Бразилия улуттук футбол курамасы

Википедия дан
Бразилия улуттук футбол курамасы
Эн белгиси
Лакап аттары Verde-Amarela (сары-жашылдар)
Seleção (Тандалмалар)
Pentacampeone (Беш жолку жеңармандар)
Конфедерациясы КОНМЕБОЛ
Федерациясы Бразилия футбол конфедерациясы
Башкы
машыктыруучусу
Бразилия Луис Фелипе Сколари
Капитаны Тиаго Силва
Эң көп
оюн саны
Кафу (142)[1]
Мыкты
бомбардири
Пеле (77)[1]
ФИФА рейтинги 3 (5-июнь 2014)
ФИФА коду BRA
Форма
Негизги
формасы
Форма
Резервдик
формасы
Биринчи оюну
Аргентина Аргентина 3 — 0 Бразилия Бразилия
(Буэнос Айрес, Аргентина; 20-август, 1914)
Эң ири жеңиши
Бразилия Бразилия 14 - 0 Никарагуа Никарагуа
(Мехико, Мексика; 17-октябрь, 1975)
Эң ири жеңилүүсү
Уругвай Уругвай 6 - 0 Бразилия Бразилия
(Винья-дель-Мар, Чили; 18-сентябрь, 1920)
Бразилия Бразилия 1 - 7 Германия Германия
(Белу-Оризонти, Бразилия; 8-июль, 2014)
Дүйнө кубогу
Катышуусу 20 (биринчи жолу 1930-жылы)
Жетишкендиктери 1958, 1962, 1970,
1994, 2002-жж. чемпиондор
Футбол боюнча Америка кубогу
Катышуусу 31 (биринчи жолу 1916-жылы)
Жетишкендиктери 1919, 1922, 1949, 1989, 1997,

1999, 2004, 2007-жж. чемпиондор

Спорттук сыйлыктар
Футбол боюнча дүйнө чемпиондуктары
Коло Франция 1938
Күмүш Бразилия 1950
Алтын Швеция 1958
Алтын Чили 1962
Алтын Мексика 1970
Коло Аргентина 1978
Алтын АКШ 1994
Күмүш Франция 1998
Алтын Жапония/Түштүк Корея 2002
Конфедерациялар кубоктору
Алтын Сауд Арабиясы 1997
Күмүш Мексика 1999
Алтын Германия 2005
Алтын ТАР 2009
Алтын Бразилия 2013
Олимпиада сыйлыктары
Футбол
Күмүш Лос-Анжелес 1984
Күмүш Сеул 1988
Коло Атланта 1996
Коло Пекин 2008
Күмүш Лондон 2012

Бразилия улуттук футбол курамасы (порт. Seleção Brasileira de Futebol) футбол боюнча эл аралык матчтарда жана турнирлерде Бразилияны көрсөтүүчү курама. Бразилия футбол конфедерациясы тарабынан башкарылат жана көзөмөлдөнөт — өлкөнүн негизги башкаруучу футбол органы. 1923-жылдан баштап ФИФАнын, ошондой эле 1916-жылдан баштап КОНМЕБОЛдун мүчөсү.

Бразилия курамасы дүйнө чемпиондуктарындагы эң ийгиликтүү курама болуп саналат: анын эсебинде беш чемпиондук наамы бар (1958, 1962, 1970, 1994 жана 2002). Бразилия курамасы — бардык дүйнө чемпиондуктарына катышкан жападан жалгыз команда. Бразилдер биринчилерден болуп үч башка материктин жана үч башка дүйнө бөлүктөрүнүн наамдарын утуп алышкан (Америкада, Европада жана Азияда; Түндүк Америкада, Түштүк Америкада жана Евразияда). Команда ошондой эле төрт ирет Конфедерациялар кубогун уткан, бул рекорддук көрсөткүч. мындан сырткары, бразилдердин эсебинде континеттин эң барктуу турнири болуп саналган Америка кубогунда 8 жеңиши бар. Бул көрсөткүч боюнча алар континентте Уругвай жана Аргентина курамаларынан гана артта турушат.

Команданын негизги ийгилиги 1950чү жана 1960чы жылдардын аягына туш келет, анткени, бул жылдары курамада Пеле, Гарринча, Загалло өңдүү футболчулар ойноп, 12 жылдын ичинде үч ирет дүйнө чемпиондугун жеңишкен(1970-жылы Загалло кураманын машыктыруучусу болууга жетишкен).

Бразилия курамасынын кайман аты — «Селесао» («Тандалмалар» дегенди түшүндүрөт). Ошондой эле 2002-жылдан тарта, алардын дүйнө чемпиондугундагы бешинчи жеңишинен кийин, «пентакампеондор» деп да аташат.

