Быйтыкча

Википедия дан
Көңүл көтөргөн быйтыкча

Көңүл көтөргөн быйтыктар (англ. smiley — «Жылмаю») же Бактылуу жүз (/)

Быйтыкты жазуу Эмнени түшүндүрөт? Графикалык белги
:) же =) Жылмаю ☺ / 😊
:D Күлүү 😁
:( Кейүү 😦
;) Көз кысуу 😉
:') Ыйлоо 😢

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1963-жылы Америкада 2 чоң камсыздандыруу компаниялары бириккен. Бул процесс бир топ кыйынчылыктарды жараткандыктан, компаниянын кызматкерлери чарчап, көпкө чейин маанайы пас жүрүшкөн. Мунун натыйжасында иштөө жөндөмдүүлүктөрү начарлай баштаган. Кардарларды жылмаюу менен кабыл алсын деген максатта компаниянын жетекчилери сүрөтчүдөн көргөн жанды кубанта турган белги ойлоп табууну суранышкан. Ошентип, сары быйтыкты америкалык сүрөтчү Харви Болл 10 мүнөттүн ичинде ойлоп таап, 45 доллар гонорар алган. Кагаз бетине тартылган жылмайган жүздү кардарларга жана иштегендерге таратып беришкен. Быйтык бардыгына жагып, жакшы натыйжа бергенин көргөн компания жетекчилиги дагы 10 миң быйтык заказ берет. Быйтыктар элге кагаз түрүндө сатыла баштайт. 1971-жылы элге 50 миллион быйтык сатылган. Кийин быйтыктар интернет дүйнөсүнө кирген. Азыр бардык колдонуучулар аны бекер эле колдоно алышат. Бара-бара быйтыктар жандана баштаган, башкача айтканда, анимациялык таризде да пайда болгон. Кийин бул жылмайган жүздүн ролун мультфильмдердин каармандары, жаныбарлар ойной башташкан. Болл өзүнүн ойлоп табуусу боюнча: «Ушул күнгө чейин адамзат тарыхында бардык адамдарга тараган жана сүйүнүч, бакыт тартуулаган, жөнөкөй гана, бирок баарына түшүнүктүү нерсе болгон эмес»,- дейт.