Бухараны камоо

Википедия дан
Бухараны курчоого алу‎»‎ барагынан багытталды)

Бухараны курчоого алуу 1220-жылдын мартында, б.а. моңголдор Хорезмшах мамлекетин басып алуу учурунда болгон аскердик жортуул. Чабуул учурунда Монгол империясынын ханы Чыңгызхан султан Мухаммед II башкарган хорезмшахтарга чек аранын ар кайсы тарабынан чабуул жасаган. Хорезмшах ири шаарларды жекече коргоону пландаса, монголдор чек арадагы Отрарды курчоого алып, Хорезмшах мамлекетине кыйратуучу соккуларды берүүнү пландаган.

Бухара шаары Хорезм мамлекетинын ири соода жана маданий борбору болгон. Шаар Монгол империясынын чек арасынан алыс жайгашкандыктан, Хорезмшах бул шаарды коргоо үчүн 20 миңдей аскерин бөлгөн. 30 000ден 50 000ге чейин болгон монгол жоокерлери чоң аскер үчүн өтпөс тосмо катары эсептелген Кызылкум чөлүнөн өтө алышкан. Монголдорду көргөн Бухараны коргоочуларынын айласы кетип, ийгиликсиз салгылашуудан жана үч күндүк каршылык көрсөтүүдөн кийин акыры багынып беришет. Хорезмшахка берилген жоокерлер чеп бузулганга чейин дагы эки жума бою аны коргоону улантышкан.

Монгол аскерлери чепке чогулгандардын баарын кырып, элдин көбүн кул кылып алышкан. Кол өнөрчүлөрдүн буюмдары монголдор тарабынан конфискацияланып, айрымдары согуштук аракеттерге катышкан. Ал кезде Бухара өрттөлсө да, зыяны салыштырмалуу аз болгон. Кыска убакыттын ичинде шаар соода, экономикалык жана маданий борборго айланып, Pax Mongolica мезгилинде дагы өнүккөн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Якут аль-Хамавинин географиялык маалыматында, монголдордун басып алуусунан мурда Бухара «Борбор Азиядагы эң ири шаарлардын катарына кирген»[1][түшүндүрмө 1].. Болжол менен 300 000 калкы жана 45 000 китептен турган китепканасы бар шаар Багдадга билим жана маданияттын борбору катары атаандаша алган[2][3]. Пой Калон мечити 1121-жылы пайдаланууга берилген, дүйнөдөгү эң чоң мечиттердин бири жана Минораи Калон жайгашкан болчу[4]. Шаарды 5-кылымда курулган Бухара аркасы курчап турчу жана коргонуу имараты катары кызмат кылган. Зарафшан дарыясынын суусун пайдалануу менен айыл чарба жерлери сугарылган[5].

Курчоого алу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бухарага чабуул жасалганда Хорезмшахтын такыр эси ооп калган. Ал Чыңгызхан адегенде Самаркандга чабуул жасап, ал жерден талаа аскерлерин да, Бухарада жайгашкан гарнизон да курчоодон бошотулат деп болжолдогон. Чынгызхандын аскерлеринин Кызылкумдан өтүшүнүн натыйжасында талаа аскерлери алсырап, душманга каршы согуша да, элине да жардам бере албай калган[6]. Тарыхчы Жувайнинин айтымында, Бухарадагы гарнизонду Гурхан деген киши башкарган[7]. 20-кылымдын башында тарыхчы Василий Бартольд колбашчы Чыңгыз хандын эски досу Жамуха болушу мүмкүн деп болжолдогон[8]. Көпчүлүк тарыхчылар бул мүмкүн эмес дешет. Анткени Жамуха 1206-жылы өлүм жазасына тартылган деп эсептелет[6][9].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 al-Hamawi, 1955, pp. 354–4
  2. Modelski, 2007
  3. Ahmad, 2000, p. 217
  4. Emin, 1989, pp. 8–10
  5. Nelson Frye, 1997, pp. 28–32
  6. 6.0 6.1 Sverdrup, 2017, pp. 151–153
  7. Juvaini, 1958, p. 103
  8. Barthold, 1968, pp. 119–120
  9. Mote, 1999, p. 422


Цитатанын катасы: <ref> tags exist for a group named "түшүндүрмө", but no corresponding <references group="түшүндүрмө"/> tag was found