүү жана көп тилдүү түрдө үйрөтүлүшү;
- Студенттердин жана мугалимдердин көп улуттуу группаларда чогуу иштешип, ар бир окуу жайында мүмкүн болбогон, бирок мындай көп маданияттуу бир жерде окуп, иштеп алардын өздөрүндө окутуу үйрөтүү шарттарынан улам алган тажрыйбаларынан пайдалануу;
- Жаңы перспективалардын кабыл алынышы;
-Окутуучу кадрлардын тажрыйбаларын жана окутуу методдорун (эл аралык) көп улуттуу аудиторияларда көрсөтүү максаты коюлган. Түрдүү катышуучу өлкөлөрдүн университеттеринин студенттерин жана мугалимдерин бириктирген интенсивдүү программалар 10 күндөн 3 айга чейин узартылган мөөнөттө ишке ашырылат. Белгилүү бир темада перспективанын өнүктүрүлүүсү жана окутуу техникаларынын салыштырылуусуна мүмкүнчүлүк берген интенсивдүү программалар эч болбосо 3 катышуучу өлкөнүн университеттеринин өкүлдөрүн бир жерге чогулган болот. Изилдөө иштери жана конференциялар мындан тышкары калат.

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ
Европа жогорку билим берүү тармагында структурасын өзгөртүү Европа Биримдиги үчүн өзгөчө маанилүү. «Европа Биримдиги» деген ойдун турмушка ашуусу үчүн ага мүчө өлкөлөрдүн Жогорку билим берүү системалары арасында өзгөчөлүктөрдөн улам, келип чыга турган кыйынчылыктарды жеңүү үчүн алдын алуу жана анын аркасынан жогорку окуу жайлары арасында окшоштуктар менен кызматташтыктын көбөйтүлүүсү керек. Ушундан улам, Европа Биримдигинде эң биринчи Жогорку Билим Берүү системасында турмушка ашыра турган 4 маанилүү тема белгиленген. Булар:
- Жалпылаштырылган бирдиктүү Европа кредит системасы;
- Дипломдор үчүн бирдиктүү бир структура белгилениши;
- Билимдин сапатын контролдоо жана баалоо;
- Студенттерге жаңы билимди үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүнүн берилүүсү;
Ерасмус Европа Жогорку билим берүү тармагында окуу программасын практикалоо чечимин кабыл алганга чейин көптөгөн маанилүү баскычты басып өткөн. Эми ошол тарыхына кайрылалы.
«Магна Чарта». 1988- жылы 18- Сентябрде Италиянын Болонья шаарында Болонья Университетинин 900 жылдыгына Европанын түрдүү университеттеринен 430 ректор «Магна Чарта» келишимине кол коюшкан. Ал аркылуу,
- 2000 жылга чейин, адам баласынын келечегинин эң көп маданий, илимий жана технологиялык өнүгүүгө тыгыз байланыштуу болгону;
- Мунун болсо, чыныгы Университеттерде болгону; маданият, билим жана илим изилдөө борбору аркылуу турмушка аша турганы;
- Университеттердин негизги милдеттеринен бири, болгон жаш муундарга билим берүүнүн, жалпы коомго кызмат кылуу дегенди билдиргендигин жана
- Коомдун маданий, социалдык жана экономикалык келечегинин үзгүлтүксүз билим берүү үчүн олуттуу инвестиция жасоо керектиги баса белгиленген.

