Б.Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасындагы көркөм образдар

Википедия дан

Б.Жакиев өзүнүн прозалык чыгармаларында болсун, драмаларында болсун ошол салакаларды баса көргөзүү менен анын зыяндуу маңызын ачат. Өзгөчө согуш мезгилинде ал салакалар кандайдыр сууга түшкөн чамындыдай калкып чыга баштаган. Чамындынын калкышы канчалык көзгө урунттуу болсо да анын суунун агымына каршы жүрө албастыгы белгилүү. Анын сыңарындай, Зууранын салакага баш ийиши кандайдыр көрүүчүнү, окуучуну беймазага салса да, эртеңки тагдыры жаңыруу жолуна түшөөрү драманын өнүгүш логикасынан көрүнүп турат. Пьесанын эң акыркы вариантында Зууранын Оңолкандын үйүндөгү абалын такташ үчүн, өзгөчө орус көрүүчүлөрүнө түшүнүктүүрөк болуп жетиши үчүн Оңолкандын уулу Бошкой киргизилген. Бирок, Бошкой да Зууранын оор абалын жеңилдете алган жок. Зуура мурдагысындай эле бир топко дейре алсыз бойдон кала берди. Ал Зууранын турмушуна эч өзгөртүү киргизе алган жок. Бирок анын андан аркы, өзгөчө Оңолкандын үйүндөгү абалын такташ үчүн деталь болуп кирди. Бошкойдон улам, биз Оңолкандын кандай адам экенин ачыгыраак билебиз. Кемпирдин эрки, анын кыялы, айткан –дегени үйдөгүлөр үчүн дайыма аткарыла турган парс.
Эненин дегенин баласы да кыңк этпей орундатып жүргөнү байкалат. Демек Болотбеги барда алган жарына да, кайын эне, кайын атагада эркелеген Зууранын тагдыры жаңы күйөөсүнүкүндө ого бетер оор болду.
Зууранын көңүлүнүн тереңинде урунттуу, бирок ажыратканга алда нече татаал жашоо кыйынчылыгынын катмарлары жатат.Ошол катмар Акылбектин күндөлүк турмушунан да орун алган. Айталык кыз чагында сүйгөн жардан ажыроо, уулу Жеңишбектин тагдыры, кыз кезинде түбөлүк деп кошулган күйөөсүн унутпоо, барганы жакшы болсо да, айласыз андан кол үзүү, өткөн жакшы мезгилдерди эңсөө сыяктуу нерселер Зууранын жүрөгүнөн өчпөс так болуп орун алды. Зууранын образында адептүүлүк пассивдүүлүк (балким кайнененин каарына чыдаган пассивдүүлүк улам журт которуштурууну ылайык көрбөгөн кыргыз келиндерине мүнөздүү намыскөйлүккө байланышкан), ички протест менен сырткы токтоолук, күйөөнү сыйлоо менен кийин туш болгон шартты жек көрүү, азыркы абалы менен өткөн бейкуттуу күндөрдү салыштыруу бир учурда жашайт. Бара-бара Зуура турмуштагы, өзү жашап жаткан үй-бүлөдөгү ордун коргоого өтөт.
Бирок, драматург ага бийик сөздөрдү сүйлөтпөй, токтоо мүнөзү менен калтырат. Акылбектин үй-бүлөсү согушка чейин ынтымактуу жана бактылуу жашагандыгы, бири – бирине сиңип алгандыгы пьесанын жалпы тонусунан, согуш аргасыз ар бир үй—бүлөгө, ар кимге алып келген өкүнүчтөн; бирин-бири куса кылган сагынычтан көрүнүп турат. Биз көрүп байкаган абалга караганда Болотбек менен Зуура сүйүү менен кошулуп ата менен энеге да жаккан. Акылбек болсо, Болотбегин эл башына жүк түшсө, оорун жеңилдетүүгө үйрөткөн. Ошондуктан, Акылбектин акыркы таянычы, небереси Жеңишбек кетип калгандан кийин сүрөт менен сүйлөшүп жаткан буулуккан сагынычы сыртка ээ бербей чыкканда (бул жер драманын өсүш бийиктикке жеткен чеги), уулун гана эскербестен, уулунун элеси абышканын өзүнүн сөзүн өзүнө эскертет. Бир кезде айта жүргөндөрүн Акылбек эскерип жатат. Эскерип да жатат, буркураган сагынычы сары шамалдай сыртка да чыгарат. Ошол шамал адам көңүлүн жалбырактай дирилдетет. Биз Акылбектин сүрөт менен сүйлөшүүсү өткөн учурду көз алдыга келтирген, азыркы буулуккан абалын жеңилдетүү үчүн айтылган сөзү экенин сезе баштайбыз.
