Бромдуу этил

Википедия дан

Бромдуу этил (этил бромиди), СН3СН2Br – хлороформ жыттанган түссүз суюктук, мол. масс. 109,04, эрүү t 119,60, кайноо t 38,2оС, сууда эрибейт, эфир, этил спирти жана башка эриткичтер менен аралашат. Б. э. түздөн-түз этанга бромду же этиленге НВr таасир этүүдөн алынат. Галоген туундулары сыяктуу эле Б. э. орун алмашуу реакциясына жөндөмдүү, металлдар жана нуклеофилдүү реагенттер менен орун алмашуу реакциясына кирет. Орг. синтезде алгачкы сырье, этилдөөчү реагент, өрт өчүрүүчү зат курамынын компоненти катары колдонулат. Наркоздук жана ооруну басаңдатуучу касиетке ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]