Вегетариандык тамактануу

Википедия дан
вегетариандык тамактануунун бир нече азыктары.

Вегетариандык тамактануу — жаныбарлардан алынган азыктар колдонулбаган, жебеген же аз пайдаланган тамактануу системасы. Анда өсүмдүк же сүт-өсүмдүк тамактары менен азыктанат. Вегетариандык байыркы замандан эле белгилүү болуп, 19-кылымдын экинчи жарымында кеңири таралган. Вегетариандар бир нече топко бөлүнөт. Айрымдары эттин бардык түрү, ошондой эле сүт, жумуртка, мал майы менен азыктанууга тыюу салат. Башка вегетариандар этти гана жебей, сүт, жумуртка, ак май жешет. Алар эт организм клеткаларын ууландыруучу уу заттарды пайда кылып, адамдын өмүрүн кыскартат деп эсептешет.

Тамактануу жөнүндөгү азыркы илим боюнча жаныбар жана өсүмдүк азыктары менен аралаш тамактануу максатка ылайык. Бышырылбаган өсүмдүк азыктарындагы белок жакшы сиңбейт. Ошондуктан вегетариандардын «чийки азыктар белоктун мыкты булагы» деген ойлору туура эмес. Жашылча, жемиштерде витаминдер, органикалык кислота жана минерал заттар көп болгондуктан, аларды чийки бойдон жеген пайдалуу. Бул жагынан вегетариандардын ою туура. Кээ бир жүрөк-кан тамыр ооруларында кыска мөөнөткө Вегетатиандык азыктануу максатка ылайык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8