Валентина Шевченко

Википедия дан
Валентина Шевченко
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял

Жарандыгы

 Кыргызстан
 Перу

Чеберчилиги

Таеквондо, Бокс и mixed martial arts

Клубу

Tiger Muay Thai

Төрөлгөн датасы

7 -март 1988(1988-03-07) (36 жаш)

Төрөлгөн жери

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР. (Кыргызстан)

Спорттук карьерасы

2003- азыркы учурда

машыктыруучу

Павел Федотов

Бою

165 см

Салмагы

61 кг, 57 кг

Lua error in mw.text.lua at line 25: bad argument #1 to 'match' (string expected, got nil).

Valentina Shevchenko (fighter)

“Ок” каймана аты менен таанымал Валентина Шевченко күрөш дүйнөсүндөгү титулдарды эң көп мушкер айымдардын бири. Спортчунун жетишкендиктери: UFC’нин жеңил салмактагы чемпиону, муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, кикбоксинг жана К1 боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, ММА (KF-1) боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Валентин таэквондо жана муай тай боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, бокс жана дзюдо боюнча Орусиянын спорт чебери.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Валентина Анатольевна Шевченко 1988-жылы 7-мартта Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында туулган. Ал улуту боюнча орус. Валентин СССРде төрөлгөнүн айтып, өзүн советтик адам деп эсептейт.

Валентина беш жашынан бери эле таэквондо секцияларына бара баштаган, ал Павел Федотовдун кол алдында машыккан. Жылдар өтүп, белгилүү болгондо Валентина машыктыруучусун көрөгөч адам катары баалап, бир топ маектеринде ыраазычылыгын билдирип келет. Валентинанын айтымында, спорттогу бардык ийгиликтеринин артында машыктыруучусу турат. Жаш кезинде Валентина Орусияда жашап, бир нече жыл Москвада машыгып жүргөн. Кийин аны Перуга чакырышканда, эч ойлонбостон макул болгон. Валентинанын айтымында, ал бул өлкөнү бир көргөндө эле сүйүп калган. Перуда кыз-келиндердин мушташы абдан популярдуу, ал эми спортчу кыздар ар дайым маалымат каражаттарынын жана күйөрмандардын көңүл чордонунда жүрүшөт. Валентина Перуну экинчи мекени деп эсептейт.

Валентинанын балалыгы спорт менен гана өткөн: мелдештер, сапарлар, машыгуу лагерлери. Сиңдиси Антонина экөөн спортко алып келгени үчүн Валентина апасына абдан ыраазы. Валентинанын айтымында, балалык чагы кызыктуу, адреналинге бай, эмоцияга толгон, тагыраак айтканда, адамдын мүнөзүн калыптандырган атаандаштык маанайда өткөн. Ошол себептен Валентина күн сайын өзүң менен да, атаандаштарың менен да күрөшүп турушуң керек деген бекем ишеним менен өсүп, өзүндө күчтүү эркти тарбиялай алган.

Валентина мектепте чет тилдерине, тарых, география сабактарына абдан кызыкчу. Ал №57 орто мектепте, Мишко Фреде атындагы №9 УВКда окуган. Валентина билим алган ар бир мектептен жакшы таасир калганын белгилейт.[1]

Болочоктогу чемпион Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук искусство университетин “Кинорежиссер” адистиги боюнча бүтүргөн. Валентина – аталган университеттин ардактуу профессору.

Валентина Шевченконун карьерасы: ММА[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Валентина 2003-жылы ММА’да дебют жасаган. Шевченко эки жолу дүйнө чемпиону болгон – 2003 жана 2005-жылдары, бирок тажрыйбалуу атаандашы Лиз Кармушка утулуп, жеңилүү ызасын тарткан. Валентина 1-раундда утулуп, 2-раундга өтпөй калгандыктан, карьерасында тыным алууга аргасыз болгон. Спортчу кикбоксингге жана муай-тайга өтүп, спорттук Олимптин чокусуна тез эле жеткен. Чемпионатта дагы бир алтын медалды алгандан кийин ал кайрадан рингге кайтып келет. Legacy Fighting чемпионатында техникалык нокаут менен эки жеңишке жетип, элдин оозуна алынгандан кийин Валентина жаңы деңгээлге көтөрүлөт – ага UFCнин эң ири MMA промоушени менен келишим түзүүнү сунушташат.

