Бренстед кислота жана негиздер теориясы

Википедия дан

Бренстед кислота жана негиздер теориясы азыркы мезгилдеги к-та жана негиздер жаратылышы ж-дөгү түшүнүктүн негизи И.Н.Бренстед 1923-ж. берген аныктамасынан келип чыккан. Бренстед б-ча: к-та деп протонду берүүгө, ал эми негиз протонду кошуп алууга жөндөмдүү болгон заттар (к-та жана негиздик протондук теориясы) аталат. Мис.,

АН  В+Н+

К-та менен негиз аракеттенүүсү протон өтүшү менен гана чектелбейт. Реакция биринчи баскычында, к-тадагы суутек атому суутектик байланышты пайда кылгандыктан АН....В комплекси пайда болот. Көпчүлүк учурда протолиттик реакция ушул баскыч менен токтойт, мындай реакция толук бүтпөгөн к-та – негиздик аракеттенишүү деп аталат. Реакциянын белгилүү бир шартында реакция толугу менен ишке ашат. Процессти төмөнкү схема:

а б

АН+ВDАН...ВDА-...НВ+DА-+НВ+

түрүндө берүүгө болот. Берилген схеманын негизинде А.И. Шатенштейн: протонго тектештиги бар электрон акцептордук реагентти – к-та деп аныктама берген. К-та менен негиз алардын ортосунда суутектик байланыштын пайда болушунун же болбосо протон өтүшүнүн натыйжасында аракеттенишет. К-та – негиздик аракеттенишүү Бренстед б-ча бүткөн түрдө төмөнкүдөй схема менен берилет:

А1+В2 D В1 +А2

А1, В1 жана А2, В2 – к-та негиздик жуптар. Реагент же эриткич хим. жаратылышына карата бир эле зат бир эле убакта к-талык да, негиздик да касиетке ээ болушу мүмкүн. Ошондуктан зат түзүлүшү б-ча аны к-та же негиз деп бөлүүгө болбойт. Берилген протолиттик теңдештикте гана зат кандай функцияга ээ экендигин аныктоого болот. Мис.,

СН3СООН-сууда к-та

(СН3СООН+Н2О – СН3СОО-+Н3О+),

ал эми суусуз Н2SO4 негиз (СН3СООН+Н2SO4 D CH3COOH+2+HSO-4)

сыяктуу аракеттенишет. К-та жана негиз деген түшүнүк суу эритмелери касиетин изилдөөдө кеңири колдонулат. Башка бирикмелер сыяктуу эле углеводород да к-та жана негиз катары реакцияга катышышы мүмкүн. Мис.,

С6Н6+С2Н-5-Na+  C6H5- Na++C2H6

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]