Вавилон

Википедия дан

Вавилон (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу «кудай дарбазасы» дегенден) - Байыркы Жакынкы Чыгыштагы ири шаар (биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын экинчи жарымы биздин заманга чейинки 4-кылым). Месопотамияда Евфрат дарыясынын жээгинен орун алган; Вавилондун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) шаарынын жанында. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын башында шаар Вавилон аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, биздин заманга чейинки 1894-1595-жылдарда) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү Хаммурапи (биздин заманга чейинки 1792-50) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, Вавилон дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган. Биздин заманга чейинки 1595-жылы Вавилон хеттер, 1518-жылы каситтер тарабынан басып алынган. Биздин заманга чейинки I миң жылдыктын башында Вавилон Ассирия менен арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан Вавилон Ассирия державасынын курамына кирген. 689-жылы Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн, шаарды талкалоого буйрук берген. 680-жылы Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, Вавилон Жакынкы Чыгыштагы бай жана чоң шаарлардын бирине айланган. Шаардын түндүк-батыш тарабында падышанын Чоң ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу Семирамиданын асма багы жайгашкан. Биздин заманга чейинки 539-жылы Вавилонду Персия падышасы Кир II караткан. 5-кылымдын экинчи жарымында Вавилондо болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эң чоңу гана эмес, эң ажайып көркөмү да»,деп жазган. 331-жылы шаарды Александр Македонский басып алатынча 312-жылы А. Македонскийдин колбашчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн Вавилондон анча алыс эмес жерге курдурган жаңы борбор Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин Вавилон кедеринен кетип, биздин замандын 2-кылымында тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-жылы Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соң, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы Вавилон шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]