Введенский, Александр Иванович

Википедия дан

Введенский, Александр Иванович (1856–1925) – орус философу. Канттын идеясын өнүктүрүп, өзүнүн философиялык системасын «Логизм» деп атаган идеалист, психолог, орус неокантчылыктын ири өкүлү. Введенский бир катар чыгармаларында (М: «эч кандай метафизикасыз психология» аттуу эмгегинде) илимий психологияны баяндоо түрүндөгү илим катарында эсептеп, аны интроспекциянын, б. а. өзүнө-өзү байкоо жүргүзүүнүн негизги методу деп караган. Введенский философиялык диспуттарда идеалисттик көз карашты жактап, материализм менен марксизмге каршы болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8