Бухара хандыгы

Википедия дан
Бухара хандыгы (1600-жылы)

Бухара хандыгыБорбордук Азиядагы 16–18-кылымда өкүм сүргөн феодалдык мамлекет. Тимуриддер мамлекети ыдырап кеткен мезгилде Шейбани хан тарабынан негизделген. Хандыктын борбору 16кылымдын аягында Самаркандан Бухара шаарына көчүрүлүп, мамлекет Бухара хандыгы деп атала баштаган. Абдулла хан Инин тушунда (1557–98) өлкө күч алып, аймагы кеңейген. 1573-ж. Балх жана Фергана, 1576-ж. Ташкентти, 1582–83-ж. Хорасанды, 1593–94-ж. Хорезмди басып алган. Россия менен соода жана дипломатиялык мамилелерди түзгөн. Абдулла хандын өлүмү, андан кийин анын уулунун өлтүрүлүшү менен Шейбаниддер династиясынын бийлиги бүтүп, Аштарханиддердин доору башталган. Бул мезгилде Бухара хандыгында ич ара согуштар, Иран, Хива хандыгы, ошондой эле казактар менен кагылышуулар болуп турган. 1740-ж. Ирандын башкаруучусу Надир шахтын аскерлери тарабынан басылып алынган. Надир шах өлгөн соң хандыктагы ич ара чыр-чатактардын натыйжасында, бийликке маңгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим келген жана ал өзүн эмир деп жарыялап, 1747-жылдан Бухара эмирлиги деп атала баштаган. Маңгыттардын доорунда ич ара чыр-чатактар күчөп, Хива, Кокон хандыктары менен согуштар, элдик көтөрүлүштөр (1821–25-ж. кытай-кыпчак көтөрүлүшү) Бухара хандыгын алсыраткан. 1868-ж. эмир аскерлери орус армиясынан жеңилүүгө дуушар болуп, Бухара хандыгы Россия империясына вассал мамлекет катары кошулган. 1920-ж. 2сентябрда Бухарада элдик көтөрүлүш чыгып, Кызыл Армиянын колдоосу менен эмирдин бийлиги кулатылган жана 8-сентябрда Бухара Советтик Эл Республикасы жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]