Сорбонн Декларациясы
Жогорку билим берүү системасында структуралык жактан керектүү өзгөртүү киргизилүүсү үчүн 1998- жылы 25- майда Сорбонн Университетинин 800 жылдык юбилейинде Франция, Германия, Италия жана Англия билим берүү министрлери Европа Биримдиги жактан, өткөн 40 жылдык мезгил ичинде калыптанган экономикалык, соода жана финансы жактан бирдикке барышат же бири-бирине жакындашат. Бул структураны колдой турган бир ЖОЖ моделин түзүү максаты менен Сорбонн Декларациясына кол коюлган. Сорбон Декларациясы аркылуу университеттердин, Европаны маданият жагынан өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу баса белгиленген. Декларацияда белгиленген башка маанилүү нерсе – Европалык атуулдардын бүт аймакта эч тоскоолсуз эркинче кыдырып, иштей алуусу жана Европанын өнүгүүсүнүн бирден бир жолу катары, бир бүтүн Европа Жогорку билим берүү тармагын түзүү деп белгиленген.


Болонья Декларациясы
1999-жылы-19-Июнда Европадагы 29 өлкөнүн Билим берүү министрлери Болонья Декларациясына кол коюшкан. Тартиптүү, чечкиндүү, адилет жана демократ коомдун структурасын кубаттандыруу, бекемдөө үчүн билим берүүдө кызматташтыктын мааниси сыяктуу ойдо баардыгы бирдей макул болуп, кол коюлган Болонья Декларациясында төмөндөгү темаларга көңүл бурулган:
- Дипломдун кошумча барагынын (титульный лист) кошо берилип башталышы менен бирге, университеттер арасында бирдиктүү бир структура түзүү.
- 3 жылдан аз эмес мөөнөттүк бакалавр жана магистр даражаларынын бүт Европа өлкөлөрүндө кабыл алынуусу.
- Европа Кредит Ташуу Системасынын (ECTS) бүт Европа аймагында жайылтуу менен бирге бүт аймакта өмүр бою үйрөнүү маселесине көңүл бурууну жакшыртуу.
- Жогорку Билим берүү тармагында сапаттуу өзгөчөлүктө бирдиктүү Европа стандартын түзүү, калыптандыруу.
- Бардык бул иш аракеттердин башталышы үчүн тоскоолдорду жок кылуу.

Прага чогулушу Болон чолугушунан кийин 2001-жылы Европанын 32 өлкөсүнүн Билим Берүү Министрлеринин катышуусу менен Жогорку Окуу Жайлары боюнча Прагада чогулуш болгон жана анда:
- Бүт дүйнөдөгү студенттердин билим алуу үчүн Европага тартылуусу жана Европанын өзүнүн ичинде кыймылдуулуктун артышы, көбөйүшү,
- Европа Университеттеринин сапаттык стандарттарынын көтөрүлүүсү чечимин кабыл алышкан.

Берлиндеги жолугушу Болон процессинин уландысы катары 2003-жылы 18-19-Сентябрда Берлинде Европадагы Билим Берүү Министрликлеринен Жогорку билим берүү боюнча жооптуулары чогулушка катышкан. Мында Европа Жогорку Билим Берүү тармагынын Болон процессинин кийинки багытттары, биринчи этапта аткарыла турган иштер талкууга алынган.

Академиялык кыймылдуулук Түрдүү иш аракеттер менен бирдикте Жогорку Окуу Жайлардын жетекчилеринин, ЖОЖнын окутуучу кадрлардын (проф.окутуучу курамы) жана студентерди алмашууну колдогон Ерасмус программасы бүт ЖОЖ жана анын баскычтары, түрдүү сабактар үчүн ачык программа болуп саналат.
Академиялык кыймылдуулук жана анын натыйжасында диплом даражаларынын кабыл алынуусуна тиешелүү иштер да көп убактан бери практикаланып келген.
ЮНЕСКО 1969-1981 жылдарда 2 айда бир жолу басылган «Чет өлкөдө билим» журналында бүт дүйнөдөгү улуттук Жогорку Окуу Жайларынын системасын тааныткан статьялар даярдап, бул да бара бара актуалдашкан «Дүйнөдөгү Жогорку Окуу Жайлары Тууралуу Маалымат» китебин даярдоого негиз түзгөн. 1964-жылы ЮНЕСКО орто мектепти бүтүргөндүгү тууралуу аттестат (сертификат менен университеттердин дипломдорунун тең укуктуулугу жана кабыл алынуусу тууралуу иштешип, «Эл аралык Бир стандарттын болушу» деген максат коюлган.
Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр бул темага байланыштуу, көптөгөн маселелердин бар экенин белгилеп, маселени ар бир аймак боюнча карап көрүү, дагы ийгиликтүү натыйжа берээрин билдиришкен. Мунун натыйжасында эң биринчи 1974-жылы «Латин Америкадагы жана Караиблердеги Жогорку окуу жайлардын иш аракеттеринин, Дипломдорунун жана Даражаларынын кабыл алынуусу келишимине» кол коюлуп, мунун артынан 1980-жылдардын баштарына чейин 5 аймакта келишим түзүлгөн. Булар:
- Жер Ортолук Деңизи менен чектешкен Араб жана Европа өлкөлөрүндөгү ЖОЖ иш аракеттеринин, Дипломдордун жана даражаларынын кабыл алынуусу келишими (1976)
- Араб өлкөлөрүндөгү ЖОЖ иш аракеттеринин Дипломдорунун жана даражаларынын таанылуусу (1978) келишими.
- Европа аймагындагы ЖОЖ иш аракеттеринен, Дипломдорду жана даражалардын кабыл алынуусу келишими (1979.
- Африка өлкөлөрүндөгү ЖОЖ иш аракеттеринин, дипломдордун жана даражалардын кабыл алынуусу келишими (1981.
- Азия жана Тынч океан жээгиндеги өлкөлөрдүн ЖОЖдордо иш арекеттеринин, дипломдордун жана даражалардын кабыл алынуусу келишими (1983.
1993-жылы ЮНЕСКОдо өткөрүлгөн конференцияда ЖОЖдо окутуу жана билим берүү иштеринин кабыл алынуусу үчүн кээ бир сунуштар киргизилип бул конференцияда кабыл алынган токтомдордун эл аралык де¾гээлде практикалануусу жактырылган.
Европа Биримдиги менен ЮНЕСКО, Европа аймагындагы ЖОЖдорго тиешелүү диплом жана даражалардын кабыл алынуусу боюнча 1997-жылында-11-апрелде Лизабон келишимине кол коюлган. Мындан сырткары, Европадагы түрдүү мекемелер дипломдор жана даражалардын кабыл алынуусу тууралуу кызматташууда. Булар:
- Европа биримдиги
- Европа кеңеши /консейи
- ЮНЕСКОнун Европа аймагы (CEPES- Европа ЖОЖ борбору)
- Скандинавия Министрлер кенеши болуп саналат.
Карадеңиз Экономикалык кызматташтык келишимине мүчө болгон өлкөлөрдө да, диплом жана даражаларынын өз ара кабыл алынуусу тууралуу иштерге киришилип башталды.
Европа аймагында диплом жана даражалардын кабыл алынуусу тууралуу дайыма маалымат топтоп жана жайылтып турган эки группа иштейт.
Булар- Европа кеңеши менен ЮНЕСКО колдогон, жардам берген ENIC (Европа Улуттук Маалымат борбору жана Академиялык кыймылдуулукту башкаруу борбору) Network жана Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынган NAPUC (Улуттук Акедемиялык Маалымат кабыл алуу борбору) бар.
Улуттук Агенттиктер (борборлор)
Европа Бирдиги Комиссиясынын токтомдоруна ылайык, Европа Биримдигинин мүчөсү же мүчөлүккө талапкер бир өлкөдө ЕБ Билим берүү программаларынын башталышы үчүн Улуттук Агенттик деп аталган бир уюм курулушу керек. Улуттук агенттиктер, катышуучу өлкөлөрдүн ЕБ билим берүү жана Жаштык программаларын пайдаланган өз иштерин уюштуруу жана жүргүзүүчү борборлор болуп эсептелет.