Үй – бүлө ээси Акылбектин ал сагынычы, сүйүүсү Зуурага маалым. Андай болсо, Зууранын Бурул келгенде эле эр төркүнүн таштап кетип калышы эски салтка баш ийүү гана болот деп жыйынтык чыгаруу туурабы? Сыртынан караганда, эскирген салтка баш ийгендей болуп көрүнөт.А кокус согуш болбогондо Зуура Акылбектин үйүнөн кетет беле? Ойлонуп көрөлүчү. Кыргыздарда жесир калган аялды төркүн таштабайт.
Дайым башын ачып бергиле деген сөз болот.Мында жалаң эле салакалуу салттын эрки жатабы? Же башка да жакшы көрүнүш барбы? А балким жаш келиндин келечек жашоосунун бир жаңсылдыгына кам көрүү болуп жүрбөсүн? М.Борбугулов өзүнүн пикирин айтып кеткен “Тирүүлөр өлгөндөрдү күтөт” (“Ала-Тоо” 1962. 11) деген макаласын жазууда негиз кылып алган. “Б.Жакиевдин драмасындагы үн жөн эле адаттагы кадрдын артындагы үн эмес, бул катышуучулардын жандуу үнү, ал драмалык кыймыл-аракетке коментария эмес, ага түздөн –түз катышат жана геройлордун жүрүш-турушуна жандуу таасирин тийгизет. “Атанын тагдырында” геройлордун “үнү” белгилүү даражада Арбузовдун “Иркутскийдеги окуясындагы” хордун милдетин аткарарын. “Баарыдан мурда жаш автор жаңы драматургиялык каражаттарды издегендигин белгилөө керектигин”, “Б.Жакиев геройлордун диалог, монологдорунан башка да, керек жерде катышуучулардын “үнүн”, сүрөт менен тирүү адамдын сүйлөшүүсү сыяктуу кыргыз пьесаларында мурда колдонулбай келген ыкмаларды пайдаланарын”, “Бул артыкбаш сценаларды, персонаждарды көрсөтүүдөн куткарып, пьесанын экспозициясын кыска түзүүгө геройлордун, ички дүйнөсүн, психологиясын толугураак ачууга мүмкүндүк берерин белгилейт”.
Келиндин үйдөн кетиши, баланын калышы, өзүнчө алганда эч кандай эскинин калдыгына жатпайт. Эгерде Зуура Акылбектин үйүндө калып калса, анда анын кийинки тагдыры кандай болор эле? Деген суроо туулат. Демек согуштун оорчулугунан улам, адамдардын тагдырына бүлүк салган мезгилдин ар кимге тартуулаган кыйынчылыгы ошондо турат. Эгерде Зуура калып калган вариант ылайыктуу деп эсептелсе, балким “Атанын тагдыры” башкача жазылмак жана башкача аталмак. Зуура менен Жеңишбексиз Акылбектин, ал аркылуу согуш мезгилинде эң жакын адамынан ажырап өксөгөн адамдын абалын түшүнүү кыйын болор эле. Чынында эле Жеңишбектин чоң атасыныкына кайтып келишинин себепчиси анын ички турпатынын зарылчылыгы эмес, айыл ичиндеги балдардын шылдыңы, кайнененин каары болду. Бирок, Жеңишбек Акылбектикине келгенде өзүнүн мүнөзүн өзгөрттү? Айтор кантсе да анын кайрылып келиши карыга кубат да, кубаныч да тартуулайт. Б.Жакиевдин жалаң гана драмалары эмес, анын аңгемелерин окуп чыкканда да, авторду дайыма бир тема – согуш, тынчтык проблемасы, элдин турмушу кызыктырганын байкабай коюуга болбойт.<br.Айрым учурда каарманга дилемма коёт: ушул кырдаалда сен кайсынысын тандап алышың керек? – ошондон улам каармандын инсан катары маңызы, турмуш ойду жетелегенин, ошондон улам адам сыналары ачылат. З.Куторга Зууранын тагдырына ой жүгүрткөндө ошол маанилүү моментти эске албаган сыяктанат. Болотбекти окко учкандан бери күтүп олтуруп зарыккан аял эми бүт өмүрүн Акылбектин үйүндө өткөрүш керекпи? Эгер андай болсо, пикир айтуучулар эски калдыкка каршы болду. Зуура чыныгы биздин күндүн каарманы дешмекпи? Андай болсо Акылбектин андан аркы оор тагдырын көргөзүүгө негиз барбы? Мындай чырмалышкан турмуш койгон суроолорду автор режиссёрго , актёрго, кала берсе көрүүчүлөргө, алардын көп кырлуу ой жүгүртүүлөрүнө калтырбай, атанын тагдырын ачып баяндайт.
