Бронзалар

Википедия дан

Бронзалар – жез башка металлдар менен болгон куймалары. Б. калайлуу (33 % Sn), алюминийлүү (5-11 % Al), бериллийлүү (1,8-2,3 % Be), кадмийлүү (1 % Cd), коргошундуу (27-33 % Pb) жана башка болуп бөлүнөт. Жез менен никель куймалары мельхиор константант, никелин, ал эми цинк менен алынган куймалары латунь деп аталат. 40 % Zn, 1-1,5 % чейин Fe, Mn, Al, Ni, калганы жезден турган куйма – Рюбел бронзасы, жез жана көбүрөөк сандагы марганецтен алынган куйма манганин деп аталат. Эң байыркы бронза болуп калайлуу куйма эсептелет. Археологиялык жана металлографиялык изилдөөнүн негизинде байыркы бронза курамындагы жез жана калай саны, азыркы убактагы изилдөөнүн негизинде алынган куймалардагы жез менен калайдын саны менен бирдей экендиги аныкталган. Калайсыз бронзаларга алюминийлүү, кремнийлүү, марганецтүү жана башка куймалар кирет. Булар негизинен техникада керектелет. Азыркы убактагы Б. көп компоненттүү куймадан турат. Кош жана көп компоненттүү куймалар өзгөчө Б. деп аталат. Б-нын физ.-хим. жана механикалык касиеттери анын хим. курамына, түзүлүшүнө жараша болот. Берилген курамдагы Б. хим. түзүлүшү жана касиети аны алуу жолуна, башкача айтканда кристаллдашуу убагындагы муздоо ылдамдыгына, термикалык иштетүүнүн мүнөзүнө, басым алдындагы иштетүүсүнө жараша болот. Б. түзүлүшү бир, эки, үч жана татаал фазалуу болот. Б. хим. курамына жараша телескоптук рефлекторлор күзгүлөрүн, скульптуралар, коңгуроолор, тыйындар, зергер жана тиричилик буюмдарын, машина жана самолет куруу өнөр жайларда ар түрдүү тетиктерди, коррозияга туруктуу жана телефон, телеграф зымдарын жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]