Бөйрөк

Wikipedia дан

Бөйрөк (лат. ren) — омурткалуу жаныбар менен кишинин заара бөлүп чыгаруучу жуп органы. Бөйрөк аркылуу заара менен кошо суу, азот алмашуунун акыркы продуктусу, туздар, организмдин өзүндө пайда болгон же сырттан кирген уу заттар бөлүнүп чыгат.

Анатомия[оңдоо]

Адамдын бөйрөгү ич көңдөйүндө 12-көкүрөк жана 3-бел омуртканын тушунан орун алган. Бөйрөк төө буурчак формасында, уз. 10— 12 см, салмагы 120—200 г. Оң бөйрөк Сол бөйрөккө караганда бир аз төмөн жатат.

Бөйрөк (бөйрөк тканы бир аз алынып ташталган): 1— бөйрөктүн кыртышы; 2— бөйрөк пирамидасы; 3— бөйрөк чөйчөкчөсү; 4—бөйрөк кан тамырлары (артерия жана вена); 5— бөйрөк күлтүкчөсү; 6— заара агуучу түтүк.

Бөйрөктүн жогорку, төмөнкү башы, сырткы жана ички жагы бар. Ички жагы оюңку келип дарбаза деп аталат. Ал аркылуу бөйрөк артериялары жана нервдер кирип, вена, лимфа тамырлары жана заара аккыч түтүк чыгат. Бөйрөктү фибриндүү кабык, бөйрөк май жана туташтырма ткандуу фасция курчап, алар аны өз ордунан жылдырбай турат. Бөйрөк кыртышы (каралжын) жана мээ сымал (ачык түстөгү) катмардан турат. Кыртыш катмарынын калыңдыгы 4—13 ммте чейин жетет. Бөйрөк белгилүү өлчөмдөгү жана составдагы заара бөлүп чыгарат. Заара менен кошо мочевина, сийдик кислотасы, туздар, суу жана башка чыгат. Бул заттарды тери, өпкө, ичеги, шилекей бези да чыгарат, бирок алар бөйрөктү эч алмаштыра албайт. Сийдик бөйрөк тканын түзүүчү нефрондордо пайда болот. Ар бир нефрон сийдик чыпкалануучу мальпиги (бөйрөк) денечелерден жана сийдик түтүкчөлөрдөн турат. Кишинин бөйрөгү аркылуу 1 минутада 1200 мл кан өтүп, бул убакта 120 мл, ал эми 1 суткада 150 л алгачкы заара (фильтрат) чыпкаланат. Чоң кишиде 5 лдей кан болору белгилүү. Демек бул кан суткада 350дөй жолу бөйрөктөн өтүп, жетишерлик тазаланат. Алгачкы заара нефрондун капсулаларынан заара түтүкчөлөрү аркылуу өтүүдө ал саны жана сапаты жагынан олуттуу өзгөрүүлөргө учурайт. Мында керектүү заттар клетка мембранасы аркылуу канга (реабсорбция), зыяндуу заттар кандан түтүкчөгө (секреция) өтөт. Сийдик чыгаруучу түтүкчөлөр биригип ири түтүкчөгө чогулат. Ал аркылуу сийдик адегенде кичине, андан кийин чоң чөйчөкчөгө жана бөйрөк түтүгүнө (лоханка) жыйылат. ал эле эмес организмдеги баланстарды тен салмакта кармап турууга да аябай чон салымы бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8