Валерий Брюсов

Wikipedia дан
Брюсовдун жаш кези
Валерий Яковлевичтин 1910-1924-жылдары жашаган үйү.Ал жер азыркы учурда музейге айланган.

Брюсов Валерий (1873–1924) – орус жазуучусу, акын, адабиятчы, сынчы, тарыхчы. Москва университетинин тарых-филология факультетин бүтүргөн (1899). Брюсов символизимден соц. искусствого чейинки татаал жолду басып өткөн. 1894–95-жылдары жарыяланган ырлары француз символисттери П. Верлен, С. Маллармелердин поэзиясынын духунда жазылган. “Шедеверлер” (1895), “Бул – мен” (1897), “Үчүнчү күзөт” (1900) жыйнактарында Брюсовдун өзүнө тиешелүү белгилери даана көрүнө баштаган. Ал революциянын сөзсүз башталарын, анын башка кыймылдаткыч күчү пролетариат боло тургандыгын сезген (“Ичимен таптар”, “Түн”, “Ташчы” ж. б. ырлары). 1905-жылдагы революцияны кубаттаса да, революциянын милдетин анархисттерге түшүнгөн. Реакция жылдарында Брюсев революциянын акыры жеңерине ишенип, чыгармачылык акылды даңазалаган. Октябрь революциясын ал чын ниети менен кабыл алган, бир катар советтик кызматтарды аткарган. Брюсов 1921-жылы Жогорку адабий көркөм институтту уюштурган. Кийинки чыгармалары революцияга, Лениндин өлүмүнө арналган. Брюсов акын, теоретик, драматург, прозачы, тарыхчы, котормочу катары орус адабиятынын өсүшүнө айтарлык кошумча кошкон. Горький аны: “Россиядагы барып турган маданияттуу жазуучу” – деп атаган.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004