Бош убакыт

Wikipedia дан

Бош убакыт адамдагы (жамаат, коомдогу) эң зарыл, керектүү иштерине кеткен убакытты чыгарып салгандан кийин калган, иш күнүнөн сырткары мезгил (күн, жума, ай, жыл).

Бош убакыттын чеги адамдардын тиричилик ишмердигиндеги жалпы убакыттын ичине кирген иш күнү (кошумча эмгектенгенин кошкондо) менен жумуштан сырткаркы мезгилинин (анын ичине зарыл иштер менен колу бошобогон мезгил да киргизилет) ортосундагы айырма аркылуу аныкталат.

Азыркы коомдо Бош убакыт маселеси өзүнүн татаалдыгы менен айырмаланат, тигил же бул коомго мүнөздүү көрүнүштөрдү чагылдырып, ар-түрдүү, кээде карама-каршы мазмунга жык толгон. Социалдык-тарыхый категория катары Бош убакыт үч негизги чен-өлчөм менен мүнөздөлөт: көлөмү(чоңдугу), түзүлүшү (структурасы) жана мазмуну менен Бош убакыттын көлөмү, биринчи кезекте, тигил же бул коомго мүнөздүү иш мезгилинин узактыгына жараша болот, тактап айтканда жумуштан сырткаркы мезгилдин жалпы көлөмүнө жараша.

Бош убакыт өзүнүн түзүлүшү (уюшулушу) менен да мүнөздөлөт. Алсак, бул – жигердүү чыгармачылык ишмердик (окуу, өз алдынча билимин арттыруу, жекече (газета, журнал, китеп, ж. б.) жана жалпы (кино-театр, музей, ж. б.) маданий-рухий керектөөлөр; дене машыгуулары (спорт); сүйгөн иши менен алектенүү; пайдасыз эс алуу (ичимдик ичүү, убакытты бошко кетирүү, ж. б.). Демек, дайындуу иш менен алек болуу, анын сапаты – Бош убакыттын мазмунун түзөт.

[оңдоо]

Бош убакыт деген жумуш жана зарыл үйдөгү кыймылдардан тышкары убакыт мезили. Ал да зарылдуу кыймылдардар тышкары өзү өзүнчө колдонгон убакыт - зарылдуу кыймылдар деген мисалы жеп-ичүү, уктоо, жумушка баруу, окуу, үйдөгү жумуштар, жана адеттеги стресс. Кээде бош убакыт менен зарылдуу иштер арасындагы айырмасы эркин колдонулат, мисалы кээ бир адамдар бош убакытында жумушуна тиешелүү иштер кылышат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8