Бурунди

Википедия дан

Бурунди, Бурунди Республикасы – Африканын борбордук бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүгүнөн Руанда, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Танзания, батышынан Конго Демократиялык Республикасы жана Танганика көлү менен чектешет. Аянты 27,8 миң км2. Калкы 7,7 млн (2005). Борбору Бужумбура шаары. Расмий тили француз, рунди тилдери. Акча бирдиги бурунди франкы. Администрациялык-аймактык жактан 16 провинцияга бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):

Провинция

Аянты,

км2

Калкы,

миң

Администрациялык

борбору

Бубанза

1,09

354,4

Бубанза

Бужумбура

1,42

901,3

Бужумбура

Бурури

2,47

493,5

Бурури

Гитега

1,98

675,0

Гитега

Карузи

1,46

479,7

Карузи

Каянза

1,23

486,9

Каянза

Кирундо

1,70

602,1

Кирундо

Макамба

1,96

499,7

Макамба

Мваро

0,84

274,9

Мваро

Муйинга

1,84

595,9

Муйинга

Мурамвья

0,60

303,5

Мурамвья

Нгози

1,47

719,2

Нгози

Руйиги

2,34

369,8

Руйиги

Рутана

1,96

293,6

Рутана

Чанкузо

1,96

202,3

Чанкузо

Чибитоке

1,64

490,9

Чибитоке

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурунди унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 28-февралда 2005-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы президент. Аткаруу бийлиги президент, вице-президент жана министрлер кабинети тарабынан ишке ашырылат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Улуттук Ассамблея жана Сенат). Саясий партиялары: Демократияны коргоонун Улуттук кеңеши демократияны коргоо күчү, Бурунди демократия-фронту, Улуттук прогресс союзу.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Бөксө тоо ээлеп, батыштан чыгышты карай тепкич сымал 2100 мден 1400 мге чейин жапыстайт. Бөксө тоонун батышы меридиан багытында көтөрүлгөн кырка тоо (эң бийик жери 2684 м), түштүк-батышында Танганьика көлүнүн ойдуңу жана Рузиди дарыясынын өрөөнү жатат. Климаты субэкватордук, ойдуңдарында ысык, кургакчыл мезгил июндан октябрга чейин созулат. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө жаан-чачын 1000–1200 мм, Бөксө тоодо 1400–1600 ммге чейин. Айлык орточо температура 15–20°С, ойдуңдарда 23-25°С чейин, Бөксө тоодо 20°С. Негизги дарыялары: Рувубу, Аканьяру (Нилдин куймалары), Малагараси, Рузизи (Конгонун куймалары). Кен байлыктары: уран, никель, жез, кобальт, ванадий, чым көң. Жалбырагы күбүлмө, дайыма жашыл токойдун ордуна саванна жана маданий өсүмдүктөр ээлейт. Айрым жерлеринде токой кездешет. Жалпы аянты 154,7 миң га (2005) болгон коргоого алынган 15 табигый аймагы бар, анын ичинде Кивира, Рузизи, Рувубу улуттук парктары, резерваттар уюштурулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Африкадагы калк эң жыш отурукташкан өлкө. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 277 киши. Хуту же бахуту (81%), тутси (14%), пигмейлер, тва жана башка улуттун өкүлдөрү жашайт. Христиан (80% католик) жана салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Шаар калкы 9%. Бужумбура, Гитега, Нгози, Муйинга сыяктуу ири шаарлары бар:

