Боспиек

Википедия дан
Боспиек, Аксы району‎»‎ барагынан багытталды)
айыл
Боспиек
Аксы окуясында курман болгондорго тургузулган "Шейит мазары" эстелиги (17-март, 2022)
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Жалал-Абад облусу

If:

Аксы району

If:Айыл аймагыАйыл аймагы

Жерге-Тал айыл аймагы (Аксы району)|Жерге-Тал

Ички бөлүнүшү

Алтегин, Сай, Жон

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1930

Биринчи белгиленген

1930

Мурунку аталышы

Бозбужээк

Бийиктиктиги

1200

Климатынын түрү

кескин континенталдуу

Калкы
Расмий тили

Кыргыз тили

Калкынын саны

1589[1] (2021)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

Кыргыз

Этнохроним

боспиектик, боспиектиктер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996

Почта индекси

720616

Автоунаа коду

D,04

Боспиек, ошондой эле Бозбубиек[2] катары белгилүү — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Жерге-Тал айыл аймагына кирет.

ААББТ коду — 41703 211 860 02 0[3].

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элдик уламыштар боюнча айылдын аталышы Бозбу тоосуна түзмө-түз байланышы бар, айыл тоо этегинде болгондуктан, «Бозбунун жээги» деп малчылар кышташкан, кийинчерээк айтылып олтуруп «Боспиек аталып калган» деген ишенимдер жергиликтүү калк ичинде айтылат. 2003-жылы айылдын аталышын алмаштыруу үчүн алгач «Бозбужээк» андан кийин Бозбу тоосу ушул жерде экенин билдирүү үчүн «Бозбу бул жер» деген сөзгө айкалыштырып «Бозбубиек» деп өзгөртүлгөнү айтылууда. Бирок, рамий булактарга айылдын аталышы «Боспиек» деп белгиленген жана массалык маалымат каражаттарында ал аталышы кеңири колдонулат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

17-март 2002-жылы Эгемен Кыргызстан тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган А. Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айлында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, бул күнү 6 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган. 2002-жылы Аксы окуясынан каза болгондордун урматына арналган, "Шейит мазары" аталышындагы эстелик айылдын кире беришине орнотулган[4].

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бозбу тоосу

Боспиек айылы Аксы районундагы Бозбу-Тоонун түндүк-чыгыш этегинде, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте, Райондун борбору Кербен шаарынан 12 км алыстыкта жайгашкан. айылда толугу менен кыргыздар жашайт.айылдын борбордук бөлүгүндө Ормон молдо мечити жана улуу ата мекендик согуштун баатырларына арналган эстелик тургузулган, калктын көпчүлүк бөлүгүн багыш уруусу толуктайт.

Айлдын эң негизги көчөсү болуп Шадыбеков көчөсү эсептелет, ошондой эле баардык инфраструктуралык мекеме-жайлар да ушул көчөдө жайгашкан. Ал эми эки чоң көчөнү Расул Осмонов жана Нурдин Изабеков көчөлөрү бириктирет. Калган көчөлөр анча чоң эмес майда жана кыска-кыска көчөлөр.

  • Аскаралы Чыналиев
  • Бурулча Шадыбекова
  • Ж. Субанкулова
  • Кара-Жыгач
  • Мырсалы Шадыбеков
  • Нурдин Изабеков
  • Өндүр-Сай
  • Расул Осмонов
  • Тоголок-Дөбө
  • Токтобек Чыналиев
  • Кубат Төрөбеков
  • Дайыр Чыналиев (Өндүр-Сай 2)

Экономикасы жана инфратүзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тургундар көбүнчө Кара өрүк (Кайналы) өстүрүү менен эмгектенишет. Мал-Чарбасы жана Кайналы өндүрүүдөн киреше табышат. Андан башка жеткиликтүү завод жана фабрика өндүрүштөрү жок.

2016-жылы "АЛТЫ-АГА-ИНИ" корпоративдик айыл чарба өндүрүшү, сүт багытындагы мал-чарбасы боюнча ишин баштап, бирок көп өтпөй толук кандуу иш жүргүзбөй ишин токтоткон[5]. 2017-жылы сүт өндүрүшү боюнча фабрика курулары айтылып, кайра эле белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 2020-жылы таза суу тартуу долбоору башталган. Таза суу долбоорунун сметалык баасы 180 миллион сомду түзүп, суу сактоочу 400 тонналык эки суу кампасы 2022-жылы бүткөн. Ал эми айыл ичине тартылуучу магистралдык суу куурунун жалпы узундугу 45 чакырымды түзөт. Айылга ичүүчү суу булактан тартылып, жаңы тартылып жаткан долбоор боюнча суу чорголору ар бир үйгө чейин киргизилет[6].

Айылда "Рыскулбек Абдылдаев атындагы №19 "Назик" мектепке чейинки билим берүү уюму" мекемеси жана 100 орундуу бала бакчасы бар. Анда айылдагы балдар жана жакынкы Жерге-Тал айылынын балдары тарбияланышат. Ошондой эле №37 Алтынай атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеп бар[7].

Транспорту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айылда ички каттам жана сырткы каттам жок. Башка аймактарга жетүү үчүн Кербен шаарына барышат, шаарга чейин жекелик такси кызматтын колдонушат, жол акысы 40-60 сомго чейин. 1970-жылдан 2000-жылга чейин Кербен — Боспиек — Жерге-ТалКызыл-Капчыгай каттамы боюнча күн сайын 2-3 ирээт сары автобустар каттаган. 2000-жылдан кийин автобустар оңдоого муктаж болуп, жараксыз абалга келген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

жылы 2009 [8] 2014[9] 2015 2020 2021[1]
адам. 1 295 1570 1515 1 578 1589

Белгилүү инсандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кеңешбек Шадыбеков — Кыргызстандык архитектура жана курулуш адиси, жазуучу, акын, драматург, кино- телеоператор. «Манас эл» коомдук кыймылынын, Кыргызстандын Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү.
  • Токтосун Турдалиев — акын жанан жазуучу.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).
  2. З. Пасаңова. «Академик Текенов»: Даректүү баян — Ош, 2009. — 47 б. — 120 б. — ISBN 9967–13–109–8
  3. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
  4. Аксынын Боспиек айылында Аксы окуясынын курмандыктары эскерилип жатат. Ага Жапаров катышууда. Super.kg. Текшерилген күнү 21 Апрель 2022.
  5. Сельскохозяйственный товарный сервисный кооператив "АЛТЫ-АГА-ИНИ". Текшерилген күнү 23 Апрель 2022.
  6. Жерге-Тал жана Боспиек айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болот. КТРК. Текшерилген күнү 23 Апрель 2022.(жеткиликсиз шилтеме)
  7. №37 Алтынай атындагы мектеп. Google карталар. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2022.
  8. 2009 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  9. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2014). Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]