ВКонтакте

Википедия дан
ВКонакте (социалдык тармак)‎»‎ барагынан багытталды)
ВКонтакте

ВКонтакте компаниясынын логотипи
URL: vk.com
(2012-жылдын Үчтүн айынын 26сына чейин — vkontakte.ru
Коммерциялыкпы? Ооба
Сайттын түрү Социалдык тармак
Катталуу Бекер
Жеткиликтүү тилдер Орус тили,Англис тили жана 67 башка локализациялар[1]
Колдонуучулары 314.7 млн колдонуучу/айына
Ээси  Орусия: ООО «В Контакте»(ээси: VK.Com Holdings Ltd)
Түзгөн Павел Дуров
Ачылган күнү 2006-жылдын Тогуздун айынын 10нан тарта
Кирешеси 516,5 млн руб. (2011 жыл, РСБУ)
Сервердин жайгашкан жери  Орусия
Азыркы абалы Иштеп жатат

"ВКонтакте" (эл аралык аталышы VK) - башкы пункту Санкт-Петербургда жайгашкан Европадагы эң ири коомдук түйүн. Сайт көп тилдерде жеткиликтүү, орус тилдүү колдонуучулар арасында өзгөчө популярдуу. "ВКонтакте" колдонуучуларга кат жөнөтүү, топ, ачык баракча түзүү, окуя, сүрөт, аудио, видео, тег бөлүшүү жана браузердик оюндарды ойноо мүмкүндүгүн берет.

2006-жылы 10-октябрда ишке кирген ресурс адеп өзүнө студентерге жана Орусиянын жождордун бүтүрүүчүлөрүнө арналган коомдук түйүн деп орун белгилеген. Кийинчерээк өзүн "түйүндө байланышуунун заманбап, ылдам жана эстетикалуу жолу" деп атаган. 2017-жылдын август айындагы маалыматка ылайык, орточо суткалык аудиториясы 80 миллиондон ашат; 410 миллиондон ашык колдонуучу катталган. SimilarWebтин 2017-жылдын август айындагы маалыматтарына ылайык "ВКонтакте" популярдуулук боюнча дүйнөдө 5-орунда турат.

Кеңселери Санкт-Петербургда жана Москвада жайгашкан (2017-жылдын июнь айына чейин Киевде да болгон). 2017-жылдын февраль айында "ВКонтакте"-нин башкы аткаруучу директорлугуна (СЕО) Андрей Рогозов дайындалган.

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык тармакка ат таңдоодо эки фактор таасир берген.

  1. Тармактын автору Павел Дуров, «Москва жаңырыгы» радиоберүүсүнүн джингли болгон «В полном контакте с информацией» деген сөздүн үстүндө ойлонуп ат таңдаган ;
Павел Дуров өзүнүн 26-чы туулган күнүндө

2. Ат таңдап жатканда, ат элдин баардык социалдык катмарына тиешелүү болушу керек дешкен. Ал эми «контакт» сөзү бул талапка жооп берген.

2012-жылы тармактын түзүүчүлөрдүн бири Лев Левиев «Известия» гезитине, алгач ат таңдоо учурунда Studlist.ru аты да каралып жатканын айткан. Бирок ал сөз бир гана аудиторияга тиешелүү болгондуктан жаратпашкан.

Функционалдуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ВКонтактенин пайдалануучулары үчүн көптөгөн социалдык тармактарда болгон : өзүн жөнүндөгү маалымат менен профиль түзүү, контент жаратуу жана аны жайылтуу, жөндөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңиреек пайдалануу, башка пайдалануучулар менен купуя (купуя кат аркылуу) жана ачык (өздүк дубалга билдирүүлөрдү жазуу аркылуу) баарлашуу, жаңылыктар бөлмөсүнүн жардамы менен достордун жана группалардын жаңылыктарын билип туруу мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.

Жаңы кат жазуу менен бирге эле, пайдалануучу жайылтылган контент астына комментарийлерди жазып калтыра алат.Коментарии жана кат жөнөтүүдө, ага сүрөт, ыр, видео жана башкаларды кошуп коё алат. ВКонтактенин интерфейсиде 50дөн ашык тил бар.

ВКонтактенин m.vk.com дарегинде жайгашкан уюлдук телефондорго да версиясы бар. Айрым уюлдук байланыш операторлорунда уюлдук телефон версиясы акысыз - 0.vk.com. Акысыз версиясында видео, ыр жана сүрөт жок.

ВКонтактенин приложениялары ар түрдүү операциондук ситемаларга (iOS,Android,Windows Phone) да ылайыкталып чыгарылган.

Төлөө системасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилиндеги дүйнөлүк желе үчүн 2010-жылдун Чын куран айында Merchant API - электрондук төлөө системасы ачылып,төлөө системасындагы колдонуучунун счёту анын профилине байланган. Счётту толуктоо үчүн көпчүлүк колдонуучулар төлөө терминалдарын пайдаланышкан. 2001-жылдын Теке айынын 14үндө ВКонтактенин гендиректорунун орун басары Илья Перекопский: ВКонтакте төлөө системасынан баш тартарын, жаңы чыккан төлөө системасы жөнүндөгү мыйзамды аткаруу кыйынга турарын айткан.

Требования нового закона «О национальной платёжной системе» накладывают на социальную сеть большое количество обязательств, которые нам исполнять нецелесообразно: создание дополнительных юридических лиц, получение лицензий, отчётности и прочие требования. К этому оказались готовы только те, для кого платёжный бизнес является профильным. Поэтому мы приняли решение закрыть свою платёжную систему -http://ria.ru/economy/20110714/401425424.html

Төлөө системасын жабуу бир нече тепкичте өткөн. Алгач администрация мен каалайм бөлумүнн жабат. Мен каалайм бөлүмүндө колдонуучу өзүнө беллек таңдаса, белекти колдонуучунун достору алып бере алган. Бирок дагы бир айдай тармактын колдонуучулары компаниянын өнөктөштөрү болгон интернет-дүкөндөрдүн товарларын сайттын акчасы менен төлөп турушкан. Андан соң сайттын төлөө системасынан бүт интернет-дүкөндөр өчүрүлөт. Компания билдиргендей төлөө системасын өчүрүү менен сайттын аз эле (1% ден аз) колдонуучуларына ыңгайсыздык жаратарын билдиришкен. Бирок төлөө системасын өчүргөн учурда деле, социалдык тармактын башка кызматтарын төлөө терминалдары жана банк картасынын жардамы менен төлөй алышкан. Ыңгайлуулук үчүн 2001-жылдын Кулжа айында ВКонтактенин администрациясы банк картасын социалдык тармактагы профилине байлап коюу мүмкүнчүлүгүн ачкан. Теке айынын 28инде администрация өзүнүн блогунда, Баш оона айынын 15инде Мен каалайм бөлүмүн жабарын жарыялашкан. Баш оона айынын 30унда сайттагы бүт интернет-дүкөндөрүн өчүрүшкөн. Колдонуучулардын счётунда калган рубльдерди ВКонтактенин акча бирдиги болгон голосторго которушкан.

Ээлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көп убакыттан бери компаниялырынын ээлери тууралу маалымат жок болуп келген. ЕГРЮЛга таянып, 2007-жылдын Үчтүн айынын 19унда катталган ВКонтакте компаниясынын ээлеринин тизмесин: Мирилашвили, Вячеслав Михайлович (60 %) жана ишкер атасы Мирилашвили, Михаил Михайлович (10 %), Павел Дуров (20 %) Леваев, Лев Авнерович (10 %) Ведомости гезити жарыялашкан.

2010-жылдын күз айларында Mail.Ru Group IPOга даярдынып жатканда социалдык тармактын 24,9% бөлүгү Mail.Ru Groupка тиешелүү экендигин белгилуу болгон, жана 7,5% бөлүгүн 112,5 млн долларга сатып алууну каалары, бүт Вконтакте компаниясын 1,5 млрд долларга баалаганы белгилүү болгон. 2011-жылдын Теке айынын 14үндө Mail.Ru Group ВКонтакте компаниясынын 39,99% бөлүгүнө ээлик кыла башташкан.

2011-жылдын Баш оона айындагы JPMorganдын маалыматында ВКонтактенин акционерлери Mail.Ru Group (39,99%), ата-бала Мирилашвиллилер (40%), Павел Дуров (12%) жана Лев Левиев (8%) болушкан. Башка маалымат булактарында ата-бала Мирилашвиллилер 42%, ал эми Лев Левиев 6% бөлүгүн ээлешери көрөтүлгөн.

2011-жылдын Чын куран айынын 17синде Илья Щербович ээлик кылган United Capital Partners инвестициялык фонду Мирилашвили менен Левиевтен компаниянын 48% бөлүгүн сатып алган.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]