Бөкөөл

Википедия дан

Бөкөөл – бышкан этти устукандап табактарга бөлүштүрө билген адам. Тойлордо, аштарда жана башка чоң салтанаттарда келген элдин ичиндеги сакалдууларды, кадыр-барктууларды, даражалууларды бөкөөл жакшы билип, ошого жараша эркектерге, аялдарга текши табак жасап тарттырган.

Кыргыздардын салттуу мейманчылыгында мындай иш абдан татаал иштердин бири болгондуктан, бөкөөлдөр өтө бааланган. Себеби, табак тартууда меймандар арасында таарынычтар гана эмес, жаңжалдар да чыгып кетиши мүмкүн.

Эл ичинде «Бөдөнөнү сойсо да касап сойсун, бөдөнөнү бөлсө да бөкөөл бөлсүн. Туурамчыдан тууганың болгончо, бөкөөлдөн бөлөң болсун» дешип, баалашкан. Ар бир айылда азыр деле устукандарды табактарга бөлүштүрүүнү жакшы билген адамдар бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]