Пьесада Бурул салт-санаанын, азаттык сокур намыстын анык кулу катары көз алдыга тартылат. Ал муну менен жашоодогу, агайын-тууганчылыкта өз милдетимди аткарып жатам деп ойлойт. Намысты кетирбөөдөгү бирден-бир жол ушул деп түшүнөт. Бурул аркылуу ага шыкак берип жаткан Зууранын көмүскөдөгү агасы экендигин оңой эле түшүнүүгө болот. Аларга айласыз баш ийген Зуурадан улам намыс-салт чынжыр сыяктуу бардыгын байлап турганын билебиз.Ооба Зуурага абдан кыйын болду. Анын очок алып, очор-бачар болгон жерден кеткиси келбейт. Болотбектин ата-энеси көзүн карап, уулдан кем көрбөй олтурса, аларды таштагандан да кыйбайт. Антсе, өмүр ошол бойдон өтөбү? Агасы жеңеси да, ошо тууралуу ойлонушат. Зуура көп аялдын бири катары кыйналса да алдыңкы турмушуна макул болот. Башка бирөөгө баш кошот. Ырысына жараша кайненеси да катаал чыгат.
Бурул атайын Зууранын кетишин Акылбектерге кабарлайын деп келди. Тыянак алда качан эле бышканы байкалат. Бурул Акылбектин жаалын көрүп, “ээси келсе бээсин бер” – деп контратака жасап отурат. Бурулдун сөзүнө Акылбек жооп кайтарып: “Болотбек тирүү, көлгө үмүт айдап барат”, - деп сүйлөйт. Болотбектин өлгөнүн алар билишет. Ошондуктан, Уулжан бир эмес, эки өлтүрмөк белең деп сыздап олтурбайбы? Антпегенде топурак салып, колу менен көмбөгөндөн кийин Акылбек баласынын кеткен жолун карап эмне үчүн күңүрт үмүттөнөт.
Жогоруда биз келтирген үзүндүдө турмуштун оор керемети бизге жолуктурган мүнөздөрдүн психологиялык ички кагылыштары жатат. Акылбек канчалык уулун күтсө да, үмүттөнсө да, Зуура абышка-кемпирди таштап кеткиси келбесе да, акыры ушундай болоорун күтүү керек эле. Б.Жакиевдин аталган драмасы турмуш чындыгы ырааттуу сүрөттөлгөндүгү менен гана эмес, түзүлгөн кырдаалга жараша каарамандардын ар кимисинин түр-дүйнөсү ачылып, ар бир кыймыл-аракет өзүн актагандыгы менен баалуу. Чынында эле Акылбектин тагдыры аркылуу элдин тагдыры сүрөттөлгөн. Анткени окуя өткөн мезгилдин чындыгы, ырааттуу, чын ыкластуу жана жеткире сүрөттөлгөндүгү менен тартып алат. Пьесада дагы бир маанилүү ой бар. Ал элге согуш алып келген элементти жектөө. Зууранын Жеңишбекке карата: “Ырыссызым” Азап-тозогум! Бакты-таалайым! Убалың урушка жетсин, урушка! Атаң өлбөсө ушул күндү көрөт белең?! – дегенинде биринен сала бири жолуккан азаптар согуш болбосо башка келет беле деп өкүнүнүүнү билдирет.
Ушул эле үзүндүнүн өзүндө бейпилчилик менен алааматтыктын, адамдын тилегине коошпогон анын аракетинин жүзөгө ашпай калышынын ортосунда күрөш жатат.
Элдин тагдыры жеке адамдардын тагдырларын кучагына камтып согуш менен тынчтык, ак ниеттүүлүк менен кара ниетттүүлүктүн дүйнөлөрү бири – бирине карама-каршы коюлат. Драманын кульминациялык чекитин түзгөн Акылбектин сүрөт менен сүйлөшкөн мезгилинде күчтүүлүк да, сентименталдуулукка өтө чабуу коркунучу да бар. Жеңишбекти алалбай келип, Акылбектин үмүтү биротоло ташка чабылгандай болот. Эми ал, бөлмөдө жалгыз калганда Болотбегин эсине түшүрөт. Дубал боорунда илинип турган сүрөтү менен сүйлөшөт: “Болотбек... кулунум мени эле карайсың, түк көз айырбай карайсың.