Курамада эң көп оюн саны Кафуга тиешелүү — 142 матч; команданын мыкты бомбардири — Пеле (77 топ)[1].

Бразилия курамасы ФИФА рейтингинин 2013-жылдын 19-декабрындагы көрсөткүчү боюнча 10-орунда турат, континеттик рейтингде — 4чү[2].

Ал эми 2014-жылдын 5-июнундагы көрсөткүч боюнча 3-орунда турат, континенттик рейтингде болсо — 1чи[2].

Команданын башкы машыктыруучусу — Луис Фелипе Сколари, бул кызматка 28-ноябрда 2012-жылы киришкен; азыркы команда капитаны — «ПСЖ» француз футбол клубунун борбордук коргоочусу Тиаго Силва.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бразилия улуттук футбол курамасы 1914-жылы түзүлгөн жана биринчи матчты аңглиялык «Эксетер Сити» клубуна каршы өткөрүп, аны 2:0 эсебинде жеңген (башка маалыматтар боюнча матч 3:3 эсебинде тең чыгуу менен бүткөн). Бирок дүйнөлүк аренадагы чоң жеңиштерден алыс эле. Көбүнчө буга өлкө ичиндеги жергиликтүү футбол федерацияларынын башчыларынын ортосундагы пикир-келишпестиктер тоскоолдук жараткан.

Кандай аракет кылбаса да, 1930чу жана 1934чү жылдагы чемпиондуктарда Бразилия биринчи этаптан эле четтеген. 1938-жылы команда бир кыйла өсүүнү көрсөтүп, чемпиондуктун коло байгесин жеңип алган. Ал эми Леонидас болсо, дүйнө чемпиондугунун бир матчында төрт топ киргизген, биринчи футболчу катары тарыхта калган.

Согуштан кийинки 1950-жылдагы биринчи чемпиондук, Бразилияда өткөн жалгыз чемпиондук болуп турду. Ал чемпиондук финалдык матч өткөрүлбөгөндүгү менен өзгөчөлөнөт. Төрт команда үчүн топтук этап болгон. Бразилия — Уругвай курамаларынын кездешүүсү «финал» катары эсептелет. Рио-де-Жанейро шаарынын «Маракана» стадионунда өткөн матчты көрүүгө 199 854 күйөрман келген. Бразилдердин чемпион болуусуна тең эсеп менен ойноп коюу эле жетииштүү болчу, алар 1:0 эсебинде алдыда келе жатып, 2:1 эсеби менен жеңилип калышкан. Түштүк Америкада бул матч «мараканасо» деген аталышта белгилүү.

1954-жылы Швейцарияда өткөн чемпиондукка, Бразил курамасы жаңыртылган команда менен келген. Бирок, чейрек-финалда бразилдер мажарларга (венгерлерге) 2:4 эсебинде жеңилип, өз тарыхында өтө начар матчтардын бирин өткөргөн. Бул матч «Берндеги күрөш» аталышын алган.

Бразил курамасы (Копа Америка 1959).

1958-жылы Швецияда өткөн чемпиондукта Бразилия өзүн мыкты деңгээлде көрсөтүп, дүйнө чемпиону болгон. Команданын курамында Пеле, Гарринча, Вава өңдүү жана башка футбол тарыхына кирген футболчулар айырмаланышкан. Биринчиликтин ачылышы ошол кездеги он жети жашар Пелеге тиешелүү, ал азыркы учурда да, көпчүлүк үчүн «футбол падышасы» бойдон калууда.

1962-жылы Чилиде өткөн чемпиондукта бразилдер өз ийгилигин кайталай алышты. Төрт топ киргизген Гарринча, биринчиликтин мыкты бомбардири болгон. Анын өнөктөшү Пеле, турнирдин биринчи матчтарынын биринде алган катуу травмасынан кийин чемпиондуктан чыгып кеткен.


Кураманын азыркы курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кураманын ДЧ-2014төгү акыркы курамы. Матчтар жана голдор 23-июнь 2014-жылдагы маалымат боюнча көрсөтүлгөн:

