Боом капчыгайы

Wikipedia дан


Боом капчыгайы Күнгөй Ала-Тоонун батыш четинде жайгашкан өткөөл капчыгай ; Күнгөй Ала-Тоонун батыш учун, Терекжону тоосунун чыгыш учун жана бул эки тоонун ортосундагы байыркы өрөөндү кесип өтөт. Уз. 25 км, таманынын жазылыгы 150 –350 м. Капталдарынын салыштырмалуу бийикт. 500–800 мге чейин.
Генезистик тибибчаан тецедентти көткөөл капчыгай . Плейстоценде Ысык-Көлдүн деңгээли жогору кезинде анын түндүк батыш жээги Боом капчыгайын ажетип турган .
Көлдөн агып чыккан суу Күнгөй Ала-Тоонун бир тармагы Каражылганын жана пызкайкысын ашып азыркы Коң орчок (Чүйдүн сол куй масы) суусуна куйган. Ал мезгилде Коңорчок Чоң-Кеминге солтараптан куюп , Боомдун көп бөлүгүн (Коңорчоктун чатынан Чоң-Кемин суусуна чейин) Коңорчоктун өрөөнү түзгөн. Ал эми Боомдун түштук., өтө кууш бөлүгү (Коңорчоктун чатынан түштук. тарабы) Каражыйра тоосун Ысык-Көлдүн суусу жеп отуруп капчыгайды пайда кылган (мындaн 8– 12 миң жыл илгери ). Капчыгайдын Коңорчоктун чатынан Чүй өрөөнүнө чыга беришке чейинки бөлүгү мурда , Коңорчоктун чаынан Каражылга коктусуна чейинкиси Боомдун Ысык-Көл жаккы четинде кийин пайда болгон протерозой жана палеозойдун кристаллдуу тектери (гранит, сланец , гранитдиорит, порфирит ж.б.), байыркы өрөөндүн аймагына (борбдук бөлүгүндө) палеоген менен неогендин кызыл, боз чөкмө тектери мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги айрым шилтемелер[оңдоо]

[http://kyrgyzinfo.ru/files/topic.php?id=13 Боом капчыгайы ]