Бутандар
Бутандар, С4Н10, – түссүз газдар; мол. масс. 58,123. 2 изомери белгилүү: нормалдуу бутан СН3(СН2)2СН3 жана изобутан (2-метилпропан, триметилметан) (СН3)3СН. орг. эриткичтерде эришет, сууда эришпейт; Изобутан кристаллогидраттарды пайда кылат.
Бутандардын кээ бир касиеттери.
Б. – каныккан алифаттык углеводород; жаратылыш газынын жана нефть менен кошо чыгуучу газдар курамында кездешет. Өнөр жайларда Б. нефть фракцияларынан жана катализдик крекингдөө жана гидрокрекингдөө менен алынат. О. эле изо-Б. н-Б. алынат. Негизги алуу ыкмасы катализдик изомерлөө:
Pt
СН3-СН2-СН2-СН3 — СН3-СН(СН3)-СН3
Реакция 150-200оС, 1,4-2,8 МПа, катализатор жардамы менен жүрөт. Чыгышы 58-60 % Изо-Б. алкилдөө жана дегидрирлөө реакциясы мүнөздүү. н-Б. бутендерди, 1,3-бутадиен, уксус к-тасын, малеин ангидридин алууда колдонулат. Изо-Б. автобензиндердин жогорку октандуу компонентин, изобутиленди жана үчүнчүлүк гидропероксидин алууда пайдаланылат. Б. – күйүүчү газдар. Алар нерв системасына терс таасир тийгизет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|