Булардан башка Европа Комиссиясы академиялык кыймылдуулукта жеңилдик жасоо үчүн Европа Кредит Ташуу Системасы (EСTS) даярдаган. Бул структуралардан улам студенттер чет өлкөдө билим алып келгенден кийин, ал билимдин өз өлкөсүндө Жогорку Окуу жайлары тарабынан кабыл алынуусуна байланыштуу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн Европа Кредит Ташуу Системасын (ECTS) иштеп чыгышкан.

ЕВРОПА КРЕДИТ ТАШУУ СИСТЕМАСЫ
ЕКТС деген эмне? ЕКТС - студенттердин чет өлкөдө алган жана сынагынан өткөн сабактын кредиттеринин бир окуу жайынан башкасына өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берген система болуп саналат. Бул системада академиялык календарлар (жарым жылдыктар) кредиттер менен өлчөнөт. Муну практикалоодо бир академиялык (окуу) жылда (эки жарым жыл) билим алууга 60 кредит, бир жарым жылда 30 кредит берилүүдө. Бир жылда үч жарым жылдык окууну практикалаган Жогорку окуу жайларында ар бир семестрде 20 кредиттик сабактар берилет. ЕКТС кредиттери бүтүн сандар болуп берилүүдө европалыктар 1.83 сыяктуу бөлчөктүү сандардан качып жатышат. Бирок өтө зарыл убакта жарым сандар (1.5) колдонууда.
Ерасмус боюнча жаңыдан келишим түзгөндөн кийин Европа Жогорку билим берүү тармагында студенттердин кыймылдуулугуна өтө чоң маани берүүдө. Бирок Европа өлкөлөрүнүн Жогорку билим берүү системасындагы кээ бир айырмачылыктар бар. Студенттердин чет өлкөдө алган билиминин өз өлкөлөрүндөгү ЖОЖ мекемелеринде кабыл алынуусу үчүн кээ бир түзөлтүү, уюштуруу иштери жүргүзүлүүсү зарыл. ЕКТС эмне үчүн керек?
Университеттеги өзгөчөлүктөр:
- Европада азыр практикаланып жаткан Жогорку билим берүү системасынын саны өлкөлөрдүн санынан көп.
- Жогорку билим берүү системалары окуу мөөнөтү, түрү жана камтыган тармагында айырмачылыктар.
- Бакалавр даражасына тиешелүү жогорку окуу жайларынын программалары менен бирге, кесиптик техникумдарга окшош (кесиптик жогорку мектептер) болуп жана алар арасында горизонталдуу (башка бөлүмгө) жана тике (вертикалдуу) түрдө которулуунун ишке ашырылышы; - Жогорку окуу жайына кирүү системаларында айырмачылыктар болушу;
- Програмаларда академиялык календардын түрдүүлүгү (сабактардын жылдык, жарым жылдык болушу). Сабактардын өзгөчөлүктөрү (милдеттүү же тандоо боюнча болушу) жана билимди өлчөө, баалоо жолдору (дайыма билимди баалоо же жыл аягында бир гана сынак аркылуу баалоо) арасында айырмалардын болушу.
-Билим берүү программаларынын структурасы, мөөнөтү жана берилген дипломдордун түрлөрү арасында айырмачылыктардын болушу буга мисал боло алат.
- Европа Өлкөлөрүндөгү Жогорку Билим Берүү системаларынын структурасында айырмачылыктардын болуусу.
- Кээ бир өлкөлөрдө Жогорку окуу жайлары бир гана башкармалыкка баш ийип жатса, башка өлкөлөрдө университеттер жана университетке тиешелүү болбогон окуу жайлары (техникум, училище) башка башкармалыкка баш ийгени же бириккени байкалган.
