Ван Ман

Википедия дан

Ван Ман (биздин заманга чейинки 45 — биздин замандын 6.10.23, Чанъань) — Байыркы Кытай мамлекеттик ишмери, 9-жылдан император. Тектүү Ван тукумунан чыккан. Биздин заманга чейинки 8-жылы Ханъ империясынын жогорку төбөлү — «да сы ма» даражасына ээ болгон. 8-жылы сентябрда сарай төңкөрүшүн уюштуруп, өзүн жаңы Синь династиясынын императору деп жарыялаган. Дыйкандарга жер үлүштөрүн бөлүп берүү, жерге болгон жеке менчикти, кулдарды сатуу, сатып алууну жоюу боюнча реформаларды жүргүзүүгө аракет жасаган. Туз, темир, шарап жана башка товарларды сатууга мамлекеттик монополия киргизген. Ван Мандын реформалары калктын ар кайсы катмарларында нааразычылыктарды пайда кылып, көтөрүлүштөргө (эң белгилүүсү «кызыл кашчандар» козголоңу) алып келген. 23-жылы козголоңчулар өлкөнүн борбору Чанъаньды ээлеген, Ван Мандын башы алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]