Бронхит

Википедия дан

Бронхит (лат. bronchitis, бронх + -itis — сезгенүү) — бронхтордун сезгениши; дем алуу органдарынын көп учураган оорусу. Бронхиттин катуу кармоочу жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган бронхитти жугуштуу ооруларды козгоочу микробдор пайда кылат. Ал мурун, коконун (к. Ларингит), кулкун (к. Фарингит) жана кекиртектин (к. Трахеит) сезгенүүлөрү менен коштолот.

Бронхиттин пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул дарттын пайда болушуна суукка урунуу, аба температурасынын кескин өзгөрүшү жана нымдуу абада көпкө болуу себеп болот, ошондуктан жылдын жаз же күз маалында көп кезигет. Ошондой эле тамеки тартуу, арак ичүү өнөкөт оорулардан организмдин начарлашы түрткү берет. Кээде бронхит дүүлүктүргүч уулуу газ, эфир майлары, чаңдын таасиринен да болот.

Катуу кармаган бронхит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу кармаган бронхитте булчуң эт ооруйт, мурун бүтөт, көкүрөк кысылат. Андан кийин акырындап жөтөл күчөйт, аз болсо да какырык пайда болот, дене ысыйт. Оорулуу догдурдун көрсөтмөсүн так аткарып, гигиеналык талапты сактаган учурда бир нече күндө толук айыгып кетет, кээде көпкө созулуп өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Катуу кармаган бронхитти туура эмес дарылоо, организмдин начарлоосу өнөкөт бронхитке алып келет. Ошондой эле жогорку дем алуу жолунун бат-бат оорушу, бронхтун былжыр челине уулуу газдар, чаң көпкө таасир эткенде да болот. Бронхит кармаган кезде катуу жөтөлөт, боз-жашыл какырык чыгат. Терең дем алганда, жөтөлгөндө көкүрөк ооруйт; катуу басканда, тепкичтен көтөрүлгөндө дем кыстыгат, денеси ысыйт (37,5—38° чейин). Оору басаңдаганда бул белгилер жок болот же аз байкалат. Оору кышында күчөп, көбүнчө башка оорулар менен коштолот. Катуу кармаган бронхитте анын формасы менен стадиясына жараша ар түрдүү дарылар берилет. Төшөккө жатуу, туура тамактануу, жылуу суюктукту көп ичүү (дан куурай кыямы менен чай, сода же минерал суусу кошулган сүт), бышкан картошканын буусу менен дем алуу, бутка горчица ваннасын жасоо жеңилдик берет.

Өнөкөт бронхит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өнөкөт бронхитти догдур дарылайт, оору күчөп кеткенде ооруканада дарыланат. Оорулуу өз убагында врачка кайрылса дарылоо натыйжалуу болот. Оору күчөгөн кезде дары-дармектен башка оорулууну багууну жана гигиеналык шартты жакшыртып, оорулуу жаткан бөлмө жылуу, кургак жана жакшы желдетилип турулушу зарыл. Катуу жөтөлүп же болбосо деми кыстыгып кеткен учурда оорулууну кроватка же стулга колу менен таянтып отургузат. Какырыкты атайын хлораминдин 5%түү эритмеси бар түкүргүчкө түкүртүү керек. Оору күчөп турган учурда витаминдүү, белоктуу тамак берилет, анткени какырык арбын чыкканда организм белокту көп жоготот. Атайын дарылоо гимнастикасын жасап, туура, терең дем алууга үйрөтүү талапка ылайык.

Бронхиттин алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өнөкөт жана катуу кармаган бронхитти алдын алууда организмди чыңдоонун мааниси чоң. Абада көпкө болуу, суу процедуралары организмдин жугуштуу ооруларга туруктуулугун арттырат. Организмди чыңдоо процедураларын акырындык менен ар кимдин өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүү зарыл. Организмди чыңдоону аба ваннасынан баштоо оң. Бул процедурага көнгөндөн кийин денени адегенде нымдалган андан кийин сууланган сүлгү менен сүртүү, кийинчерээк 30—32° суу, акырындык менен күнүгө температурасы төмөндөтүлгөн суу куюнуш керек. Бронхитти алдын алууда төмөнкү ооруларды: мурундун былжыр челинин сезгениши, тонзиллитти, мурундун кошумча кобулдарынын ооруларын өз убагында дарылоо, абанын булганышына каршы чараларды жүргүзүү зарыл. ,

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8