- Жогорку билим берүү системаларынын эки же үч баскычтуу болушу. (Мисалы, Германияда университеттер 4 же 5 жылдык болуп, андан кийин аспирантурага кире алса (2) жыл. Англо-саксон системасында бакалавр, магистр жана докторантура болуп, Жогорку Билим алуу үч баскычтуу системага мисал боло алат).
-Колдонулган терминологияда айырмачылыктардын болушу; (даражадагы айырмачылыктар сыяктуу.
- Кээ бир жогорку билим берүү системаларында бир тармакта жалпы билим берүүгө багытталса, башкаларында 1- курстан баштап эле тереңдетилип билим берилүүсү.
- Улуттук Жогорку билим берүү системаларында түрдүүлүктөр буларга мисал боло алат.
ЕКТС кредиттери боюнча бир сабактын ийгилүктүү тапшырылышы үчүн студенттердин жасай турган иштеринин баарын (теория, практика, семинар, жекече иш, сынак, тапшырма ж.б.) билдирген, ичине алган өзгөчөлүк болуп саналат. Бул өзгөчөлүк, ар бир сабактын бир ЖОЖдо, бир окуу жылында толук түрдө бүтүшү үчүн керектүү болгон жалпы иш жүгүнүн канчалык (лекция, практикалык сабак, лабораториялык, өндүрүштүк практика) болушун ичине алганын көрсөтөт.
ЕКТС эң биринчи эки башка өлкөнүн ЖОЖдор арасында бири бирине өтүү үчүн жазылганына карабастан, бир эле ЖОЖдун ичинде, же бир өлкөдөгү түрдүү ЖОЖдор арасында да практикалана берет.
ЕКТС эң биринчи ЕРАСМУС программасынын (1988-1995) негизинде курулган. Башында Европа Бирлигине мүчө өлкөлөр менен Европа экономикалык Аймагы (ЕЭЗ) өлкөлөрүндө негизги аты берилген, 145 ЖОЖду ичине алган жана болгону 5 программада (Менеджмент /башкаруу), Химия, Машина инженердиги, Тарых жана Медицина) практикалоо үчүн 6 жылдык бир мөөнөткө бир пилот проект болуп башталган.
1999 –2000 жылдан баштап ЕБ, ЕЭЗ, Кипр, Борбордук жана Чыгыш Европа Өлкөлөрү Коомдорунда 1200 билим берүү мекемесинде (5000-6000 бөлүм –факультет) студенттерди алмашуу үчүн ЕКТС системасы колдонулууда.
ЕКТС менен келечекте:
- Кишилердин өмүр бою, түрдүү жерлерде, түрдүү убактарда алган билимдерин кредиттештирүүсү.
- Бул кредиттердин бириккени, кишилердин түрдүү тармактарда иштей алуусунда, кийинчерээк билимин улантууда бир критерий катары колдонулушу аркылуу жайылтуу пландаштырылган.
ЕКТСнын өзгөчөлүктөрү ЕКТСнын башка студенттердин кыймылдуулугунан айырган эң маанилүү өзгөчөлүгү, чет өлкөдө билим ала турган студенттердин, чет өлкөдөгү университеттин өз студенттери менен бирге сабакка кирүүсүнө уруксат берүүсү. Ушул жол менен студенттер башка университеттин академиялык билим алуу турмушуна активдуу аралашып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүсү анын өзгөчөлүгү болуп саналат.
ЕКТС боюнча чет өлкөдө билим алган студенттер, бир гана кыска мөөнөт үчүн эле эмес, ошол барган университеттеринде эгер кааласа ошол программаны бүтүргөнгө чейин калса болот, кааласа үчүнчү ЖОЖго да өтүп кетүүгө укугу бар. Ушул сыяктуу талаптардын кабыл алынып-алынбашы, диплом алуу же башка университеттерге которулуу шарттарынын белгилөө, ошол келишимге кол койгон университеттердин чече турган маселеси. Жогорку окуу жайлары, конок студентердин окуудагы ийгилигине тиешелүү бүт темаларда чечим чыгара алат. Баардык маселе боюнча мекемелер, бар болгон сабактардын структураларында жана баалоо методдорунда ар кандай өзгөрүү жасалбайт, өз студенттери сыяктуу эле сабактардын жана сынактардын баары конок студенттерге да өткөрүлөт.
