Бэмэ Якоб

Википедия дан
Бэмэ, Якоб‎»‎ барагынан багытталды)
Якоб Бэмэ.

Бэмэ Якоб (1575–1624) – немис философу. Кесиби өтүкчү. Негизги чыгармалары: «Аврора же жоготулган таң», «Маңыздын келип чыгышы жана аны актоо», «Улуу сыр же Моисейдин биринчи китебин талкулоо» жана башкалар. Бэмэ өзүнүн чыгармаларында Библиянын тексттеринин негизинде карама-каршы турган проблемаларды талдайт (натурфилософия, тилдин жана белгинин теориясы, антропология, этика), немис мистикасынын традицияларын жыйынтыктайт, Бэмэнин диалектикалык ой жүгүртүүсү образдарда өнүккөн (ааламдын, кыймылдын жана карама-каршылыктын биримдиги, кудай-ааламдын негиздөөчү). Гердер, Бадер, Ф. Шлегель, Гегель, Фейербах сыяктуу философтор Бэмэнин философиясын кабыл алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (Энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,ISBN 9967-14020-8