Ысымы Клубу Төрөлгөн датасы Курагы Оюндары Голдору
Дарбазачылар
Жулио Сезар Канада Торонто 3-сентябрь 1979 34 жаш 83 0
Жефферсон Бразилия Ботафого 2-январь 1983 31 жаш 9 0
Виктор Бразилия Атлетико Минейро 21-январь 1983 31 жаш 6 0
Коргоочулар
Дани Алвес Испания Барселона 6-май 1983 31 жаш 78 6
Тиаго Силва Франция Пари Сен-Жермен 22-сентябрь 1984 29 жаш 49 2
Давид Луис Франция Пари Сен-Жермен 22-апрель 1987 27 жаш 39 2
Марсело Испания Реал Мадрид 12-май 1988 26 жаш 34 4
Данте Германия Бавария 18-октябрь 1983 30 жаш 12 2
Энрике Италия Наполи 14-октябрь 1986 27 жаш 5 0
Максвелл Франция Пари Сен-Жермен 27-август 1981 32 жаш 9 0
Майкон Италия Рома 26-июль 1981 32 жаш 72 7
Жарым коргоочулар
Рамирес Англия Челси 24-март 1987 26 жаш 45 4
Оскар Англия Челси 9-сентябрь 1991 22 жаш 34 10
Паулиньо Англия Тоттенхэм Хотспур 25-июль 1988 25 жаш 29 5
Фернандиньо Англия Манчестер Сити 4-май 1985 29 жаш 8 2
Луис Густаво Германия Вольфсбург 23-июль 1987 26 жаш 22 1
Эрнанес Италия Интернационале 29-май 1985 28 жаш 25 2
Бернард Украина Шахтёр 8-сентябрь 1992 21 жаш 13 1
Виллиан Англия Челси 9-август 1988 25 жаш 9 2
Чабуулчулар
Фред Бразилия Флуминенсе 3-октябрь 1983 30 жаш 36 18
Неймар Испания Барселона 5-февраль 1992 22 жаш 52 35
Халк Орусия Зенит 25-июль 1986 27 жаш 37 9
Жо Бразилия Атлетико Минейро 20-март 1987 26 жаш 18 5
Башкы машыктыруучу
Бразилия Луис Фелипе Сколари 9-ноябрь 1948 65 жаш


Акыркы чакырыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аты Төрөлгөн датасы Клубу Матчтары (голдору) Курамага акыркы жолу
Дарбазачылар
Диего Кавальери 1 -декабрь 1982 (Expression error: Unexpected < operator.) Бразилия Флуминенсе 3 (0) vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Коргоочулар
Деде 1 -июль 1988 (Expression error: Unexpected < operator.) Бразилия Крузейро 9 (1) vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Энрике 14 -октябрь 1986 (Expression error: Unexpected < operator.) Бразилия Палмейрас 4 (0) vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Маркос Роша 11 -декабрь 1988 (Expression error: Unexpected < operator.) Бразилия Атлетико Минейро 2 (0) vs Португалия Португалия 10-сентябрь 2013
Филипе Луис 9 -август 1985 (Expression error: Unexpected < operator.) Испания Атлетико Мадрид 4 (0) Конфедерациялар кубогу 2013
Жарым коргоочулар
Лукас Моура 13 -август 1992 (Expression error: Unexpected < operator.) Франция Пари Сен-Жермен 31 (4) vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Фернандо 3 -март 1992 (Expression error: Unexpected < operator.) Украина Шахтёр Дн 8 (0) vs Португалия Португалия 10-сентябрь 2013
Роналдиньо 21 -март 1980 (Expression error: Unexpected < operator.) Бразилия Атлетико Минейро 97 (33) vs Чили Чили 24-апрель 2013
Кака 22 -апрель 1982 (Expression error: Unexpected < operator.) Италия Милан 87 (29) vs Орусия Орусия 25-март 2013
Чабуулчулар
Алешандре Пато 2 -сентябрь 1989 (Expression error: Unexpected < operator.) Бразилия Сан-Паулу 27 (10) vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Фред 3 -октябрь 1983 (Expression error: Unexpected < operator.) Бразилия Флуминенсе 30 (16) vs Австралия Австралия 7-сентябрь 2013
Леандро Дамиан 22 -июль 1989 (Expression error: Unexpected < operator.) Бразилия Сантос 17 (3) Конфедерациялар кубогу 2013

Кураманын рекордсмендери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кафу ойногон матчтарынын саны боюнча рекордсмен.
Ысымы Карьерасы Матчтары Голдору
1 Кафу 1989 — 2006 148 4
2 Роберто Карлос 1992 — 2006 125 11
3 Лусио 2000 — 2011 105 4
4 Клаудио Таффарел 1987 — 1998 101 -70
5 Роналдо 1994 — 2011 98 67
6 Жалма Сантос 1952 — 1968 98 3
7 Роналдиньо 1999 — учур 97 33
9 Алдаир 1989—2000 94 4
9 Жилмар 1958—1969 94 -98
10 Жилберту Силва 2001 — 2008 93 3
12 Роберто Ривелино 1965 — 1978 92 26
11 Пеле 1957—1971 92 77
13 Карлос Дунга 1982—1998 91 6
14 Робиньо 2003 — учур 91 26
15 Кака 2002 — учур 87 29
16 Дида 1995—2006 87 -65
17 Жулио Сезар 2004—учур 84 -57

