Бром кислотасы

Википедия дан

Бром кислотасы, HBrO3 - бир негиздүү орг. эмес к-та. Эркин түрүндө алына элек, суудагы эритмеси гана белгилүү, абада жана ысытканда ажырайт: күчтүү к-та, окистендиргич. Бромду хлор менен сууда окистендирүүдөн же Ba(BrO3)2 тузун күкүрт к-тасы менен ажыратууда алынат:

Br2+6H2O+5CI22HBrO3+10HCI;

Ba(BrO3)2+H2SO4BaSO4+2HBrO3.

Туздары – броматтар түссүз кристаллдар, кадимки шартта туруктуу, жогорку темп-рада кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен ажырайт: щелочтуу металдардын броматтары үчүн:

MBrO3MBr+1,502

Башка металлдар броматтары үчүн төмөнкүдөй болот:

М(BrO3)2MO+Br2+2,502

Б.к. жана анын туздары күчтүү окистендиргич касиетке ээ болуп, бром ионуна же эркин бромго чейин калыбына келет. Аналитикалык лаб-яда жана окистендиргич катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]