Эмне мени сагындыңбы? Мен да сени сагындым. Куса болдум, кулунум... Болотбек качан келип комузду колуңа аласың? Ушинтип эле илинип тура береби? Келсеңчи келип ырдап берсеңчи? Ырыңды сагындым чыгар үнүңдү, угайын. Унчукпайт. Үн катпайт”.- Ушундан кийин көшөгө артынан Болотбектин үнү угулат. Эл башына түн түшсө, аны арачалар Болотбек сыяктууу жигиттер экендигин Акылбек өзү айткан. Өз сөзүн эсине түшүрүп жатат. Ушундай ньюансттарга бай, абышканын жан дүйнөсүнүн буулуккан толкундоолорунан кийин: “Сен тирүүсүң, келгенче өлбөй жүрө берем”, - дегенинде үмүт кайрадан жетелеп кеткендиги көрүнүп турат. Дал ушул жерде Акылбектин абалы менен кездешкен адам өзүнчө тынчсызданат. <br.Абышканын тагдыры андан ары эмне болот? Ушул учурда динамикти оңогон Сапай, Борбуктар киришет. Радио куралсыздануу жөнүндөгү Совет өлкөсүнүн жаңы сунуштары жөнүндө сүйлөйт.Драматургдагы мыкты касиет ар бир деталды зергердей ордуна коюп кынагандыгында. Согуш темасына арналып жазылган чыгармаларды көп жолуктурабыз. Ал тургай Б.Жакиевдин драмасы А.Осмоновдун “Жеңишбек” аттуу поэмасы менен үндөшүп турат. Акылбектин тагдыры менен Миңбайдын тагдыры да окшош. Таланттуу акындын поэмасы пьесанын жазылышына сөзсүз таасирин тийгизген.
50-жылдарда жаңыдан жаза баштаган жаш калемгерлердин ичинен Алыкулду сүйүп окубай койгондору болгон эместигин мурда белгилеген элек. Бирок тагдырлардын окшоштугу, эки чыгарманын үндөштүгү чыгармалардын сырткы белгилерине гана тиешелүү. Алыкул Миңбайдын өзүнүн гана ички түйшүгүн сүрөттөө менен чектелет эле. Б.Жакиев Акылбектин дүр дүйнөсүн башка каармандардын түйшүгү менен бирге карап, Алыкулдан таасирленседа, ага таасир түрткү болуп, өзүнчө оригиналдуу чыгарма жазды. Турмуштан таасирленип, сезгенин өз “үнү” менен айтып бере алды. Атактуу акындын бизге белгилүү поэмасына драманын кандайдыр үндөштүгү болсо да, чыгарма Б.Жакиевдин жүрөгүн өйүгөн, жеке турмушуна өтө жакын окуялардын, ал түгүл өз башынан өткөргөн чындыктын образы болуп саналат.
Балким Жеңишбектин мүнөзүндө автордун өз башынан жана өзү өңдүүлөрдүн турмушунун, ал эми Акылбекте анын чоң атасы Абиир карыянын турмушунун үлүшү бар. Кантсе өтүп жаткан окуя драматургга өтө жакын. Образдар конкреттүү, Жеңишбек, Акылбек, Зууралар өз учурунун каармандары болуп эсептелишет. Албетте, чындыкты көргөзүүдө автор көп мүшкүлдү башынан өткөрдү. Адамдардын ички дүйнөсүн толугураак ачууга психологиясына тереңдеп кирүүгө жана сезимдин кыймылдарын изилдөөгө умтулуу бул кездеги адабиятыбыздагы изденүүлөр ушул багытта жүрдү жана жүрүп жатат. Ушул эле тенденция драматургияда да бар экендигин Б,Жакиевдин пьесасынан көрөбүз. Бул пьесада согушта жалгыз уулунан ажыраган атанын психологиялык терең образы, ошондой эле андан башка да адамдардын көркөмдүк жактан ишенимдүү образдары түзүлгөн. Б.Жакиев биринчи эле пьесасы менен кыргыз драматургиясына психолог катары келип кошулду. Анын баарыдан мурда жашоонун түрдүү кырдаалында алпурушкан адамдын ички дүйнөсүндөгү ийкемдүү аракеттер кызыктырары байкалды.
Мындай касиетти кийинки чыгармаларында улантты. Ар бир доордун өзүнүн биринчи планга алып чыккан проблемалары жана ага жараша кыйынчылыктары бар. Драматург кыска жана жыйнактуу новеллаларда доордун өсүп-өнүгүшүндөгү күн тартибине коюлган маселелер ошол доордо жашаган адамдарды кандай аракеттерге келтирерин, көп учурда “турмуш ойду жетелеп”, маселе чечүүдө проблемалардын мүнөзүнө жараша каармандарды даярдап, алардын үзгүлтүксүз күрөштөрү элдин максатына ылайык келерин баяндайт. Мезгил керектесе, башкача айтканда, кейипкер мезгилдин талабына жооп бербесе, өз аренасынан сүрүп таштайт.
