Ныязалы Борош уулу

Википедия дан
Борошев, Ниязаалы‎»‎ барагынан багытталды)
Ныязалы Борош уулу (Борошев)

Ак-Жол айылынын кире беришине орнотулган эстелик.
Негизги маалымат
Толук ысымы

Ныязалы Борош уулу

Туулган датасы

1856 жыл(1856)

Туулган жери

Аксы аймагы

Өлгөн датасы

1941 жыл(1941)

Өлгөн жери

Кичи Ак-Жол, Жаңы-Жол району, Ош облусу, Кыргыз ССРи

Кесиптери

акын, комузчу, күүчү, жомокчу

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

дастан

Ниязаалы Борош уулу (Борошев) (1856—1941) — Кыргыздардын эл арасындагы белгилүү комузчу, автор жана аткаруучу, айтым күүлөрүнүн устаты, элдик күүлөрдүн чебери.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ныязалы Борош уулу 1856-жылы азыркы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ниязаалы залкар комузчу жана аткаруучу. Анын башкалардан өзгөчөлүгү, комузда кол ойнотуп, күү арасында ыр кошуп куудулданып аткарган. Андыктан ал, атайым күүлөрдүн негиз салуучусу болуп эсептелет. 15 жашынан комуз черткенди үйрөнүп, ошондо эле татаал күүлөдү черте баштаган. Анын ичинде "Кет Бука", "Тайчыдан тайчы" ж.б. Бара бара ал чебер устат болуп өз мезгилинин кесипкөй комузчуларынын чөйрөсүнө кошулган. Алар оозеки көркөм чыгармачылыктын ар кандай жанрларында багыт алып калган таланттуу инсандар Жеңижок, Эшмамабет, Жаныбай, Айдараалы ж.б. болгон. Ошондой эле Ныязалыдан Коргоол, Шекербек жана башка эл шайырлары таалим алган. Токтогул Сатылганов устаты болгон. Ныязалынын чыгармачылыгы айрыкча советтик доордо өнүккөн. Ныязалынын «Арсар күү» аттуу айтылуу күүсүнүн негизинде музыканттар Б. Кулболдиев менен Н. Р. Миронович «Концертино» жазышкан. Фрунзеде өткөрүлгөн эл чыгармачылыгынын республикалык биринчи (1936) жана экинчи (1937) олимпиадаларында биринчиликти жеңип алган. 1991-жылдан Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы анын ысмын алган.

Ниязаалы эл арасында жүргөндө макалалдаштырып сүйлөгөн көп сөздөрү:

  • Уста менен дос болсоң, өнөр кезээрсин.
  • Ууру менен дос болсоң, бир балээге каларсың.
  • Ырчы менен жүрсөң ырын аларсың.
  • Күүнүн жайын көкүрөгү бар адам түшүнөт.

Күүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кара өзгөй»
  • «Арсар күү»
  • «Кер толгоо»
  • «Сары Барпы»
  • «Короо күзөтүү»
  • «Өттү кетти балалык»
  • Мырза кербез
  • Ниязаалынын камбаркан

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]