Бурсит

Wikipedia дан
Бусит

Бусит — муундардын былжырлуу баштыкчасынын сезгениши. Көбүнчө чыканак, ийин, тизе, кызыл ашык, жамбаш муундары жабыркайт.

Бурситтин пайда болушу[оңдоо]

Катуу кармама бурсит демейде кырсыкка чалдыгуунун кесепетинен же ириңдүү оорулардын, мисалы, сыздоок, чыйкан, остеомиелит жана башка, ошондой эле жугуштуу оорулардын (сасык тумоо, бруцеллёз жана башка) кабылдоосунан болот.

Өнөкөт бурсит кесипке байланыштуу пайда болуп, көбүнчө тоо-кен жумушчулары, жүк көтөргөндөр, паркет тазалагандар, спортсмендерде көп жолугат. Катуу кармама бурситте муундун тушу кызарып, шишимик тартып ооруйт. Муундун кыймылы азаят, кээде эт ысып, жалпы абал начарлайт. Ал күчөгөндө сезгенүү муунга (к. Артрит) же жумшак тканга өтүп, тери алдында же булчуң арасында флегмона пайда болот. Күчөп кеткенде ал жер тешилип, көпкө айыкпайт, кээде операция жасоого туура келет.

Оорунун белгилери[оңдоо]

Оорунун алгач белгилери билинер замат догдурга кайрылуу зарыл. Өнөкөт түрүн күчөтпөй дарылоо керек. Кырсыкка чалдыгуудан бурситти болтурбоо үчүн муундарды коргоочу таңгак жана башка коргонгучтарды пайдалануу зарыл. Муундун тушундагы тери жабыркаса дезинфекциялоочу заттарды жакшылап сыйпоо, ириңдүү ооруларды өз убагында дарылоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8