Бирок адам мезгилдин жөн гана жетегинде жүрбөстөн, ага багыт бере турган күч экендиги, адамдардын тагдырына түрдүү кырдаалдар таасир этерлиги, бир элдин тарыхы экинчи элдин тагдыры менен байланыштуулугу, жеке улуттар дүйнөлүк улуттардын өнүнүгүшүнүн системасында кошо жүрөт. Б.Жакиев ар бир жаңы драмасында кыргыз драмасында чечилбей жаткан проблемаларды көтөрүп жана чече билген, бул жагынан анын изденүүсү формалдууу көрүнүшкө гана ээ болбой, форма мазмунга толук жооп берип, эриш аркак жана мезгилдин күбөсү катары кызмат кылат. Б.Жакиевдин чыгармаларын окуп чыккандан кийин турмуштук материалдарды жакшы билген жана сезиминде өздөштүргөндүгү байкалат. Б.Жакиев кайсы гана жанрда иштебесин, прозада, драматургияда, кинодраматургияда, болсун, өз элинин тарыхына, бүгүнкү турмушуна, эртеңки келечегине болгон автордогу сүймөнчүктү байкабай коюуга болбойт.
Б.Жакиевдин чыгармачылыгында эң башкы өзгөчөлүк жеке адамдын тагдырынан бүтүндөй элдин тагдырына чейин айта келип, анын обьектиси эмне, назары эмнеге түшкөндүгүн баамдаган. Бирок автор жеке адамдын тагдырын элдин тагдырынан бөлүп карабайт. “Атанын тагдырында” байыртан келаткан ата менен баланын ажыралгыс тагдыры согуштун кырдаалдын шартына өз алдынча көркөм жалпылаштырган. Турмушта жалгыздыктан ашкан кайгы кыйноо жоктур. “Атанын тагдырындагы” Акылбек карыяны ушул жалгыз калуу коркунучу тынчсыздандырат. Экинчиден, Акылбекти ошол куттуу үйүнөн түтүн чыкпай, анын өчүп калуу сезими андан да катуу санаркатат. Үйдүн коломтосу өчпөй, анда өз перзентинин турмушту андан ары уланта бериши бир эле атанын эмес, бүткүл дүйнөдөгү бардык аталардын тилеги эмеспи. Бирок ошол тилекти таш каптырып, татынакай кырчын өмүрлөрдү бүрүн ачтырбай жок кылып, адамдарга бөөдө кайгы, кырсыкты алып келген согушка кандай наалат айтса болот?! Драма ушул маселени чоң реалисттик чеберчиликте көрүүчүнүн, окуучунун сезимине таасирдүү жеткире алгандыгы менен ийгиликке жетишкен.
Драмада негизинен согушта жакын адамдарын жоготкон карапйым айыл адамдарынын ички толгонуулары, кайгы-капасы кеңири көрсөтүлүп, согушка наалат, каргыш айтуу, тынчтыкты сактоо идеясы терең берилген. Драманын композициялык курулушу-сюжеттик курулушу тыкан, иреттүү чың. Сюжет хронологиялык принципте психологиялык өзөктүн айланасында чиеленишип, баш каармандардын ички толгонуулары, аракет-кыймылдары, терең психологиялык паанайларынын кыймылы менен ширелишип өнүгөт. Баштан аяк колдонулган диалог, монологдордо ашык, тажатма декларативдүү сүйлөмдөр жокко эсе. Драманын башталышында эле ар бир каарман өз ал-абалы, өз иш-аракети, ички сезимдери, ой толгоолору менен көрүнөт. Чебер драматург окуяны конкреттүү, ток этер жеринен баштайт. Каармандардын психологиялык ал-абалы татаал турмуштук жагдай-шарттарда сүрөттөлөт да окурмандардын, көрүүчүлөрдүн көңүлүн зор эмоциялык күч менен дароо эле өзүнө буруп, сезимге таасир берет. “Зуура. (жалгыз). –эмне кылсам?.. Кетүүдөн башка арга жокпу ... Калсамчы?.. же ырас эле кетишим керекпи?.. Жок, жок! Кете албайм! Антүүгө кудуретим жетпейт! Жетпейт!
Бурулдун үнү. (кандайдыр сүрдүү угулат). – Кыз! Кыз... Акылыңдан адашпа! Азыр эле биздикинен кетериңде байкең экөөбүзгө берген убадаң кана! Айныба! Бирөөгө уул болуп бербейсиң, ушуну унутпа!! Кыз1 Кыз... Эсиңе кел! Эсиңе!...
Зуура. Ооба! Ооба!... Баса, кетүүдөн бөлөк арга жок эмес-пи! Кетишим керек! Кетишим!...(шашып-бушуп чемоданын камдай баштайт). Акылбектин үнү. А бизди кантесиң, Зуураш? Таштайсыңбы ?.. Өзүңдү уул ордуна тутуп жүрбөдүк беле.. Зуураш!
Зуура . (эчкирип ыйлап , бышып кетет, Оф...Эми канттим?! Кандай айла табам?! Түбүң түшкүрдүн күнү да неге мынча басмырттанат?! Думугуп баратам! Думугуп! (сырттан Майраштын шайыр күлкүсү угулат. Зуура чемоданын четке тартат).
