Буддизм
Буддизм - келип чыгуусу боюнча эң алгачкы дүйнөлүк дин. Башка диндер кыйла кийинчерээк пайда болгон: христиан дини беш жүз жыл кийин пайда болсо, Ислам дини миң жылдан кийин пайда болгон.
2. Буддизмди окутуу негиздери.
Буддизм окуусунун негиздери жөнүндөгү маектешүүгө бир эскертуу бере кетсек. Анткени, эч кандай "буддизм" болгон эмес жана жок.
3. Хинаяна жана Махаяна буддизмдеринин мектептери жана агымдары.
Буддизм, негизинен, эч качан бир бүтүн дин болгон эмес, будда дининин өзүндө Будда паринирванасынан кийин гана ар кандай агымдар жана багыттар пайда боло баштаган деп айтылат.
4. Махаянанын доктриналык текстери (сутранын адабияты).
Махаянанын сутраларынын пайда болуусу буддизм тарыхындагы эң табышмактуу учур болуп саналат. Бизде анын автору жана пайда болгон мезгили жөнүндө так маалымат жок.
5. Классикалык буддизм философиясы: Мадхьямика (Шуньявада) "мадхьямиканы" "ортолук жөнүндө окуу" деп которсо болот ("мадхьяма" - ортолук деген сөздөн).
6. Классикалык буддизм философиясы: Йогачара (Виджнянавада) жана Татхагатагарбхи теориясы. Йогачара мектебинин философиясы буддизмдик гана эмес индиялык системанын ичинен да эң оору.
7. Ваджраяна (тантрикалык буддизм).
Биздин доордун I миң жылдыгынын экинчи жарымында Махаянанын буддизминде уламдан-улам жаны агым пайда болуп жана формалдашып келген, Ваджраяна же тантрикалык буддизмдин аталышын алган Яна (дөңгөлөктүү араба) - бул агым өзүнүн мекени болгон Индияда буддимздин өнүгүү этабынын аякташы эле.
8. Тибеттеги буддизм салты.
Тибеттеги буддиздин таралуусу башында легендалар менен коштолгон, бирок "Кар мекенинин" эли индия окуусу жөнүндө VII кылымда гана тааныша баштаган.
9. Буддизм Кытайда жана Алыскы Чыгышта.
Буддизмдин Кытайга тароосу жана өздүк кытай буддизм салтынын пайда болуусу кытай маданий тарыхында (Кытай менен Батыштын ортосундагы интенсивдүү карым-катыш Жаны дооруна чейинки) маданият аралык алыш-бериш үлгүсү болуп саналат.
10. Россия жана чет өлкөд= буддизмди излдөө очерктеринин тарыхы.
Буддизим динин илимий изилдөө Европада XIX кылымдын башында башталган.
7. Ваджраяна (тантрикалык буддизм).
Биздин доордун I- миң жылдыгынын экинчи жарымында Махаянанын буддизминде уламдан-улам жаны агым пайда болуп жана формалдашып келген, Ваджраяна же тантрикалык буддизмдин аталышын алган Яна (дөңгөлөктүү араба)-бул агым өзүнүн мекени болгон Индияда буддимздин өнүгүү этабынын аякташы эле.
8. Тибеттеги буддизм салты.
Тибеттеги буддиздин таралуусу башында легендалар менен коштолгон, бирок "Кар мекенинин" эли индия окуусу жөнүндө VII кылымда гана тааныша баштаган.
9. Буддизм Кытайда жана Алыскы Чыгышта.
Буддизмдин Кытайга тароосу жана өздүк кытай буддизм салтынын пайда болуусу кытай маданий тарыхында (Кытай менен Батыштын ортосундагы интенсивдүү карым-катыш Жаны дооруна чейинки) маданият аралык алыш-бериш үлгүсү болуп саналат.
10. Россия жана чет өлкөдө буддизмди изилдөө очерктеринин тарыхы.
Буддизим динин илимий изилдөө Европада XIX кылымдын башында башталган.
Буддизм деген термин дүйнөлүк буддоложи илиминде колдонулган менен кыргыздын өзүндө, бурят, моңгол, калмак, тыва, алтай, эски уйгурлар сыяктуу эле өзүнүн төл сөзү бар, ал Бурканчылык. Башкача айтканда, Буркан - бул Будда деген сөз. Азыркы Кыргыз Улусунун кыргыздар 18-кылымдан тарта исламдаша баштагандан соң бул сөз дээрлик унутта калып келет. Деген менен кыргыздардын арасында Буркан деген сөз бачым-бачым жолугуп, көбүнесе ыйык деген мааниде колдонулаары белгилүү. Андан сырткары Ысык-Ата аймагында жылуу суунун жанынла Буркандын ташы делип жергиликтүү кыргыздар ат койгон чооң Буркандын сүрөтү тартылган сыйынчу жер бар экени белгилүү. Анча-мынча карыялар Бурканга ишенебиз дегендери да бар деп Кыргыз Илимдер Академиясы да жазып келет.
Бурканчылык кыргыздардын арасында тээ Кытайдагы тарбагатайлык боордошторубузда кеңири жайылган деп айтылып келет. Кыргыз тилинде Будда кечилканасын нукура өзүбүздүн тилибизде "Курул" же "Күрө" деп атаса болот. Моңголдогу жана тарбагатайдагы кыргыздар так ушинтип аташат. Сутраны болсо "Сүтүр же Сүдүр" дешет. Монахты Буркан Бакшы десек. Анткени Бакшы деген сөздүн этимологиясына жана семантиктик маанисине кайрыла турган болсок туура тээ илгерки санскрит тилиндеги BHIKSHU деген сөздөн келээри божомолдонулуп келет. Андан сырткары кытайдын BIQIU деген сөзү дал ушул сөз экени Буркан таанууда айкын болуп келет. Кыргыздардагы бурканчылык боюнча кийинки маалыматтар Чокон Валихановдун күндөлүктөрүндө сакталып калган. Ал бир жазмасында кыргыздын жалайыр урууларында (Ысык-Көл тарапта, бирок булар калмак уруулары эмес) конокто болуп, уруу башчысы конокторду сыйлап жатып, эки колун бурканча бириктирип, тибет тилинде сүдүрдү окуп туруп гана тамакка киришкени тууралуу эскерет. Бул деген кыргыздардын айрым бир уруулары 19-кылымдын айак черинде да Ылам (ламаизм) бурканчылыгын тутунгандыгы тууралуу кабар берет.