Булчуң системасы

Wikipedia дан
Кишинин булчуң системасы: 1—бет булчуңдары; 2—моюндун тери алдындагы булчуңу; 3— салаа сымал булчуң; 4— көкүрөктүн чоң булчуңу; 5— билек булчуңу; 6— курсактын кыйшык булчуңу; 7 — сан булчуңдары; 8— сандын төрт баштуу булчуңунун тарамышы; 9— манжаны жазуучу узун булчуң тарамышы; 10—манжаны жазуучу узун булчуң; 11— кол манжасын бүгүүчү булчуң; 12 — курсактын түз булчуңу; 13— ийиндин эки баштуу булчуңу; 14— кабырга арасындагы булчуң.

Булчуң системасы. Адамдын денесинде орто эсеп менен бөөдөн ашык ар түрдүү формадагы жана түзүлүштөгү булчуң эттер бар. Алар чоюлууга, кыскарууга, жооноюуга жана ичкерүүгө жөндөмдүү. Булчуңдардын бир түрү — туура ала булчуң тканынан, экинчиси жылма булчуң тканынан турат.

Туура ала булчуңдар[оңдоо]

Туура ала булчуңдар негизинен скелет булчуңдарын түзөт. Булчуңдар кыймылдоо, жумуш аткаруу мезгилинде көп энергия бөлүп чыгарат. Ал энергиянын 30%и механикалык иш аткарууга жумшалат. Ал эми анын 70%и жылуулукка айланат. Ошентип булчуң системасы денедеги жылуулук пайда кылуучу эң күчтүү генератор да болуп эсептелет. Эгерде булчуңдарды туурасынан жука кесип карасак, анда ар бир булчуң өзүнчө талтал жипчелерден турарын көрөбүз. Ал жипчелер бири-бири менен байламта ткандар менен туташып, булчуңдарды түзөт. Булчуң жипчелерин туташтыруучу байламта ткандар ар бир булчуңдун учунда булчуң тарамыштарына айланат (к. Тарамыш). Бул тарамыштардын жардамы менен булчуңдар сөөктөргө бекийт. Сөөккө бекүүчү тарамыштардын талчалары кыл аркан сыяктуу оролуп, чоюлганда өзүнүн алгачкы узундугунан 4%ке чейин узарат.

Денедеги бардык булчуңдардын жетишерлик өлчөмдө кан тамыры жана нервдери болот. Ошондуктан, булчуңдарда зат алмашуу жүрүп, иши ойдогудай тартипке салынып турат.

Сырткы көрүнүшү жана аткарган милдеттери[оңдоо]

Булчуңдар сырткы көрүнүшү боюнча узун, кыска, жазы, жумуру, тегерек жана түз болот. Ал эми аткарган милдетине карата булчуңдар жумдургуч, ачтыргыч, бүктүргүч, жаздыргыч, денеге жакындатуучу жана денеден алыстатуучу болуп бөлүнөт. Сөөккө бекүүчү учтарынын саны боюнча булчуңдар бир ача, эки ача, үч ача жана төрт ачалуу болот. Ар кандай топтогу булчуңдардын функциялары ар түрдүү.

Кол-буттун булчуңдары басып жүрүүдө жана ар кыл. кара жумуш аткарууда башкы роль ойнойт. Айрыкча киши үчүн эмгек органы болуп калган колдун кыймылы көп түрдүү. Ийин муунундагы кыймылды бир учу ийин курчоосунун сөөктөрүнө, ал эми экинчи учу карууга бекиген булчуңдар аткарат. Кишинин манжаларынын абдан чебер кыймылы билекке, кырк муунга жана алакан сөөктөрүнө жайгашкан көп булчуңдардын жыйрылуусу жана жазылуусу менен болот. Ал булчуңдар манжа сөөктөрү менен узун тарамыш аркылуу байланышкан. Кишинин буттарынын булчуңдары кабелтең, демек булар колдун булчуңдарынан күчтүү болот. Бут басып жүрүү функциясын аткарат жана дененин бүт салмагын көтөрөт. Кишинин жото жилигинин арткы бетинде жаткан балтыр булчуңу өтө күчтүү өөрчүгөн. Бул булчуң жыйрылып бутту тизеде бүгөт, согончокту өйдө көтөрөт жана буттун кетменин сыртка бурат. Мындай кыймыл басуу жана жүгүрүүдө маанилүү. Кишиде соору булчуңдары да жакшы өөрчүгөн. Булар жамбаш сөөккө жана кашка жиликке бекийт. Соору булчуңдары чыйралышып жамбаш муунду былк эттирбейт. Бул биздин денебиздин тик туруу абалын сактоодо чоң роль ойнойт. Омуртка булчуңдары бут булчуңдары менен кошулуп, кишинин денесин тик абалда кармап турууга катышат жана башка кыйла функцияларды аткарат. Желке булчуңдары бир учу менен баш сөөккө, ал эми экинчиси менен тулку сөөктөрүнө бекийт. Булар жыйрылып башты шылкыйтпай түз кармайт.