Майраш. (жайдары кирет). Ай-ай! Келип калдыңбы. Жеңе? Мага бүгүн алкыш жарыялашты! Кызыл үйчүлөрдүн курсуна да баргын дешти! Анан дагы... Көңүлүм эргип токтоно албай турам да ! Ырдагым! Бийик-бийик жерге чыгып алып кыйкыргым келип баратат. Эгер кучагыма батса бүткүл тоону токою менен кучагыма кысар элем! Бүткүл тоону!... А сенчи... кучактар белең жеңе!...”.
Күчтүү толкундагы патетикалуу кайгылуу тон жайдары интонация менен логикалуу синтезделип, каармандардын ички сезимдеринин мотивин реалдуу ачты. Согуштун кесепетинен өмүрлүк жары Болотбегинен ажыраганына беш жыл болгон Зуураны эми Акылбектин үйүнөн “Кетсемби! Же кетпесемби” деген эки суроо кыйнайт, думуктурат жүрөгүн эзет. Кетейин десе бармактайдан баш кошкон күйөөсүнун эне-атасын кыйнайт. Кетпейин десе, биринчиден – жаш, экинчиден төркүндөрүнүн сөзүнөн чыга албай кыйналат. Жогорудагы эпизоддон Зууранын олку-солку ой-санаасы, ички сезимдери, психологиялык абалы аналитикалык стилде, кыргыз драматургиясында мурун көрүнбөгөн ун менен сүйлөшүү сыяктуу эң ишенимдүү, жаңы көркөм формалар менен берилген. Мындай шарттуу форма прозадагы психологияны берүүнүн эң кылдат инструменти болгон, ички монологдун кызматын аткарып турат. Ошону менен катар эки түрдүү психологиялык абалды, башкача айтканда, Зууранын каңырыкты түтөткөн кайгылуу олку-солку паанайлары менен Майраштын жүрөгүн жарган кубанычтуу, шайыр жайдары психологиялык абалын карма-каршы коюу менен контрасттык мүнөз берип сүрөттөйт. Акылбектин үйүнө кудагыйы Бурулдун келиши менен психологиялык анализ андан да тереңдейт. Курч диалогдор, репликалар сюжеттин интенсивдүү өнүгүшүн шарттайт. Уулу Болотбектен үмүтүн үзбөй кунүгө пристанга барып, жол тосуп жүргөн акылбек үчүн Зуураны колдон чыгаруу оңойго турбайт.
“Акылбек. Айланайын кудагый, жамактатпай ачык айтчы, деги эмне дегиң бар?...
Бурул. Кызыбызды колубузга салып берсеңер экен дейм. Акылбек. О, Кашайган көр! Эмне дейт?”
Бул үзүндүдөн Акылбектин сезиминдеги олуттуу өзгөрүүлөрдү көрдүк. Кыска, бирок таамай айтылган диалогдон Акылбектин эсин оодарган күчтүү сезим пайда болду Окуя андан ары психологиялык татаалдыкта улануу менен каармандардын ички толгоонуулары күч ала берет. “Акылбек. (бурулга). Бу кандай таш боор жан элең?! Э, Зуу-раш кагылайын, бери чыкчы... Бу жеңеңе бирдеме деп жөнөтчү ары! Пауза (Баардыгы Зуурадан көз айырбайт) Акылбек Ыраспы кулунум
Зуура. Ата!.. мен өлүктү кечир, ата! Ыраазычылыгыңды бер! Байкемди эл алдында сындыра албадым. ( Акылбектин бутуна жыгылып) Кечир, ата!.. Пауза Акылбек. Ушинтмек экенсиңда? Кантейин!...”
Күчтүү сезимдердин, ички толгонуулардын күчөшү көз алдыбызда тикеден – тике аңтара сүрөттөлүп, каармандардын психологиясы аналитикалык стилде, реалдууу ачылды. Биринчи көшөгө баштан аяк терең психологиялуу патетикалык тондо өтөт. Драмадагы көпчүлүк каармандардын мүнөз өзгөчөлүктөрү чеберчилик менен изилденет.. Адегенде, алты жашар Жеңишбектин балалык кыялдарын, энеге болгон сүйүү сезимин көркөм деталдар менен элестүү көрсөтөт. Экинчи көшөгөдөн баштап, Жеңишбектин психологиясындагы өзгөрүүлөрдү байкайбыз. Акылбек небересинин ою менен болуп, айтканын орундатат. “Катуу айтып койсом, энесине качып кетеби” – деп чочуйт. Ушул абалдан пайдаланган Жеңишбектин мүнөзүндө карамүртөздүк, өзүмчүлдүк, жалкоолук орун ала баштайт. Мугалим Шаршекенин тилине кирип , Акылбек уулун какыс-кукус кылып да коёт. Бирок, муну менен Жеңишбек оңолуп кеткени жок. Кайра Акылбекти күйүткө салып, энесине качып кетти. Акылбек менен Жеңишбектин психологиялык процесстери драма ажарына чыга кеңири планда сүрөттөлөт. Үчүнчү көшөгөдө Зууранын кийинки барган жериндеги кайгылуу турмушу көрсөтүлөт. Зууранын кийинки кайын энеси Оңолкандын психологиясында өзүнө жеке мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрү бар. Ал келини Зуураны көрөйүн деген көзү жок, Жеңишбектин үйүндө жүрүшүн каалабайт. Үй-бүлөсүн уу тили менен каарып, жеке башкаргысы келет. Ары карап келинин каарып, бери карап кытмыр күлүп, коноктун көңүлүн алган, тамак-ашынан өйдө өзү билген эскинин калдыгы Оңолкандын аң-сезиминен терең орун алганы таасын сүрөттөлөт. Зууранын эки үйдөгү абалына ой жүгүртүп көрсөк, эки башка шартты байкайбыз. Бири – Акылбектин үйүндөгү ынтымактуулук, меймандостук, экинчиси – Оңолкан эскичилик.
