Бутил спирттери

Википедия дан

Бутил спирттери (бутанолдор) С4Н9ОН – мол. масс. 74,12; 4 изомери белгилүү: н-бутил спирти (бутанол-1, пропилкарбинол); СН3-(СН2)3-ОН; экинчилик бутил спирти (бутанол-2, метилэтилкарбинол) СН3СН2СН(ОН)СН3; изобутил спирти (2-метил-1-пропанол, изопропилкарбинол) (СН3)2СН-СН2ОН; үчүнчүлүк бутил спирти (2-метил-2-пропанол, триметилкарбинол) (СН3)3СОН. Спирттерге мүнөздүү жыты бар, түссүз суюктуктар; көп орг. эриткичтер менен аралашат. Абадагы Б. с. бууларынын тыгызд. 2,56.

Хим. касиеттери б-ча Б. с. - кадимки алифаттык спирттер, мис., альдегиддер (кетондор) менен ацеталдарды (кеталдарды) пайда кылат: дегидратациялоодон олефиндер алынат. Үчүнчүлүк - Б. с. башкасы карбонил бирикмелерына чейин окистенишет. Мис., май альдегиди н-Б. с., метилэтилкетон – экинчилик - Б. с. алынат. Б. с. BCl3 менен 100C пентанда бораттар (C4H9O)3B, ал эми NH3 менен моно-, ди- жана трибутиламиндер пайда кылат. Өнөр жайларда н-Б. с. катализатор катышуусунда 120-1600С, 20-35 МПа пропилендин оксосинтезинен алынат:

СН3-СН=СН2 + СО + Н2СН3СН2СН2СНО

Май альдегиди

+Н2

+ (СН3)2СНСНО 

Изомай альдегиди

 СН3-(СН2)3ОН + (СН3)2-СН-СН2-ОН н-Б. с. Изо-Б. с.

O. эле н- Б. с.: а)пропиленден 1-1,5 МПа басымда алса болот.

СН3-СН=СН2 + 3СО + 2Н2О  н-Б. с. + Изо-Б.с. + 2СО2

Ацетальдегид, ацетальдоль жана кротон альдегиди аркылуу жез, никель катализаторлору катышуусунда гидирлөөдөн алынат:

2СН3СНО  СН3СН(ОН)СН2СНО —

-H2O

СН3СН=СНСНО

СН3-СН=СН-СНО + 2Н2 СН3-СН2-СН2-СН2-ОН

Бул процессти төмөнкү темп-рада жана басымда жүргүзүү керек. Тамак-аш ө. ж-нда глюкоза, крахмал жана башка углеводороддорду ферменттик ачытуудан алынат. Изо-Б.с. сивуха майларында көп болгондуктан аны фракциялап, кургак буулантуу менен да алса болот. Б. с. лактоочу заттарга, этилцеллюлозаны өндүрүүдө эриткич, мочевина-формальдегид жана меламин-формальдегид чайырлары үчүн модификатор катары, пластификаторлорду (мис., дибутилфталат, трибутилфосфат ж. б.) алууда, бутилацетатты, бутилакрилатты, изобутилксантогенатты, жуугуч заттарды, тамак-аш эссенциясын, дары-дармектерди, пестициддерди синтездөөдө колдонулат. Б. с. – антисептик, тормоздук суюктуктардын компоненти. Батракеева Г.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]