Варшава

Отурукташкан жай
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Польша
Статус мамлекеттик денгээлдеги шаар
Координаттар 52°13′ с. ш. 21°02′ в. д.HGЯO
Бурмистр Ханна Гронкевич-Вальц
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 517 км²
Борборунун бийиктиги 78-121 м
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тили поляк тили
Калкы 1 726 581 адам (2014-жыл)
Жыштыгы 3317 адам/км²
Агломерация 3 100 000
Улуттук курамы поляктар
Диний курамы католицизм
Этнохороним варшавалык, варшавалыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +48 22
Почта индекси 00-001 - 04-999
Расмий сайты http://www.um.warszawa.pl/
 (пол.)  (англ.)

Варшава (пол. Warszawa) — Польша Республикасынын борбор шаары. Мазовия воеводалыгынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Өлкөнүн башкы саясий, экономикалык, илимий, маданий очогу. Калкы 1,6 млн (2006; агломерациясы менен 2,2 млн). Варшава ойдуңунда, Висла дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Европадагы эң ири жол тоомунун бири, темир жол түйүнү (анын ичинен Рим-Вена-Варшава-Гданьск, Москва-Варшава-Берлин-Лондон, Будапешт-Варшава, 5 темир жол вокзалы бар), 8 шоссе жолу (анын ичинен Москва-Варшава-Берлин автомагистралы) өтөт. Эл аралык Окенче аэропорту, 1995-жылдан метрополитен иштейт.

тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач балыкчылар кыштагы катары пайда болуп, кийинчерээк Варшава деген ат менен соода, кол өнөрчүлүк тургун жайына айланган. 1313-жылдан эскерилет. 1807-14-жылдарда Варшава княздыгынын, 1815-жылдан Польша хандыгынын борбору. Биринчи жана 2-дүйнөлүк согушта Германия аскерлери тарабынан басып алынган. 1918-жылдан Польша Республикасынын борбору,1943-, 1944-жылкы Варшава көтөрүлүшүнүн очогу. 1945-жылы январда Советтер жана польшалык аскерлер тарабынан бошотулган. Шаардын аймагынын ½ бөлүгүн токой, парктар жана суу объектилери ээлейт. Висла дарыясынын бийик сол жээгинде Варшаванын тарыхый очогу жайгашкан. Дубалдуу чептер (14-15-кылым), 15-18-кылымдын турак-жайлары, готика стилиндеги костёлдор, сепилдер, сарайлар сакталган. 17-18-кылымда Краков көчөсүн бойлой курулуштар курулган. 19-кылымдын башынан Варшаванын жаңы борбору түптөлүп, соңку классицизм стилиндеги ансамблдер жана кварталдар курулган. Театр аянтында опера, Банк аянтында мамлекеттик комиссия жана казынанын имараты жана Польша банкы жана башка жайгашкан. 19-кылымдын орто ченинен жаңы кварталдар салына баштаган. Шаар 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде катуу талкаланган. 1946-жылы реконструкция долбоору боюнча Маршалковский көчөсүяүн аймагында жаңы борбор Конституция аянты ансамбли менен жана сарайлар курулган. Борбордук вокзал жана Варшаванын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тпзмесине кирген. А. Мицкевчтин, Ю. Понятовскийдин, Н. Коперниктин, Ф. Шопендин (Лазенко паркында), гетто баатырларынын, Советтик Армиянын аскерлеринин мүрзөсүндө мемориалдык ансамбль, «Варшава баатырлары» (1939-45) эстеликтери бар. Польша Илимдер Академиясы (1952-жылы негизделген), илимий коом, илимий-изилдөө институттарттар борбор, 42 ЖОЖ (анын ичинен12 мамлекеттик),университеттер, католик жана христиан диний академиялары, консерватория, калк жана башка китепканалар, ири музейлер, театрлар, филармония жана башка иштейт. Эл аралык кинофестиваль (1985-жылдан), жыл сайын «Варшава күзү» музыкалык фестивалы, Ф. Шопен атындагы пианисттер конкурсу (1927, 1949-жылдан 5 жылда бир) өткөрүлүп турат. Ошондой эле эл аралык соода, өнөр жай жана башка көргөзмөлөр өткөрүлүүчү жай. Жыл сайын эл аралык китеп ярмаркалары, «Евробилд», «Компьютер-Экспо», «Шоп-Экспо» көргөзмөлөрү (ири көргөзмө комплекстери «Мокотув», «Экспо-21» жана башка), жеңил атлетика, аялдардын теннис боюнча турнирлери өткөрүлөт. 2002-жылы оор атлетика, 2005-жылы Европанын шахмат боюнча жана башка чемпионаттары болгон. В. Польшанын ички дүң продукциясынын 12,8% ын берет. Ишке жарамдуу калкынын 80,5% тейлөө чөйрөсүндө, 13,9% өнөр жайда, 5,6% курулушта эмгектенет. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Калкынын 21% илимий мекемелерде, 20,2% соодада жана калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөдө, 16,9% билим берүүдө, саламаттык сактоодо, 12,1% транспортто, 8,8% финансы-кредит системасынада, 21,0% башка тармактарда эмгектенет. Варшавада өлкөнүн ири банктарынын штаб-квартиралары (анын ичинен Польшанын улуттук банкы), негизги камсыздандыруу коомдору, фпнансы-кредит ишканалары, Варшава баалуу кагаздар биржасы жана башка жайгашкан. Шаарда 26,2 миң өнөр жай ишканасы (2002; шаар айланасындагыны кошкондо 40 миң) иштейт. Өнөр жайынын башкы тармактары: машина куруу, металл иштетүү, химия-фармацевтика, тамак-аш, полиграфия, тигүү. Электр-техникалык, радиоэлектроника жабдуулары («Сименс» концернинин «ЗВУТ» телефон жабдуулары, «АББ» концернинин «ЗВАР» жогорку вольттуу аппаратура заводддору, «РАДВАР» жана «ВАРЕЛЬ» аскердик электроника пшканалары жана башка), так (оптика) жана транспорттук машина куруу («ДЭУ» жеңил автомобиль фпрмасы, экскаваторлор, бульдозёрлор жана башка), жүргүнчү лифтерин чыгаруу жана башка ишканалары иштейт. Тамак-аш (анын ичинен эт, сүт, кондитер, жашылча жана жемиш иштетүү; шарап-арак, ппво кайнатуу) өндүрүү өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]