Боор эт

Википедия дан

Боор эт, диафрагма адамдын жана сүт эмүүчүлөрдүн көкүрөк көңдөйүн ич көңдөйүнөн бөлүп туруучу тарамыш-булчуңдуу тосмо. Жогор жагы томпок кумпа сымал болот. Аны толтодон чыккан жогорку жана төмөнкү боор эт артериялары кан менен камсыз кылат. Ал демалуу кыймылына катышат: дем алганда төмөн түшүп, дем чыгарганда жогору көтөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]