Небересин алып кетүү үчүн Акылбек Зуураныкына келип, анын кийинки турмушу менен таанышат. Оңолкан Жеңишбекти үйүнөн кетирүүгө аракеттенет. Бирок, Зуура бергиси келбейт. Жеңишбек да энесинен ажыроону каалабайт. Бул бөлмөдөгү Акылбектин психологиялык толгонуулары өтө күчтүү берилип, аянычтуу мүнөзгө өтөт. Паанайлардын ички сезимдердин психологиялык процесстерин конкреттүү шартта терең анализдөөнү ушул эпизоддон көрөбүз. “Акылбек. Жеңишбай!...Жекин!.. Зуураш, кагылайын , боор ооруп койсоң боло мага. Жеңишбекке бирдеме десеңчи, токтотуп айтсаңчы... Зуура. (акырын). Өзү көңүлдөнбөй жатса, мен эмне дейм ата?
Пауза
Акылбек. (башын жай көтөрүп). Чырагым ичер суум, көрөр күнүм деле аз калды. Жок дегенде, көзүм өтүп кеткенче, медер туткан жалгызды талашпай коё турсаң кантет? Зуура. (унчукпай башын ого бетер төмөн салат). Пауза Акылбек. Көңүлүңдү калтырган жок элемго, Зуураш?!
Зуура. ( Унчукпайт) Акылбек. Ушинтип эле унчукпай кутуласыңбы? Бирдеме де-сеңчи кулунум!... Зуура.( унчукпайт) Акылбек. (ордунан темтеңдей туруп сенделе басып чыгып кетет)”
Уулунан ажыраганы аз келгенсип, кемпири да дүйнөдөн кайткан, бир үйдө жалгыз калган Акылбек үчүн Жеңишбектен да ажырашы оор кайгы болду. Бул эпизоддогу Акылбектин психологиялык абалы турмуш шартка байланыштуу ишенимдүү анализденген.
Төртүнчү көшөгөдө Акылбектин психологиясына анализ берген дагы бир катар эпизоддорду жолуктурабыз. Айрыкча, анын уулу Болотбекти элестетип үн портрет менен сүйлөшүп турган эпизодундагы ички сезимдердин, санаркоолордун көрсөтүлүшү жеткиликтүү жана таасирдүү. Б.Жакиев бул үзүндүдөгү Акылбектин психологиясын кыргыз драматургиясында жаңылык катары эсептелген шарттуу көркөм каражаттар, формалар менен ачкан. Үн менен сүйлөшүү портреттин жанданышы Акылбектин ички сезимдеринин кыймылын деталдарына чейин ачып берүүдө, адекваттуу көркөм форма катары кызмат аткарып турат.Мында Акылбектин психологиясына талдоо берүү менен гана чектелгендик байкалбайт. Уулунун элеси, портрети менен сүйлөшүүсү, Акылбектин психологиясына өзгөрүүлөр киргизди, кайратына кайрат кошуп чыйралтты.
Корутундулап айтканда, Б.Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасы каармандардын психологиясын ачып, индивидуалдуу мүнөздөрдү жаратуу жагынан болсун, идеялык көркөмдүк жактан болсун, кыргыз драматургиясындагы эң мыкты чыгармалардын бири болуп калды. Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдырындагы” көркөмдүк жетишкендиктери, ийгилиги пьесадагы жандуу адамдык тагдырлар жана образдардагы психологизм, кеңири карап көргөндө, жеке бир эле сүрөткердин табылгасы эмес, бүтүндөй бир коомдук-маданий өнүгүүнүн жүрүшү менен даярдалган туунду болуп эсептелет.
