Болотбек Шамшиев

Википедия дан
Болот Шамшиев‎»‎ барагынан багытталды)
Болот Шамшиев
Төрөлгөндөгү ысымы:

Болотбек Шамшиев

Туулган датасы:

12 -январь 1941(1941-01-12)

Туулган жери:

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы:

21 -декабрь 2019(2019-12-21) (78 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Кесиби:

актёр
кинорежиссёр
сценарист

Сыйлыктары:
2-даражадагы «Манас» орени
2-даражадагы «Манас» орени
3- даражадагы «Манас» орени
3- даражадагы «Манас» орени
«Ардак Белгиси» ордени Калып:Улуттар достугу Ордени
Владимир Ильич Лениндин төрөлгөн күнүн 100-жылдыгын салтаннаттык менен белгилөө юбилейлик медалы
Владимир Ильич Лениндин төрөлгөн күнүн 100-жылдыгын салтаннаттык менен белгилөө юбилейлик медалы
СССРдин эл артисти — 1991 ССРСдин мамлекеттик сыйлыгы — 1977
IMDb:

ID 1119526

Болот (Болотбек) Шамшиев Төлөн уулу (12-январь 1941, Фрунзе, Кыргыз ССРи — 21-декабрь 2019 Кыргызстан) — Советтик жана Кыргызстандык актёр, кинорежиссёр ошондой эле сценарист. СССРдин эл артисти (1991).

"Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Асма көпүрө", "Ак кеме", "Бөрү зындан" жана башка тасмаларды тарткан.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1941-жылы 12-январда Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте (мурдагы Фрунзе) туулган. 1991-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.

Анын атасы Шамшиев, Төлөн - кыргыздын совет доорундагы таанымал акыны болгон.

Болот Шамшиев 1965-жылы "Манасчы" даректүү

1969-жылы "Караш-Караш окуясы" көркөм тасмасы, 1972-жылы "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы чыгат.

1975-жылы чыккан "Ак кеме" фильми кийинки жылы СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Бул чыгарма атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестине негизделген.

1980-жылы "Эрте келген турналар" жана 1984-жылы "Бөрү зындан" көркөм тасмасы тартылган.

Кинорежиссер Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевди ХХ кылымдын акыркы үчилтигиндеги кыргыз киносунун берметин түзүүчүлөр катары жогору баалашат. Алардын улантуучуларынын арасында замандашы Дооронбек Садырбаев да болгон.

Эгемен Кыргызстанда (1990-1994) Жогорку Кеңештин депутаты да болгон.

1998-1999-жылдарда Мамлекеттик туризм жана спорт агенттигинин директору болду.

2002-жылга чейин Кыргызстандын Бириккен араб эмиратындагы башкы консулу болуп иштеди.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-"Манасчы", "Чабан",

-"Караш ашуусундагы атышуу",

-"Ысык-Көлдүн кызгалдактары",

-"Сүйүү жаңырыгы",

-"Ак кеме",

-"Адамдардын арасында",

-"Эрте жаздагы каркыралар",

-"Бөрү зындан",

-"Снайперлер",

-"Фудзиямага чыгуу" тасмалары.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]