Милдеттүү жана тандоо боюнча сабактардын баарына ЕКТС кредиттери берилет.
Бул программа боюнча окуп, окуусун бүтүрүү үчүн милдеттүү түрдө дипломдук иш, курстук иш, проект даярдоо жана өндүрүштүк практикада болууга да ЕКТС кредиттери берилиши керек. ЕКТС сабактын саатына эле эмес, ошол сабакка байланыштуу бүт иш жүгүн камтыйт. Сабак теориялык түрдө болсо анын сааты менен кредит бирдей болот. ЕКТС эч кандай сабактын деңгээлин аныктабайт же оордук, татааалдыгы менен эч кандай байланышы жок. Сабактын деңгээли, ошол университеттин китепчесинде белгиленген. Китепчеде ошол сабактын мазмуну, өтүлүү методу, баалоо түрү (сынак, тапшырма, семинар саны, түрү ж.б.) сыяктуу маалымат берилет. ЕКТС аркылуу студенттердин: - Чет өлкөдө билим алгандан кийин ошол кредиттердин жана даражалардын академиялык жактан кабыл алынуусуна; - Студенттердин чет өлкөдө кыска мөөнөт үчүн эле эмес, кааласа барган университеттерге окуусун бүтүргөнгө чейин калуусуна мүмкүнчүлүк берилет. ЕКТСсынын окуу жайларына берген мүмкүнчүлүктөрү - Сабактын пландары, сабактын мазмуну тууралуу так жана кеңири маалымат берилет. - Академиялык жактан кабыл алынуусу, таанылуусу боюнча профессорлорго, мугалимдерге жардам берет. - Сабактын планынын структурасы, студенттердин сабактарынын жүгү жана билим алуу менен бирге үйрөнгөндөрүн кайрадан карап чыгууга жардам берет. Европада көп түрдүү балоо системасы колдонулат. Студенттердин чет өлкөдөгү университеттерден алган баалары өз өлкөлөрүндө оңой түшүнүлүшү үчүн бир ЕКТС баалоо системасы даярдалган. Бирок бул баалоо системасын башкы максаты ЖОЖдорго кошумча маалымат берүү. Бирок, ошол Жогорку Окуу жайынын баалоо системасынын ордуна бул маалыматта белгиленген баалоо системасын колдонууга милдеттүү эмес. Ар бир жогорку окуу жайы бул баалоо системасын өздөрүнүн системасы ичинде кандай түрдө ишке ашыраарын өздөрү чечишет. ЕКТС баалоо системасынын негизги максаты студенттин ийгилиги тууралуу ЖОЖго кошумча маалымат берип, системаны түшүнүүгө жана салыштырууга мүмкүнчүлүк берет. Окуу жайы баарынан мурун студенттердин алган бааларынын тактап изилдейт. ЕКТС баалоо системасында 10-25-30-25-10 моделин алуу үчүн ийгиликтүү студенттердин 10% ине, 35%ине, 65%ине жана 90%ине киргендердин алган бааларына карап ЕКТС бааларынын критерийи белгиленет. Ийгиликтүү студенттердин ичинен эң биринчи 10%ин түзгөн студенттерге ар дайым автоматтык түрдө же сөзсүз «А» баллын бериш дегендик эмес. «А» баасы «эң жакшы» дегенди билдиргендиктен, бул окуу жайлар арасында түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, студенттеринин болгону 8%ин «Артыкчылыгы менен» деген даражада бүтүрүп жаткан Англиядагы окуу жайы, «А» деген бааны 8% тик студенттерге гана бериши мүмкүн. Ошондой эле студенттеринин 14%и «жогорку жетишкендикте» («артыкчылыгы менен») болгон Италия окуу