Вазелин

Wikipedia дан
Идиштеги вазелин

Вазелин (лат. Vaselinum, Paraffinum unguinosum, Petrolatum) — катуу углеводороддор менен оор нефть майларынын аралашмасынан турган май сымал масса. Медицинада дары майларын жасоодо анын негизин түзөт. Таза вазелин терини жумшартат. Ага 5 пайыздуу бор кислотасын кошуп бордуу Вазелин алынат. Вазелин сезгенүүгө каршы таасирге ээ жана түрдүү дүүлүктүргүчтөрдөн сактайт. 1959-жылы англиялык химик Роберт Чезбро ойлоп тапкан. Башында ал затты "нефть желеси" деп атаган. Анын мындай аталышына сатып алуучулар көнбөй жүргөн. Анан Роберт өзү жасаган вазелинди мындай 2 сөздүн биригүүсүнөн келип чыккандыгын атоону чечкен.Немецче "Wasser"- cуу, жана грекче "elaion" - оливки майы. 1872-жылы АКШ дан өндүрүштү сатууга (патент) документ алган. 1878-жылы сатыкка чыгарган. Азыркы убакта вазелин соода белгисинде (марка) сатылып келет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8