Веналык ийрим

Википедия дан

Веналык ийрим – логикалык позитивизм деп аталган кыймылдын уюштуруучусу жана идеялык негизин түзгөн топ.

Веналык ийрим 1922-ж. Вена университетинин алдындагы философия кафедрасында Шлик тарабынан уюштурулган семинардын негизинде пайда болгон. Веналык ийрим бир кыйла «илимий философияны» өнүктүрүүнү көздөгөн жаш илимпоздорду бириктирип, алардын иш аракеттери позитивдик багытка ээ болгон.

Веналык ийримдин ири өкүлдөрү Карнап, Ган жана Нейрат «Илимий дүйнө түшүнүү, «Веналык ийрим» аттуу манифести жарыкка чыгарышкан. 30-жылдарда Австрияны фашисттик Германия басып алгандан кийин ишмердигин токтоткон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]