Валентина Шевченко UFC’де

Ал 2015-жылдын декабрь айында дүйнөдөгү эң мыкты промоушенде дебюттук беттешин өткөрүп, Сары Кауффманга каршы беттеште Жермейн де Рандамьенин ордуна чыгып, калыстардын эки башка чечими менен жеңишке жеткен.

2016-жылдын март айында UFC 196 турниринде Валентина эки категорияда болочок чемпион бразилиялык Амандой Нуньес менен беттешкен. Эки раундда тең утулуп калгандан кийин Шевченко үчүнчү раундда алдыга озуп чыккан, бирок жеңиш үчүн бул жетишсиз болду – үч калыс бир добуштан Нуньестин жеңишин тааныган.[2]

2016-жылдын июль айында Валентина мурдагы чемпион Холли Холмго каршы килемге чыккан. Биринчи раундда утулгандан кийин Шевченко демилгени колго алып, упайлар боюнча үстөмдүк кылып экс-чемпионду жеңип алган.

2017-жылдын январында Шевченко элминаторго Жулианна Пенье менен таймашка чыгып, экинчи раундда сабмишен өткөрүп, аны кынтыксыз токтото алган.[2]

2015-жылдын сентябрында UFC 217 турниринде Валентина жеңил салмактагы титулдук беттешке чыккан. Бул жолу Валентина учурдагы чемпион Аманда Нуньестен реванш алуу максатын көздөгөн. Алар беш раунд өткөрүп, анын жыйынтыгында калыстар жеңишти бразилиялык мушкерге беришкен.

2018-жылдын февралында Шевченко менен промоушендин дебютанты Присцила Качоэйрдин эл оозуна алынган мелдеши болуп, кыргызстандык мушкер атаандашынын “ташталканын чыгарган”. [2]

Валентина 2019-жылдын июнь айында UFC 238 турнирин ийгиликтүү өткөрүп, экинчи раундда америкалык Жессика Айды кик менен нокаутка жиберген.

2019-жылдын августунда Шевченко америкалык Лиз Кармуштан эски жеңилүү ызасы үчүн өчүн алып, калыстардын бир добушу менен жеңишке жеткен.

Валентина 2020-жылдын февраль айында UFC 247 турниринде америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук титулун үчүнчү жолу коргоп калган.

2020-жылдын ноябрында Валентина UFC 255 турниринде бразилиялык Женнифер Маяны жеңип, калыстардын бир добуштан кабыл алган чечими менен төртүнчү жолу титулун коргоп калган.

2021-жылы Валентина эки беттеш өткөргөн. Анын атаандаштары Жессика Андраде жана Лорен Мерфи болгон. Ал “граунд-энд=паундеде” атаандаштарын чыканагы менен талкалаган.[3]


Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку чемпиону.

1.     IFMA боюнча Дүйнө чемпиону, 57 кг, Казакстан, 2003-жыл.

2.     WMF боюнча Дүйнө чемпиону, 57 кг, Таиланд, 2006-жыл.

3.     IFMA боюнча Дүйнө чемпиону, 57 кг, Таиланд, 2006-жыл.

4.     IFMA боюнча Дүйнө чемпиону, 57 кг, Таиланд, 2007-жыл.

5.     IFMA боюнча Дүйнө чемпиону, 57 кг, Түштүк Корея, 2008-жыл.

6.     IFMA боюнча Дүйнө чемпиону, 60 кг, Таиланд, 2009-жыл.

7.     IFMA боюнча Дүйнө чемпиону, 63,5 кг, Таиланд, 2010-жыл.

8.     PRO MUAYTHAI WMC Дүйнө чемпиону, 63 кг, Франция, 2012-жыл.

9.     IFMA боюнча Дүйнө чемпиону, 60 кг, Орусия, Санкт-Петербург, 2012-жыл.

10.  PRO WKL боюнча дүйнө чемпиону, 60 кг. Аргентина, 2013-жыл.

11.  IFMA боюнча Дүйнө чемпиону, 60 кг, Малайзия, Лангкави аралы, 2014-жыл.

Кикбоксинг жана К1 боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону.

1.     K-1 PROWKC боюнча Дүйнө чемпиону, 60 кг, Лима, Перу, 2013-жыл.

2.     К-1 PROWKC боюнча Дүйнө чемпиону, 60 кг, Мексика, 2013-жыл.

3.     WAKO кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону, 56 кг, Италия, 2004-жыл.

ММА боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону.