“Атанын тагдырынын” ийгиликтүү чыгышында биографиялык фактордун да роль ойногондугун эске алуу керек. Бексултан Жакиевдин балалык курагы 40-жылдарга туш келип, ал согуш мезгилиндеги жана согуштан кийинки элдин оор турмушун өз көзү менен көрүп, далай-далай тагдырларга, үй-бүлөлөрдүн драмаларына күбө болгон. “Атанын тагдырынын” негизине алынган драмалык окуя кезегинде Бексултан Жакиевдин өзүнүн башынан өткөн. Баштан кечирген окуяны жасалмасы жок өзүндөй берүүгө, автордун умтулушу пьесанын эмоционалдык-психологиялык стилистикасына, сюжеттин ич жактан чыңалган драмалуулугуна өзүнүн терең таасирин тийгизген. Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдырындагы” психологизмдин көркөмдүк түсү өзгөчө. Бул чыгармадагы психологизм жалпы эле адам аттуунун психологиясы эмес, Эшматка да, Ташматка да, Иванга да, Павелге да, жармаштыра бере турган психология эмес.
Аталган драмадагы психологиялык процесстер белгилүү бир конкреттүү каармандын, конкреттүү инсандын конкреттүү социалдык жагдай-шарттар, окуялар менен шартталган жан дүйнө кубулуштары.
Маселен Акылбек карыянын келини Зууранын психологиясын, ички толгонууларын, санаркоолорун башка бир аялдын жан дүйнөсү менен чаташтырууга мүмкүн эмес. Драмадагы психологизм чыгарманын биринчи көрүнүштөрүнөн тартып сахнада пайда болгон дал ушул Зууранын кыймыл-аракетинен башталат. Бул драмада тышкы көрүнөө окуялуулук азыраак, тескерисинче, каармандарда психологиялык активдүүлүк күчтүү. Чыгарманын башталышында Зууранын өзү менен өзү күбүрөнүп сүйлөшүүсү – ички монологу, анын жан дүйнөсүндөгү түйшөлүүлөрү, эки анжы болууларды карма-каршылыктуу, ой- сезимдерди,көңүл манайларын ачыкка чыгарып отурат. Бексултан Жакиев драматургиялык жанрдын таасирдүү каражаттарынын бири болгон ички речти жана ичтен жаңырган үндөрдү (Акылбектин, Бурулдун үндөрү) ыктуу жана табигый пайдаланган. Буга чейинки кыргыз драматургиясында ички речти пайдалануу сейрек көрүнүш эле. Дегеле, Акылбек атанын – башынан аягына чейин психологизмге ширелген образ. Кайсы гана сахна болбосун, ал көрүүчүгө ич жагынан ачылып көрүнөт. Акылбектин небереси Жеңишбекти жаакка чаап таарынтып алып, андан кийин жасакерленгендей дүкөндөн велосипед сатып келип, баланы издеген эпизод да психологиялык жактан таасирдүү жана ишенимдүү чыккан. Ал эми ат арытып келини Зуурага барып, Жеңишбекти ала албай кайра келгенден кийинки Акылбектин оор ички абалы да көрүүчүнү кошо толгонтуп, кыйын абалга салат. Күйүтү күч абышка кызынын суроосуна жооп берүүгө кудуретсиз. Анын психологиялык чоо-жайынын оор экендигин сөзгө караганда “унчукпайт” деген кыска ремарка алда канча терең жеткирип жатат. Драма жалаң эле сырткы кармаш эмес, тескерисинче ой-сезимдердин ички динамикасы экендигин ушул “Атанын тагдыры” аркылуу дагы бир ирет ынансак болот. Акылбек карыя өзү туш болгон рухий кризистен оптимисттик дүйнө тааным аркылуу чыгат. Аталардын жолун улай турган муундар, Болотбектин өмүрүн улай турган Жеңишбек турганда мекен да, эл-журт да, өзү да өлмөк эмес. Пьесанын акырында балдар тигип өстүрүп жаткан бак түбөлүк өлбөстүктүн символу катары чыгарманын финалына терең мазмундук масштабды берип турат. Жеңишбектин образы анын речи, кыймыл-аракети, айланасына жасалган реакциялары, сахналык жүрүм-туруму аркылуу кашкайта тартылган десек жаңылышпайбыз.
Тилинен заар чачкан какчыңдаган Оңолкандын речи ушунчалык элестүү, кайталангыс курулгандыктан бул образ эсиңден чыккыс болуп сакталып калат. Оңолкандын Зуура келинин кагып-силкип, кемирип-жеп турган эпизодун эске түшүрөлү. Минтип Оңолкан гана сүйлөшү мүмкүн. Мындай речти Оңолкандан башка жер үстүндө эч ким сүйлөй албас эле. Адамдын мүнөзүн мындай таамай берген драмалык речти куруу устаттыгы кыргыз драматургиясында сейрек кездешет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


“Асанбеков. С. “Азыркы кыргыз драмасы” Фрунзе. 1981