жайында 14%тин ичинен биринчи 10%ти бөлүүсү абдан татаал, убаралануунун мааниси да жок. Бир жактан алганда Испаниядагы окуу жайында «Матрикуле де Хонор» (артыкчылык, жетишкендик) даражасы менен сыйланган студенттер жалпы 5%инен дагы аз. Анда «эң жакшы» деген баа дагы өзгөрөт. ЕКТС кантип практикаланышын түшүндүрүү максатында окуу жайлары ЕКТСна катышкан окуу жайларынын даярдаган мекеме структурасы жана мазмуну тууралуу атайын маалымат китепчесин колдонушат. Маалымат китепчеси ЕКТСын практикалоону каалаган ЖОЖдор өз окуу жайында окутулган сабактар боюнча абдан терең маалыматтарды камтыган жана ар жыл сайын жаңыланган бирден маалымат китепчеси даярдашат. Бул китепчеде студенттерди каттоо, кабыл алуу, иштери, тамактануу, жашай турган жер, окуу жайынын мүмкүнчүлүктөрү, окуу жылынын календары, сынак ж.б. окуу жайын тааныта турган маалыматтар берилет. Бул китепче ошол окуу жайы жайгашкан өлкөнун тилдеринде жана Европа Биримдигинин тилдеринде да даярдалат. Китепче чет өлкөдө окуусу келген студенттер менен бирге бул студенттерге ЕКТСнин өкүл болуп, кеңешчилик милдет аткарган мугалимдердин колдонушу үчүн ЕКТС практикаланган башка университеттерге таратылат. Сабактардын мазмунун так билиши, чет өлкөдө билим алыш үчүн абдан керектүү. Ошондуктан бул китепчеде; - Сабактардын мазмуну; - Сабакка кире алуу шарттары; - Жумалык сабактардын сааттары; - Сабактардын түрлөрү; - Үйрөнүү жана үйрөтүү методдору; - Сынактар жана баалоо түрлөрү; - Ошол окуу жайынын баалоо системасы; - Даражаларга ылайык сабактардын структурасы; - Сабактар үчүн белгиленген ЕКТС кредиттеринин баарынын аныктамалары, түшүндүрмөлөрү; - Ошол сабак окутулган бөлүмдүн танытылышына багытталган жалпы маалыматтар бар.

Окуу боюнча келишим. Чет өлкөдөгү билим берүүнүн мазмунун түшүндүргөн жана студент менен эки ЖОЖ арасында кол коюлган келишим. Өлкөлөр арасындагы билим берүү жана баа коюу системаларындагы айырмачылыктардан улам студенттердин сабак жүгүнүн такталуусунда жана алган бааларын которууда бир «орток тил» үчүн ЕКТС кредити белгиленет. Алган баалар ЕКТС баалоо системасына карап тамга менен белгиленген баага айландырылат. Бүт бул иштерди жасоодо координаторлор активдүү роль алып, кеңеш беришет, ар кандай проблемаларды чечүүдө жардамдашышат. Студент барып окуй турган окуу жайы белгиленгенден кийин арыз формасын толтурат. Академиялык жактан окууга кабыл алынуусун гарантиялоо үчүн, анын өзүнүн университети жана окуй турган университет менен үчилтик келишим түзүшөт. Студентердин чет өлкөдө окугандан мурунку жана кийинки убактарына байланыштуу окуудагы ийгилигин көрсөткөн белги (баалоо баракчасы -транскрипт) болот. Транскрипттерде студенттердин баалары окуган ар бир сабак үчүн белгиленген ЕКТС баалоо системасына жана ошол окуу жайдын өзүнүн баалоо системасына жараша алган баалары жазылган.