1.     MMA PRO боюнча Дүйнө чемпиону, 55 кг, Корея Сеул, 2003-жыл.

  1. KF-1 MMA PRO боюнча Дүйнө чемпиону, 57 кг, Корея Сеул, 2005-жыл.

Валентина Шевченко абройлуу “Даңк” ордени менен сыйланган. [4]

13-декабрда Валентина ОшМУга барып, студенттер менен жолугушкан. Спортчу ОшМУнун мааракелик медалы менен сыйланган.[5]

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Апасы – Елена Шевченко, Кыргызстандын муай-тай федерациясынын президенти, таэквондо боюнча кара курдун ээси, тай боксу боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу[6]

Валентинанын сиңдиси Антонина Шевченко да атактуу спортчу, күрөш өнөрү боюнча дүйнө чемпиону. Эки эжени бирдей машыктырган Павел Федотов – Кыргызстандын тай бокс федерациясынын негиздөөчүсү.

Атасы – Анатолий Шевченко Тынч океан флотунда кызмат өтөгөн, жаш кезинде футбол ойночу. [7]

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Валентинанын спорттон тышкары көптөгөн башка хоббилери бар. Алардын бири анын “Ок” аттуу каймана аты менен байланыштуу – Валентина ок атууга абдан кызыгып, атүгүл дүйнөлүк чемпионаттарда байгелерди да алган. 2013-жылы Перуда өткөн тапанчадан ок атуу боюнча мелдештин кезектеги этабында экинчи орунду ээлеп, кийинчерээк карабинден, винчестерден жана тапанчадан мыкты ата алаарын далилдеп, өлкө чемпионатында коло медаль алган на аты менен байланыштуу – Валентина ок атууга абдан кызыгып, атүгүл дүйнөлүк чемпионаттарда байгелерди да алган. 2013-жылы Перуда өткөн тапанчадан ок атуу боюнча мелдештин кезектеги этабында экинчи орунду ээлеп, кийинчерээк карабинден, винчестерден жана тапанчадан мыкты ата алаарын далилдеп, өлкө чемпионатында коло медаль алган.

Валентина Шевченко бий менен да алектенет. Сиңдиси Антонина экөө фламенко жана цыган бийлерин аткарып, социалдык түйүндөрүндө видеолору менен бөлүшүп турушат. Ошондой эле Валентина рингде матч башталганга чейин жана жеңиштен кийин лезгинканы бийлейт, бул анын өзүнө гана таандык өзгөчөлүгү болуп калды. карабинден, винчестерден жана тапанчадан мыкты ата алаарын далилдеп, өлкө чемпионатында коло медаль алган на аты менен байланыштуу – Валентина ок атууга абдан кызыгып, атүгүл дүйнөлүк чемпионаттарда байгелерди да алган. 2013-жылы Перуда өткөн тапанчадан ок атуу боюнча мелдештин кезектеги этабында экинчи орунду ээлеп, кийинчерээк карабинден, винчестерден жана тапанчадан мыкты ата алаарын далилдеп, өлкө чемпионатында коло медаль алган.

2021-жылы Валентина Голливуд кино жылдызы Холли Берри менен бирге “Кордолгон аял” тасмасына тартылып, ММА спортчусунун ролун ойногон. Сюжет боюнча алар рингге атаандаш катары чыгышкан. Холли Берри Шевченкого мыкты машыктыруучу жана кеңешчи катары баасын берген.[8]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.youtube.com/watch?v=tb95bC8yNM4
  2. 2.0 2.1 2.2 https://vringe.com/dossier/88251-valentina-shevchenko.htm
  3. https://www.championat.com/boxing/article-4557469-luchshaya-zhenschina-boec-v-2021-godu-rejting-bojcov-ufc-ot-chitatelej-chempionata.html
  4. https://ru.sputnik.kg/20190408/kyrgyzstan-shevchenko-nagrazhdenie-orden-dank-1043891016.html
  5. https://www.oshsu.kg/public/ru/news/609
  6. https://ru.ufc.com/news/kak-valentina-shevchenko-stala-odnoy-iz-glavnykh-zhenschin-v-istorii-mma
  7. https://limon.kg/ru/news:71696
  8. https://sport.rambler.ru/mma/47646846-chempionka-ufc-valentina-shevchenko-snyalas-s-holli-berri-v-gollivudskom-filme/

Кошумча шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Валентина Шевченконун UFC сайтындагы профайлы