Бронхтор

Википедия дан
Трахея менен кекиртектин алдынан көрүнүшү.

Бронтор (гр. βρόγχος — «кекиртек») — дем алуу кекиртегинин (трахеянын) бутакчасы; ал аркылуу өпкөгө аба келет жана өпкөдөн аба чыгат. Трахея көкүрөк көңдөйүнө келгенде оң жана сол биринчилик брохторго бөлүнүп, оң жана сол өпкөгө кирет. Андан ары дагы майда бутактарга — экинчилик брохторго бөлүнүп, бронх дарагы пайда болот. Биринчилик брохтордун диаметри 1,5—2 см, ага диагноз коюу жана бөтөн нерселерди чыгаруу үчүн атайын аппаратты — бронхоскопту киргизүүгө болот. Эң майда микроскопиялык түзүлүштөгү бронтор бронхиолалар деп аталат. Алардын учтарында альвеолалардан түзүлгөн өпкөнүн дем алдыргыч тканы жайгашкан.

Брохтор кемирчек шакекчелерден жана жылма булчуңдан турат. Майда брохтордун булчуңдары бронх астмасында рефлекстүү жыйрылат. Брохтордун ички бети ыргалма эпителийлүү былжыр чел менен капталган. Бул эпителийдин клеткаларында түкчөлөр болуп, алар дем алуу жолуна түшкөн бөтөн нерселерди (чаң жана башкалар) кыймылы менен кайра чыгарат.

Ширлтемеле[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4