Валерий Чкалов

Википедия дан
Валерий Павлович Чкалов‎»‎ барагынан багытталды)

Валерий Павлович Чкалов (1904-1938) - Советтер Союзунун Баатыры, учкуч.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1904-жылы 2-февралда Васильев кыштагында (азыркы Горький областында) туулган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен тартып эле учкуч болууну эңсеп, авиациялык кружокторго катышып, ал жөнүндөгү адабияттарды көп окуган.

Ишмердик чеберчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1919-жылы өз ыктыяры менен Кызыл Армияда кызмат өтөп жүргөндө Нижний Новгород авиация паркында самолёт жыйноочу болуп иштейт.
1921-1924-жылдарда Егоров жана Борисоглебск атындагы авиациялык мектептерде, андан кийин Москвадагы учкучтарды даярдоочу Москва жана Серпухов жогорку мектептеринде окуп жүргөндө алгачкы учушун баштаган. Кийин Кызыл Туулуу истребитель эскадрильясында кызматта жүргөндө чебер учкуч катары таанылган.
1930-жылы Валерий Чкалов баш болгон советтик учкучтар К.Ф.Байдуков жана А.В.Беляковдор АН-25 самолёту менен Москвадан Петропавловск-на-Камчаткеге жана андан ары уударалына чейин учушкан.
1937-жылдын 18-20-июнда ошол эле учкучтар менен Москвадан учуп чыгышып,эч жерге токтобостон Түндүк уюл аркылуу Ванкуверге (АКШ) чейин 8504км.ашык аралыкты 63 саат 16 минутада конбой учуп,алыска учуунун дүйнөлүк рекордун жараткан.

Валерий Чкалов өзү жөнүндө "Кайсы жерде кыйын иш болсо, мен өз ордумду ошол жерден табам. Өз элимдин бактысы жана даңкы жөнүндө сөз болгондо ошол жерден өзумө иш издеймин. Бир гана күрөштө мен өзүмдү жашап жатканымды билем, ансыз мага жашоо жок" - деген. Ал өзүнүн бүткүл өмүрүн советтик аскер авиациясынын тез учуучу жана ийкемдүү самолётко ээ болушуна жумшаган. Абдан акылдуу,ар нерсени алдын-ала болжолдогон. Тик чыгуучу штоптор жана самолёт ала салган абалдан чабуул коюу сыяктуу согуштук татаал учуу фигураларынын ачылышы ага таандык. Адабиятты, искусствону, математиканы жакшы билген; театр классикалык музыкаларды,элдик ырларды өтө жогору баалаган жана сүйгөн.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын эл үчүн иштеген эрдиги жогору бааланып,эки жолу "Ленин" ордени,"Кызыл Туу" ордендери менен сыйланган.1936-жылы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.

Өмүрүнүн акыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

В.П.Чкалов жаңы истребителди сыноо учурунда 1938-жылы 15-декабрда курман болуп,сөөгү Кызыл Аянттагы Кремль дубалына коюлган.

Колдонулган адабияттар Чкалов В.П.//Жаш ленинчи.-1974.-№2.-Б.2.;Чкалов Валерий Павлович//Кыргыз Совет Энциклопедиясы.Т.6.-Ф.,1980.-Б.398, Турмушу эрдик //Сов.Кыргызстан.-1984.-2-февр.;