Бaрселонa (футбол клубу)
| Толук аталышы |
Футболдук клуб «Барселона» (англ. Futbol Club Barcelona) |
|||
| Лакап | Azulgranas, Barça, Blaugranas ,Culers | |||
| Негизделиши | 1899-жылы, 29-ноябрь(113 жыл) | |||
|---|---|---|---|---|
| Стадиону | Камп Ноу, Барселона | |||
| Орундуктар | 99 354 | |||
| Президент | ||||
| Машыктыруучу | ||||
| Капитан | ||||
| Рейтинг | 1-орун рейтингте УЕФА 1-орун в рейтингте IFFHS[1] |
|||
| Сайт | www.fcbarcelona.cat | |||
| Мелдеш | ||||
| 2011/12 | 2-орун | |||
|
|
||||
Барселона футболдук клубу (ФК) (испанча FC Barcelona же Barça) Испаниянын Каталония аймагындагы Барселона шаарынын футбол клубу. 1988-жылы Хоан Гампердин демилгеси менен Швейцария, Англия жана Испаниялык бир топ тарабынан курулган. Каталония аймагынын өкүлү катары эсептелген бул клуб "Més que un club" б.а. клубдан да чоң бир жамаат деген ураанды карманат. Барса гимни ("Cant del Barça") Хосеп Мария Эспинас тарабынан чыгарылган.
Барселона Испания жогорку лигасынан (La Liga) түшпөгөн үч клубдан бири, ошондой эле Реал Мадрид экөө Испаниянын эң ийгиликтүү эки клубу. 1928-жылы курулган лиганын 1929-жылдагы тунгуч чемпиону. 2012-жылга чейин Испанияда жыйырма бир жолку Ла лига, жыйырма беш жолку Испания кубогу, он жолку Испания супер кубогу, төрт жолку Ева Дуарте кубогу жана эки жолку Лига кубогу чемпиону. Он бир Европа жана төрт эл аралык кубоктордун жеңүүчүсү. 4 жолу Чемпиондор лигасын утуп алган. 1955-жылдан бери УЕФА аренасында бет алышып келет.
Клуб 2009-жылы, катышкан бардык 6 турнирди тең жеңип алган тунгуч клуб. Чемпиондор лигасы, УЕФА супер кубогу, Ла лига, Испания кубогу, Испания супер кубогу жана ФИФА дүйнө клубдары кубогуна ээ болду. Клубдун стадиону Камп Ноу жана күйөрмандары "кулес" (Culés) деп аталат, дагы бир аты "ултрас барсас". Испаниянын өкмөт башчысы Хосе Луис Родригез Запатера да Барселона күйөрманы.
Барселонага караштуу футбол боюнча Барселона В (FC Barcelona B) жана жаш өспүрүмдөр клубу Барселона С (FC Barcelona C), ошондой эле спорттун башка түрлөрү боюнча баскетбол, гандбол, ролик хокейи жана футзал командары бар.
Мазмуну |
Тотал футбол [оңдоо]
Тотал футболду 1974төгү дүйнөлүк кубокто Голландиялык Йохан Кройф дүйнөгө тааныткан. Негизинен 4-3-3 тактикасы менен ойнолот. 1970-80-жылдары ар бир оюнчунун орун алмаштырып ойношуна жана көбүнчө жеке бир адамдын мүмкүнчүлүгүнө таянса, азыркы футбол болсо оюнчулардын өзүнүн ордунда калып бир эле паска таянган команда оюну менен ойнолот. Кройф 1988-жылы Барселонага машыктыруучу болгондон соң ушул системаны киргизгени аракет кылат. Барселона өзүнүн aлгaчкы Чемпиондор лигасы кубогун 1992-жылы Кройф маалында жеңген. 2003-жылы башка Голландиялык Франк Рийкард келгенден кийин бул система кайрадан киргизилет. 2008-жылы Барселонанын эски оюнчусу клубга машыктыруучу болуп келип бул системанын туу чокусуна жетет. Ошондо 2009да клуб алты кубок жеңет.
Ийгиликтери [оңдоо]
Испaния [оңдоо]
- Жеңүүчү (21): 1928-29, 1944–45, 1947–48, 1948–49, 1951–52, 1952–53, 1958–59, 1959–60, 1973–74, 1984–85, 1990–91, 1991–92, 1992–93, 1993–94, 1997–98, 1998–99, 2004–05, 2005–06, 2008-09, 2009-10, 2010-11
- Жеңүүчү (25): 1909–10, 1911–12, 1912–13, 1919–20, 1921–22, 1924–25, 1925–26, 1927–28, 1941–42, 1950–51, 1951–52, 1952–53, 1956–57, 1958–59, 1962–63, 1967–68, 1970–71, 1977–78, 1980–81, 1982–83, 1987–88, 1989–90, 1996–97, 1997–98, 2008–09
- Жеңүүчү (10): 1983, 1991, 1992, 1994, 1996, 2005, 2006, 2009, 2010, 2011
- Жеңүүчү (2): 1982–83, 1985–86
Европa [оңдоо]
- Жеңүүчү (4): 1978-79, 1981-82, 1988-89, 1996-97
- Жеңүүчү (3): 1955-58, 1958-60, 1965-66
- Жеңүүчү (4): 1992, 1997, 2009, 2011
- Жеңүүчү (2): 1949, 1952
Дүйнө [оңдоо]
- Жеңүүчү (2): 2009,2011