Бор жер семирткичтери

Википедия дан
Бор жер семирткичтери –‎»‎ барагынан багытталды)

Бор жер семирткичтери – курамында бор элементи бар бирикмелер. Ал өсүмдүктү азыктандыруу үчүн колдонулат. Б.ж.с. өсүмдүк тиричилигинде физиологиялык чоң роль ойнойт. Ал углеводдор менен нуклеин к-тасы синтезделишине жардам берип, өсүмдүктүн кургакчылыкка жана суукка чыдамдуулугун жогорулатат. Зыгыр буласынын сапатын, кызылчанын канттуулугун арттырып, пахта менен жүгөрүнүн бышып жетилишин тездетет. Б.ж.с. жетишсиз болсо, тамеки, күн карама жана мөмө-жемиштер соолуп, түшүмү азаят. 1 кг топурактын курамында 1,5-55 мг бор бар. Дыйканчылыкта чөгөрүлгөн магний бораты (курамы 9 % бор, 32 % магний); борнодоломит (14,5 % бор к-тасы, 0,5 % күкүрт к-тасы, калганы гипс); борсуперфосфат (16-18 % Р2О5, 1,6-2,0 % Н3ВО3); бор кош суперфосфаты (42-43 % Р2О5, 6-7 % Н3ВО3): бура, бор к-тасы колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]