Булчуңдар[оңдоо]

Дененин тик абалын сактоодо омуртка булчуңдардын мааниси зор; булар омуртка тутумун бойлоп жайгашып, артка багытталган кыр урчуктарына бекийт. Көкүрөк булчуңдары колдун жана дем алуу кыймылдарына катышат. Мисалы, төштүн чоң булчуңу колду ылдый түшүрүүгө жана терең дем алууга катышат. Курсак булчуңдары ар түрдүү функцияларды аткарат. Тулку бойдун эңкейүүсү, капталга кыйшаюусу, оңго, солго бурулуусу ушул булчуңдардын ар кайсы тобунун жыйрылышына байланыштуу болот. Ич булчуңдар чогуу жыйрылганда курсактын бети курсак көңдөйүндөгү ички органдарды басып пресс сыяктуу кысат.

Баш булчуңдары[оңдоо]

Баш булчуңдары кызматына жараша чайнаткыч жана ымдооч болуп эки топко бөлүнөт. Сүйүнүү, өкүнүү, кубануу, жек көрүү, ойлонуу, кыжырлануу, үрөй учуу, таңыркоо жана башка кишинин жүзүнүн ырайын өзгөртөт. Беттин ушундай өзгөрүп кыймылдашы — мимика-ымдооч булчуңдардын жыйрылышы жана жазылуусу менен болот, булардын бир учу адатта баш сөөккө, экинчиси териге бекиген. Ымдооч булчуңдар кишиде жана маймылдарда гана жакшы өөрчүгөн. Чайнаткыч булчуңдар жыйрылып, астыңкы жаакты көтөрөт. Андан башка бул булчуңдар алмак-салмак таасир көрсөтүү менен астыңкы жаакты оңго-солго, алга-артка бир аз кыймылдатат.

Булчуңдардын ичинен түзүлүшү боюнча жүрөк булчуңу өзгөчө орунда турат. Жүрөк булчуңу скелет булчуңуна да окшобойт. Жүрөк булчуңу өмүр бою өзүнчө бир ыргак менен жыйрылып жана бошоңдоп турат.

Жылма булчуңдар[оңдоо]

Жылма булчуңдар негизинен артерия, вена жана лимфа тамырларынын беттерин, тамак сиңирүүчү органдарды, дем алуу органдарын, өт баштыгын, табарсыкты жана жатынды түзөт. Жылма булчуңдар чачты тургузат, тери бездерин курчайт. Керектүү учурда көздүн карегин чоңойтот жана кичирейтет. Жылма булчуңдар өмүр бою өтө кылдат, бир калыпта жыйрылып жана бошоңдоп иштейт. Ошонун негизинде адам уктап жатса да анын ичкен тамагы тамак сиңирүүчү система аркылуу акырындап жылып жана сиңе берет. Жылма булчуңдардын бул ишин вегетатив жана борбордук нерв системасы башкарат. Булчуң системасы адам жашына жараша өзгөрүп жана өсүп турат.

Баланын булчуң системасы[оңдоо]

Баланын булчуң эти анын жалпы салмагынын 23%ин гана түзөт. Сегиз жаштагы баланын булчуң эти анын жалпы салмагынын 27%ин, ал эми 15 жашка толгондо 33%ке чейин өсөт. Адам бойго жеткенде бул салмак 35 — 40%ке чейин көбөйөт. Ымыркай баланын булчуңдарында кан тамырлар менен нервдер жетиштүү болгону менен бириктиргич ткандар начар өөрчүгөн. Бара-бара жипчелери жооноюп, булчуңдар өздөрүнүн туруктуу түрлөрүнө айланат жана аларга күч кирет. Каргыш менен тарамыштардын сөөктөргө бекүүчү аянттары чоңоёт, акырындап булчуң системасынын түзүлүшү боюнча эркек бала кыз баладан айырмалана баштайт. Ал эми адам улгайган жана карыган сайын анын булчуң системасы акырындап алсызданып, салмагы 30%ке чейин азаят.

Булчуң системасынын оорулары.[оңдоо]

Булчуң системасынын оорулары. Өөрчүү кемтигинде диафрагманын өөрчүшү бузулуп, чурку пайда болот. Зат алмашуу бузулганда, сезгенүү процессинде, шишик пайда болгондо, травмада, ошондой эле ири артериялар бүтөлүп калганда анын тегерегиндеги булчуң тканы бузулат. Ар кандай себептерден булчуңдар начарлап, булчуң талчалары ичкерет. Кары кишилерде булчуңдун атрофиясы физиологиялык кубулуш болуп эсептелет. Кээде нерв системасынын ооруларында, жалпы организмди ууландыруучу ооруларда, булчуңдун функциясы бузулганда атрофия болушу мүмкүн. Булчуңдун гипертрофиясы демейде физиологиялык жана машыгуудан болот. Булчуң гипертрофиясы кээ бир тукум куума ооруларда байкалат.

Булчуңдун шишик оорулары аз кезигет. Булчуң системасынын сезгенүү ооруларынан миозит көп кездешет. Абсцесс (ириңдүү шишик) — болгон учурда хирургиялык жол менен дарылайт. Булчуң урунганда ооруп, шишип чыгат (к. Кокустатуу). Булчуң үзүлүп кетсе операция жасап тигет, бир аз айрылса, таңып койсо эле бүтүп калат. Булчуң өтө жабыркаса тырык болуп, контрактурага алып келет. Булчуңдун кызматын калыбына келтирүүдө массаж, айыктыруу физкультурасынын мааниси чоң.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8