Курама үчүн эң көп гол саны

Пеле курама үчүн киргизген топторунун саны боюнча рекордсмен
Ысымы Карьерасы Голдору Матчтары
1 Пеле 1957 — 1971 77 92
2 Роналдо 1994 — 2011 67 98
3 Ромарио 1987 — 2005 55 70
4 Зико 1976 — 1989 52 72
5 Бебето 1985—1998 42 76
6 Леонидас да Силва 1932—1946 37 37
7 Тостао 1966—1972 35 65
8 Жаирзиньо 1964—1982 35 81
9 Ривалдо 1993—2003 34 74
10 Роналдиньо 1999 — учур 33 94
11 Адемир 1945—1953 31 39
12 Зизиньо 1942-1957 31 54
13 Неймар 2010 — учур 30 47
14 Кака 2002 — учур 29 87
15 Адриано 2000—2009 29 51
16 Карека 1982—1993 29 63
17 Луис Фабиано 2003 — учур. 28 46

Даңазалуу футболчулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төмөнкү футболчулар Сан-Паулу шаарындагы Пакаэмбу стадионуна караштуу Бразилия футбол Музейинин даңк Залына киргизилген.[3]

Ошондой эле белгиленгендер:

Алардан башка, IFFHS нускасы боюнча XX-кылымдын даңазалуу бразил оюнчуларынын тизмесине киргендер:

Формалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Форма
1914
Форма
1916
Тариз
1917
Форма
1918
Форма
1919
Тариз
1919-1945
Тариз
1945-1950
Тариз
1950-1953
Тариз
1954 - учур

Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ФИФА дүйнө чемпиондугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыл Раунд Орн Жңш Тең* Жңл АКТ ӨКТ
Уругвай 1930 Топтук турнир 2 1 0 1 5 2
Италия 1934 1/8 финал 1 0 0 1 1 3
Франция 1938 3-орун 5 3 1 1 14 11
Бразилия 1950 2-орун 6 4 1 1 22 6
Швейцария 1954 1/4 финал 3 1 1 1 8 5
Швеция 1958 Чемпиондор 6 5 1 0 16 4
Чили 1962 Чемпиондор 6 5 1 0 14 5
Англия 1966 Топтук турнир 3 1 0 2 4 6
Мексика 1970 Чемпиондор 6 6 0 0 19 7
Германия Федеративдик Республикасы (1990-жылга чейин) 1974 4-орун 7 3 2 2 6 4
Аргентина 1978 3-орун 7 4 3 0 10 3
Испания 1982 2чи топтук турнир 5 4 0 1 15 6
Мексика 1986 1/4 финал 5 4 1 0 10 1
Италия 1990 1/8 финал 4 3 0 1 4 2
Америка Кошмо Штаттары 1994 Чемпиондор 7 5 2 0 11 3
Франция 1998 2-орун 7 4 1 2 14 10
Корея РеспубликасыЖапония 2002 Чемпиондор 7 7 0 0 18 4
Германия 2006 1/4 финал 5 4 0 1 10 2
Түштүк-Африка Республикасы 2010 1/4 финал 5 3 1 1 9 4
Бразилия 2014 4-орун 7 3 2 2 11 14
Жалпы 20/20 104 70 17 17 221 102
*Тең чыгууга матчтан кийинки пенальтилер менен бүткөн плей-офф матчтары да киргизилген

Дүйнө чемпиондорунун Алтын Кубогу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Күмүш байге ээси — 1980

Америка кубогу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Олимпиада оюндары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конфедерациялар кубогу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КОНКАКАФ алтын кубогу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Күмүш байге ээси — 1996, 2003
  • Үчүнчү орун — 1998

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 1.2 Brazil - Record International Players (англисче). RSSSF. Текшерилген күнү 3 -июль (теке) 2013. Түп булактан архивделген күнү 5 -июль (теке) 2013.
  2. 2.0 2.1 FIFA/Coca-Cola World Ranking (англисче). FIFA. Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2013. Түп булактан архивделген күнү 2 -июль (теке) 2013. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "FIFARanking" defined multiple times with different content
  3. Conheça os Anjos (порт.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Museu do Futebol. Текшерилген күнү 3 -январь (үчтүн айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2008.

Цитатанын катасы: <ref> tag with name "razgrom" defined in <references> is not used in prior text.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Даңазалуу курамалар: Бразилия. «Футбол» жумалыгына тиркеме. № 4 Басма (40). 2009-жыл

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]



Калып:Бразилия футболу