ЕКТСке кирүү - Маалымат китепчелеринин даярдалуусу; - ЕКТС ке арыз берүү; - Мастерлердин ошол жерде анализ жүргүзүүсү; - Стуктуралардын бекитилиши жана системага кирүү; деген баскычтардан турат.

Бирдиктүү окуу программасын даярдоо жана практикалоого ыңгайлашкан программалар кайсылар? Бул программада орто жана жогорку деңгээлде билим алуу программаларынын даярдалуусуна арналган бирдиктүү проектер, Европа модулдарынын өнүктүрүлүүсүнө арналган бирдиктүү проекттер жана окуу программасынын даярдоо проекттеринин практикалануусу жана жайылтылуусуна ылайыкталган проектер ишке ашырылат. Орто денгээлде окуу программаларынын даярдалуусуна арналган бирдиктүү проектерде, бакалавр (университетте 4 жыл) даражасындагы билим эске алынган. Орток, бирдиктүү болгон университеттердин окуу программаларынын даярдалуусуна арналган жана жаңы окуу программаларынын түзүлүүсү үчүн университеттердин өкүлдөрү чогулушат. Студенттин билим берүүнүн сапатын жогорулатууну көздөгөн бул программада эч болбосо үч катышуучу өлкөнүн университети бир жерге чогулушат. Жогорку деңгээлде окуу программаларынын даярдалуусуна арналган бирдиктүү проектерде болсо, магистр жана докторлук билимдин өркүндөтүлүүсү максаты менен эч болбосо 2-3 жылдык программалар даярдалат. Европа Модулдарынын максаты түрдүү университеттердин окуу программасынын Европа стандартарына ылайык модулдарды кошуу. Жаңыдан даярдалган бул модулдар, Европа маданияты жана тилдеги айырмачылыкка байланыштуу студенттердин (аң сезимдерин) кругозорун өстүрүүнү жана Европа окуу жайлары тууралуу билимин өркүндөтүүнү көздөйт. Европа Модулдары- Европадагы өлкөлөрдүн тарыхы, эли, коому маданияты, саясаты жана экономикасына; - Европа укугу, Европа экономикасы жана Европа интеграциясынын түрдүү жактарына же болбосо Европа Биримдигинин уюшулушу менен тарыхына; - Түрдүү өлкөлөрдө практикаланган билим берүү программаларынын салыштырылуусуна; - Белгилүү бир предмет (дисциплина) тармагында арналган тил модулдарынын даярдалуусуна (Европанын расмий тилдеринен бири болушу керек. Бирок бул Биримдик ичинде эң аз сүйлөнгөн тилдер биринчи планда турат) көңүл бурулушу зарыл. Европа Модулдары эч болбосо үч өлкө арасында түзүлгөн келишим менен иштейт. Ошону менен бирге программанын алмашуу процессине катыша албай калган студенттерди да тартып, алардын кругозорун өстүрүүнү да көздөйт. Окуу программасын даярдоо проектеринин практикалануусу жана жайылтылуусуна арналган проектер менен бирдиктүү проектердин ичинде түзүлгөн окуу программалары университеттерде практикалана баштайт.

Адабияттар:
Kısakürek, M. Ali., “AB Eğitim Progamları ve ECTS Uygulamaları”: http://www.ankara.edu.tr/ son Ects/ abegitimects.html. 07.07.2003.

  • “Avrupa Birliği Genel Eğitim Programları”, son Abegitimects.html. 07.07.2003.
  • “Ab’de ECTS ile ilgili Bilgiler”, son Abegitimects.html. 07.07.2003.
  • “La Sorbonne/ Bologne üniversite sistemleri süreci gözetilmek suretiyle”

www.yok.gov.tr/kdp/fransa-kdp.doc http://www.meb.gov.tr. Avrupa Konseyi Eğitim Bakanları konferansı. 5/21/2004

  • “Avrupa Birliği Genel Eğitim Programları”, son Abegitimects.html. 07.07.2003.