Диего Веласкес

Википедия дан
Веласкес‎»‎ барагынан багытталды)

Веласкес [чыныгы аты-жөнү – Родригес де Сильва Веласкес Диего] (1599, Севилья – 1660, Мадрид) ― испан живописчиси. Севильяда Ф. Де Эррера Старший менен Ф. Пачекодон (1610–16) таалим алган. Ал жерде 1623-жылга чейин иштеп, элдин турмуш-тиричилигин сүрөттөгөн чыгармалар (“Эртең мененки тамак”, 1617-ж. чен, Ленинград, Эрмитаж) жараткан. В. Караваджонун салтын улантып, фигураларды контрасттуу чагылтууга, натуранын тышкы өзгөчө-лүктөрүн өзүндөй так тартууга кызыккан. В. 1623-ж. Мадридге көчүп барып, король сүрөтчүсү болгон. Королдук сүрөттөр жыйнагы жана италиялык сүрөт искусствосу (асыресе, Тициандын чыгармалары) менен таанышканы, о. эле П. П. Рубенске жолукканы В-тин чеберчилигин арттырган. Буга анын реалдуу турмуштан алынып тартылган “Вакх”, “Вулкандын кузницасы” (1630, Прадо) деген сүрөттөрү мисал. В-тин “Бреданы тапшыруу” деген картинасы европалык тарыхый живопистин негизин түзгөн. В. портреттердин (герцог Оливарес, Хуан Матеос, “Желпингич кармаган айым” ж. б.) да автору. В-тин “Лас Менинас” (1656), “Жип ийирүүчүлөр” (1657) деген айтылуу сүрөттөрү өмүрүнүн акыркы жылдары тартылган. Анын чыг-лык методуна чындыкты бүткүл байлыгы жана карама-каршылыгы менен терең изилдеп, образдуу, чебер чагылдыруу мүнөздүү болгон. В-тен мурас калган чыгармалар XVII кылымдагы испан сүрөт искусствосу менен дүйнөлүк реалисттик искусствонун эң мыкты үлгүлөрүнөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]