Брахманизм

Википедия дан

Брахманизм – инди калкындагы жергиликтүү сыйынуулардын индиарий уруктарындагы веда динине ыңгайлашуусунун натыйжасында жаралган индуизмдин калыптанышынын 2-баскычы (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык). Кудайлары: Брахма дүйнөнү жаратуучу, Вишну жана бүлдүргүч Шива. Брахманизмдин негизин табияттын жандуу нерселери улам жаңы түргө айланып, кайрадан тирилип турат деген түшүнүк түзөт. Жандын башка түргө өтүшү өткөн жашоодогу жакшылыктарына же күнөөсүнө жараша болгон. Эгер күнөөсүз болсо, коомдо жогорку даражадагылардын катарына кирген адамга, тескерисинче болсо, анда коомдун төмөнкү катмарындагыларга, ал гана эмес жан-жаныбарларга же өсүмдүккө айланган. Брахманизмде адамдын жүрүм-турумунуна баа берүүнүн критерийи дхарманы (Брахма тарабынан ар бир варна үчүн белгиленген жашоо сыпаты) сактоо же тескерисинче бузуу эсептелген. Буддизмдин таасири менен биздин замандын 1–миң жылдыгында брахманизм индуизмдин пайда болушуна негиз болгон. [[Категория: Дин

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]