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурундинин байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы аз изилденген. Жазма даректердеги маалыматтарда Бурундинин жергиликтүү эли пигмейлердин тва уруусу экендиги айтылат. Хуту уруулары 14-кылымда келип, твалар менен ассимиляцияланган. 15–16-кылымдарда Бурундинин аймагына түштүгүнөн эфиопиялык уруулар басып кирген. 18-кылымда азыркы Бурундинин аймагында Нтаре I (1720–60) башкарган мамлекет негизделип, айланасындагы урууларды бириктирген. Король Нтаре II (1825–52) башкарган жылдары бул мамлекет күч-кубаттуулукка жетишкен. 19-кылымдын 2-жарымында өлкө ичинде ич ара согуштар күч алып, андан пайдаланууну көздөгөн европалыктар 1899-ж. Усумбура шаарында (Бужумбура) германдык аскердик пост түзүшөт. 1903-жана башка королу Мвези II германдык губернатордун бийлигин таанып, Руанда аймагы менен Германия Чыгыш Африка колониясынын курамына кошулат жана Руанда-Урунди деп аталып калат. 1–дүйнөлүк согушта Руанда-Урундинин аймагын Бельгия каратып алат. 1922-ж. Улуттар Лигасы тарабынан Бельгияга бул жерлерди башкаруу мандаты берилет. 2-дүйнөлүк согуштан кийин, өзгөчө 50-жылдардын аягынан Бурундиде улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1962-ж. 27-июнда БУУнун атайын сессиясында РуандаУрундидеги бельгиялык опеканы жоюу жөнүндө чечим кабыл алынып, Руанда Республикасы жана Бурунди королдугу түзүлгөн. 1966-ж. 28-ноябрда аскердик төңкөрүштүн натыйжасында монархия жоюлуп, Бурунди республика болуп жарыяланган. Анын биринчи президенти жана өкмөт башчысы – М. Мичимберо. Бурундинин өкмөтү бейтарап болуу жана саясий-согуштук блокторго кошулбоо принцибин өлкөнүн тышкы саясатынын негизи деп жарыялаган. 1970–80-ж. жергиликтүү уруулар арасында өз ара кагылыштар күч алып, аскердик төңкөрүштөр болуп турган. 1987–93-ж. бийлик Улуттук сактап калуунун Убактылуу комитетинин колунда болгон. 1992-ж. жаңы конституция кабыл алынган. 1993-ж. өлкөдө көп партиялуу системага негизделген шайлоолор өткөрүлгөн. 1996-ж. аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген Пьер Буйойя Улуттук жыйналыш менен саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. 2005-ж. өткөн парламенттик шайлоодо Демократияны коргоо улуттук совети жеңишке жетишип, натыйжада ал партиянын лидери П. Нкурунзиза өлкөнүн президенти болуп шайланган.

Айыл чарба[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурунди агрардык өлкө, дүйнөдөгү кедей өлкөлөрдүн ичине кирет. ИДПдеги Айыл чарбасынын үлүшү – 45,6%, өнөр жайыныкы – 20,8% (2005). ИДини киши башына бөлүштүргөндө 700 доллардан (АКШ) туура келет. Бир аз вольфрам, ниобий-тантал, алтын, бастнезит, акиташ казылып алынат. 2003-ж. 141,3 млн кВт∙С электр энергиясын өндүргөн. Автомобиль жолунун узундугу 14,5 миң км. Темир жолу жок. Танганьика көлүндө кеме жүрөт. Пиво, эт-сүт продуктуларын чыгаруучу ишкана, тамеки, текстиль фабрикасы, ун, кант, айнек, цемент заводдору бар. Балык Танганьика көлүнөн кармалат. Мал багылат. Кофе, чай, пахта, буурчак, картошка, жүгөрү, шалы жана башка өстүрүлөт. Сыртка кофе, чай, пахта, айнек буюмдарын, булгаарыны, баалуу терилерди чыгарат. Сырттан оор машиналардын тетиктерин, транспорт жабдууларын, нефть жана нефть продукцияларын, кызыл мыя жана анын унун алат. Негизги сырткы соода шериктештери: Бельгия, Германия, Пакистан, АКШ, Руанда.

Билим берүү системасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү системасында башталгыч жана орто мектептер, кесиптик-техникалык окуу жайлар (мектеп базасында) жана ЖОЖдор бар. Бужумбурада Бурунди университети (1960; 1964), Жогорку педагогикалык мектеп (1957), Коммерциялык институт (1982), илимий мекемелер, китепкана, музей орун алган. «Ажанс бурундез де прес» мамлекеттик маалымат агентчилиги 1976-ж. негизделген. Телекөрсөтүүсү 1984-жылдан иштейт. Салттык архитектура жана искусство хуту, тутси, тва элдеринин чыгармачылыгынан көрүнөт; сокмо өнөрү (корзиналар, бойро сыяктуу), ийри-буйру жана найза сыяктуу сайма түшүрүлгөн декорация буюмдары; антраморфизм жана зооморфизм жыгач скульптуралары колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]