Булут

Wikipedia дан

Булут – өтө майда муз кристаллдары менен суу тамчыларынын атмосферада топтолушу. Ал тропосферада суу буусунун көбөйүшүнөн пайда болот.

Айрым булуттарда суу тамчылары жана кристаллдары чоңойсо, жаан-чачын түрүндө (кыроо, жамгыр, мөндүр, кар) жерге түшөт. Булуттагы 1 м3 булуттун массасында граммдын үлүшүнөн бир нече граммга чейинки тамчылуу суюк жана кристаллдуу суу кармалып турат. Булут катмары жарык нурун начарлатып, бир катар оптикалык кубулуштардын пайда болушуна себеп болот. Булуттарга дүйнөнүн миңдеген метеорологиялык станциялары ар дайым байкоо жүргүзөт.

Булуттардын классификациясы[оңдоо]

Булуттардын классификациясы

Булуттар жайгашуу бийиктигине жараша жогорку, ортоңку жана төмөнкү булуттарга айырмаланат. Булуттар катмары (ярус) жана негизги формасы бонча жогорку катмардагы булуттар, ортоңку катмардагы булуттар, төмөнкү катмардагы булуттар тик катмардагы булуттарга бөлүнөт.

Жогорку катмардагы булуттардын бийиктиги 6 кмден жогору. Аларга канат сымал, канат сымал түрмөктөлгөн, канат сымал катмарланган булуттар кирет.

Жогорку катмардагы булуттардын түзүлүшү

Ортоңку катмардагы булуттардын бийиктиги 2–6 км. Алар бийик түрмөктөлгөн жана бийик катмарланган булуттардан турат.
Төмөнкү катмардагы булуттардын бийиктиги 2 кмден төмөн. Алар катмарланган – түрмөк, катмарланган жана катмарланган – жамгырлуу булуттардан куралат.
Тик катмардагы булуттарга түрмөктөлгөн, түрмөктөлгөн ­ жамгырлуу булуттар кирет. Булут стратосферада седеп түстө, мезосферада күмүштөй ак түстө болот. Азыр илим менен техниканын жетишкендиктери булуттан жаан жаадырат, чогулган булуттарды таркатат, мөндүрдүн түшүшүн токтотот.

Булут артындагы жаркыроо[оңдоо]

Булут артындагы жаркыроо – асман чүмкөгүнөн көрүнгөн нурлар. Көбүнчө асманда түрмөктөлгөн ала булут болуп, Күн батып бара жаткан мезгилде көрүнөт. Күн нуру үзүлгөн булуттардын арасынан өтүп, күүгүм тарткан абаны жарык кылат. Башкача айтканда жаан эртең менен жана кечинде Күн горизонттун ары жагында болгон учурда байкалышы мүмкүн. Кээде бул учурда булут алтын сымал жалтылдаган түскө ээ болот.

Булут системалары[оңдоо]

Булут системалары, булут чогулмалары адатта планеталык масштабга ээ. Булуттардын макросистемасына жана мезосистемасына (же жергиликтүү системасына) айырмаланат. Макросистеманын узундугу миңдеген километрге жетет, ал бир суткадан 5 суткага чейин турат. Мезосистеманын узундугу ондогон жана жүздөгөн километрге жетет, ал бир нече гана саат турат. Булут системалары мезгил жана мейкиндик бонча формасын, өлчөмүн жана бийиктигин өзгөртүүнүн белгилүү ырааты менен мүнөздөлөт. Булут системаларынын бир түрү булуттардын фендик валы деп аталат. Мындай түрдөгү булуттар тоо кыркаларынан жана ашуулардан күчтүү аба агымы жүргөндө чокуларда пайда болот.

Булуттардын иризациясы[оңдоо]

Булуттардын иризациясы – Күндөн 30°тан ашык аралыкта турган түрмөктөлгөн булуттардын чет жакасындагы күн желеси сыяктуу түс. Адатта бул түстө кызыл жана жашыл басымдуулук кылат. Бул кубулуш жарык нурларынын дифракциясына негизделген. Булуттардын түскө боёлгон бөлүктөрү венецтин чоң диаметрлүү сегменттери болот. Кубулуштун аталышы грек. “ирис” күн желеси деген сөздөн чыккан.

Күмүш түстүү булуттар[оңдоо]

Күмүш түстүү булуттар – Жер бетинен 70 – 90 км бийиктиктеги мезосферада пайда болуучу булуттун өтө жука катмары.
Кээде түнкү асманда күмүш сымал начар жаркырап көзгө чалдыгат. Жылдыз жарыгын өткөрөт. Булут күмүш сымал көгүш ак түскө боёлгон. Алардын өзгөчөлүгү Күн горизонттун астына 6 – 16°ка киргенде, күүгүм ченде зенитке жакын, асмандын түндүк жарымынан көрүнөт. Алар вулкан же космос чаңдарынын муздаган кристаллдарынан турат деп болжолдонот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов