Ванна

Википедия дан

Ванна— гигиеналык жана дарылооалдын алуу максатында колдонулуучу суу процедураларынын бири. В-га тузсуз суу (жыпар жыттуу жана дары заттарды кошуп же кычкылтек, азот жана башка менен газдап), минералдуу суулар (табигый же жасалма), деңиз суусу, дары баткак, кум пайдаланылат. Дарылоо Ваннасын врач гана дайындайт, ал көбүнчө медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө санаторий-курорттук жана дарылоо-алдын алуу мекемелеринде жүргүзүлөт. Үй шартында негизинен тузсуз (суу өткөргүч түтүктөн) суудан жана айрым дарылык Ваннасын врачтын көрсөтмөлөрүн так аткарып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн көзөмөлүндө жасоо керек.[1]

Чугун ваннасы

Сүлгү же үйлөтүлгөн резина жаздыкты башка жаздап койсо ыңгайлуу болот. Ваннадан кийин денени кургак, жылуу сүлгү же шейшеп менен аарчып, 30 минутадай эс алуу керек. Ваннанын дарылык касиети суунун температурасына жараша болот. Суу менен дене температурасынын айырмасы канчалык чоң болсо, анын таасири ошончолук күчтүү. Муздак (температурасы 20° Сге чейин) жана мелүүн (температурасы 20— 30° С) Ванна организмдин жалпы тонусун көтөрөт, жылуу (температурасы 40—42° С) Ванна тердетет. Ооруга жараша ванна жалпы (дене бүт бойдон сууда болуп, баш, моюн, көкүрөктүн жогорку бөлүгү, жүрөк тушу ачык калат), дененин айрым бөлүгүнө (көбүнчө кол, бутка же белге чейин) берилет. Дененин бир жерине контрасттуу ванна көбүнчө бат - бат суук тийип ооругандарга денесин чыңдоо максатында сунуш кылынат. Ал үчүн бир чакага же дагарага ысык (температурасы 40—42° С), экинчисине муздак (температурасы 10—12° С) суу куят, 10 минутанын ичинде бутту (же колду) улам бир идишке: ысыгына 1 — 2 мин., муздагына 15—20 сек. салат; эң акырында муздак сууга салуу керек.

Кээде табарсыктын катуу кармама жана өнөкөт сезгенүүсүндө, жыныс органдарынын өнөкөт сезгенүүсүндө, геморройдо жана башка ооруларда отуруп ванна алуу сунуш кылынат. Ал үчүн үй шартында чуңкур дагарага керектүү температурадагы сууну куюп, аны отургучка коюп, оорулуу дагарага отурат, жылуу суу толтурулган башка дагарага бутун салат. Жылуу В. 15—20 мин., ысыгы 10—12 мин., мелүүн В. 5—10 минутага созулуу керек. Тузсуз суунун дарылык касиетин күчөтүү үчүн ага дары жана жыпар жыттуу заттар: ийне жалбырактардын экстракты, шалфей, жалган кычы, скипидар, марганец кычкыл калий, крахмал кошулат. Ийне жалбырактуу В. сеп алдыруучу таасирге ээ.

Ваннага отургузуп жонуна суу куюу жана сүргүлөө. Ал үчүн жылуу (35—37° С) сууга ийне жалбырактын экстрактын (200 л сууга суюгунан 100 мл, күкүмүнөн 50—70 г же 1 — 2 таблетка) кошот. В-нын узактыгы 10—15 минутага созулат. Горчица (жалган кычы) ваннасы жогорку дем алуу жолдорунун суук тийгенден болгон ооруларында (жалпы ванна жана бутка), бронх астмасы кармаганда (колго), кан басымы көтөрүлгөндө (бутка) жасалат. Горчица ваннасы тери оорулары менен жабыркаганда жана жытына чыдай албагандарга болбойт. Ванна даярдоо үчүн кургак горчицаны (200 л сууга 100—250 г же бир чака сууга 5—10 г) бир аз сууга чалып, дакиден чыпкалап, сууга куюп, жакшы аралаштыруу керек. Жалпы Ваннанын температурасы 36—38° С, узактыгы 5—7 мин., бутка же колго алуучу Ваннанын температурасы 39—40° С, узактыгы 10—15 мин. Көз менен дем алуу жолдорун дүүлүктүрбөө үчүн ваннанын үстүнө шейшеп жаап коюу керек. Ваннадан кийин денени жылуу суу менен жууп, төшөккө оронуп 30—60 мин. жатуу зарыл.

Япон ваннасы

Япон ваннасы

Балдар температуранын таасирине өзгөчө сезгич келгендиктен, аларга дарылоо ваннасын жасоодо өтө кылдаттык керек. Чоң кишиге караганда жылуу жана ысык В-ларды температурасы 1 — 2° Сге төмөн болууга тийиш; жалпы мелүүн жана муздак В-ларды балдарга жасоого болбойт. Үй шартында балдарга ийне жалбырактуу, марганец кычкыл калий, туз, крахмал, сода, жалган кычы (горчица), ромашка жана ит уйгакты кайнатып кошуп жасаса болот. Марганец кычкыл калийлүү ванна териге дезинфекциялоочу жана кургатуучу таасир берет; аны күн сайын же күн алыс 5—10 минутадан жасайт; Ваннадан кийин таза суу менен чайкануу керек. Бул ваннаны даярдоо үчүн суу мала кызыл түскө келгенче марганец калийдин коюу эритмесинин бир нече тамчысы кошулат. Сууга эч качан кристаллдарды салууга болбойт, алар териге жабышып катуу күйгүзөт. Туздуу ванна (10 л сууга 50 - 100 г деңиз же кайнатма туз) 6 айдан өткөн балдардын итий оорусун дарылоодо колдонулат. Узактыгы 3 — 10 мин., суунун температурасы 36—37° С. Крахмалдуу жана сода ваннасы айрым тери ооруларында дүүлүгүүнү жана кычышууну басуу үчүн колдонулат. Ал үчүн муздак сууга 3 аш кашык крахмал чалып, кайнак суу кошуп, аны чакадагы сууга аралаштырат. Сода ваннасы үчүн бир чака сууга 1 аш кашык сода салуу керек. Ваннанын узактыгы 8 —10 мин., температурасы 36—37° С. Крахмал жана сода Ваннасынан кийин баланын денесин сүлгү менен сүрбөй, кургата аарчуу керек.

Мончодо саякаттоого спорт көнүгүүлөрүн алмаштыра алат, анткени, буу жана суу тазалоочу тамырлар жана поезд адам туруктуулук, өсүшү жана тазартат адам тери тешикчелери болот.[2]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ванна жана башка сантехникалык өзгөчөлүктөрү
  2. Кышында Бат: денеси менен да, жаны үчүн кандай пайдасы бар.. Текшерилген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 6 -август (баш оона) 2020.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8